Түп районунун Тасма айылын ак кар басып айыл мурдагыдан көрктөнө түштү. Айыл тургундары быйыл кардык кечирээк түшкөнүн белгилеп жатышат.
Бакай-Ата районунун Манас көчөсүндө «Кенч» автомектеби ачылды. Окуу жайдын шарттары жана тартиптери тууралуу мектептин мугалими Казакбаев Совкозбек менен маектештик.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин окуучулары ар бир класстык бөлмөлөрдү кооздошту. Максаты — окуучулардын билим алууга болгон шыгын, кол өнөрчүлүк чеберчилигин арттыруу.
Бакай-Ата райондук бийлиги “Сейилбак жана кичи футбол аянчасын” куруу долбоорун тааныштыруу жыйыны болуп өттү. Ага Бакай-Ата жана Наматбек айылдарынын тургундары катышты.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы клиника төрт жыл аралыгында курулган. Аны үч уулу менен бирге салганын айтты клиниканын ээси Жора Жорабаев.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында окуучулардын кышкы эс алуулары кандай өтүп жатканын билип көрүү үчүн айрым окуучуларга суроо узатып көрдүк.
Төлөгөн Садыров Ысык-Көл облусунун Токтоян айылында ар жылы кышкысын тоодо мал багып келет. Быйыл мал мурункуга караганда арзан, ал эми чыгашасы көп болуп жаткандыгын айтат. Садыровдун жашы кыркка жакындап калды. …
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында 8 миң гектардай токой аянты бар. Былтыртан бери көзөмөлгө алынгандан кийин токойду кыюу азайганын айтат айыл өкмөт башчысы. Анда жаңгак бактары менен катар алма, мисте, долоно …
Учурда Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы ортолоп, мектеп окуучулары кышкы эс алууга чыгышты. Kloop.kgнин кабарчылары аймактардагы балдардын бир айга созулган кышкы эс алуусун кантип өткөрөөрүн билип көрүштү. Баткен облусу Шумкар Көк-Талаа …
Нарын облусунун Учкун айылынын 46 жаштагы тургуну Таалай Касымбеков салттуу кыргыз сандыктары үчүн эски DVD-дисктерден жасалгаларды даярдайт. Адистиги архитектор болгон Таалай Касымбеков жогорку окуу жайын аяктагандан кийин кесиби боюнча жумуш …
Сокулук районунун Сарбан айылынын тургуну Фарида Рахманова үйүнөн ар түрдүү кооз фигураларды жасайт. Бул өнөр менен алектенгенине 19 жыл болду.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы айдоочулар унааларын кышка карата даярдабагына сурамжылоонун жыйынтыгында күбө болдук. Көпчүлүгүндө жайкы дөңгөлөктөр кышкысына алмаштырылган эмес.
Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинин окуучулары 31 мектеп арасында өтүлгөн акыл таймашында биринчиликти алышты. Аталган таймаш Түп районунда өтүп, ага Тасманын жети окуучудан турган мектеп курамасы катышты.
Азыр Тасмада эле эмес башка аймактарда да картошка арзан болууда. Мунун себеби Кыргызстан бажыга киргенде теңге түшүп кеткенден улам болуп жатат, дешет айылдагы ишкерлер.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында уйдун эти арзандады. Бир килограмм эттин баасы былтыр 300 сом болсо, учурда 250 сомдон сатылууда.
Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде Жаңы жылдык кече белгиленди. Балаты майрамын 25-декабрда башталгыч класстар ачып беришсе, 29-декабрда 9-11- класстар стол даярдашып, майрамдык маанайда жыйынтыкташты.
Түп районундагы Тасма орто мектебинин 3-6-класстар арасында “Келгиле өз колубуз менен балаты жасайбыз” аттуу сынак болду.
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы жеке ишкерлер Кыргызстандын ЕАЭБге кошулганы аларга бир топ ыңгайлуулуктарды жарткандыгын айтышууда.
Бакай-Ата районунда мектепке чейинки билим берүү «Мээрим» балдар бакчасында жаңы жылга карата балаты майрамдык кечеси өткөрүлдү.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджан Абдурахманов аялдар менен эркектердин ортосунда ушул күнгө чейин талаш маселе жаралбаганын айтты.