Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинде үркүндүн 100 жылдыгына карата тегерек стол болуп өттү. Анда окуучулар дубал гезиттерди даярдап, жазган эмгектерин коргоп беришти.
Быйыл Үркүнгө жүз жыл болот. Кыргыз тарыхынын трагедиялуу жылы жөнүндө берүүбүздү улантабыз.
Жайыл районунун Кара-Суу айылыныдагы жаш акындарыны бири, 11-класстын окуучусу Элдос Таштанов жөнүндө айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты Элдостун өзүнөн алсак.
Коомдо тамекинин зыянын ар бир киши билет. Бирок ошого карабастан тамеки чеккендер көп. Тамекинин зыяндуулугу жөнүндө кененирээк маалыматты айылдын фельдшери Венера Турсуналиевадан алсак.
( сүрөттө А. Халбеков) Сүлүктү шаарынын аймагы боюнча 2016-жылы экономикалык каатчылык болуусу мүмкүн. Бул жагдай өндүрүгөн көмүрдүн баасы кескин төмөндөп кетишинен жана кардарлардын жоктугунан улам пайда болгону бүгүн өткөрүлгөн шаардын …
Ак-Талаа районунун аймагындагы 18 орто мектептин тарбия жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулары үчүн ден соолук комитетинде атайын окуу өттү. Окуу Кыргыз-Швед саламаттыкты сактоо долбоору тарабынан каржыланып, окуучу балдардын ден соолугун …
Баетов айылы Ак-Талаа районунун борбору болуп саналат. Айылда 9 миңге жакын түтүн калк жашайт. Жакында мына ушул айылдын босогосу — кире бериш жолдун эки тарабы жергиликтүү бюджеттин эсебинен заманбап үлгүдөгү …
Ак-Талаа районундагы орто мектептин окуучулары арасында предметтик олимпиада жыйынтыкталды. Ага райондун 18 орто мектептеринин 200гө жакын алдыңкы окуучулары 10 предмет боюнча өз билимдерин сынашты.
Лейлек районунун Андарак айылында жаңы күрөш залы ачылды. Эми балдар үчүн шарт түзүлүп, спорт менен алектене башташты.
Ак-Талаа районунун тургуну Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин биология сабагынын мугалими, көптөгөн сыйлыктардын ээси, билим берүүнүн мыктысы Айна Осмонова жыл жыйынтыгы менен Нарын облусунун “Ардактуу атуул” наамына татыды.
Тасма айылынын кире беришине муз тебүүчү аянча ачылды. Бул жерде бардык тургундар муз тебе алышат.
Түп районуна караштуу Тасма айылында сегиз мектептин катышуусундагы сынак Сопиев мектебинде болду. Мамытов жана Коёнкөзов мектептери сынакта өзгөчөлөнүп, районго жолдомо алышты.
Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө жаштардын көйгөйүн чечүү боюнча семинар болуп өттү. Семинарга Шанкол, Нышанов, Арбын, Байыш орто мектептеринин окуучулары катышышты.
Куу-Майдан айылында көк бөрү оюну болуп өттү. Оюнга тогуз айылдан улакчылар келип, жалпы 300гө жакын улакчы катышты.
Учурда Ак-Талаа аймактык ооруканада жөтөл, тамак оору, дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу мезгилдүү оорулар менен жабыркагандар сааттап дарыгерге көрүнүү үчүн кезекке турушууда. Кезек куткөндөрдүн көбү улгайган адамдар жана жаш балдар.
Баетов айылында жайгашкан Бейшеналиев атындагы орто мектебин быйылкы окуу жылынын бутүшү менен түрткү берүүчү каражаттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүү иштери башталат.
Баетов айыл аймагына жакынкы арада Афган жана Баткен согушунун каармандарына арналган эстелик коюлат. Алгач эстеликтин макети Бишкек шаарынан буйрутма менен жасалып келинген.
Терек-Суу айылында Токтогул районунун акими жана ООСтун, РЭСтин СоцФонддун жана милициянын жетекчилеринин катуушусунда жыйын болуп өттү. Жыйынга Кетмен-Дөбөнүн айыл өкмөт башчысы Саветбек Джээналиев жана Терек-Суу, Чоң-Арык айыл тургундары катышты.
Куу-Майдан айылынын жаштары Алай районундагы Чыйырчык тоо лыжа базасына барып жылгаяк тебип келишти. Ал жерге жалпысынан Куу-Майдан айылынан 33 бала барды.
Жыл сайын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жылдын мыктыларын ардак грамота жана диплом акчалай сыйлыктар менен сыйлайт. Бул даражаны алгандар ак дили менен иштеп Кыргызстанга салым кошкондор.