Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Медиатека

Каз майынын дарылык касиетин билген Жаркын эже

Учкун айылынын тургуну Жаркын Шабданова жана анын жолдошу Амантур Баймурзаев учурда каз, көгүчкөндөрдү бакканга кызыгышат. Көгүчкөн, каздардын пайдасын көргөнү менен жаман жактары да бар дешет алар.    

27 Сентябрь 2016 жыл 16:25

Комуз чапкан оңой өнөр эмес

Бактыгул Акунов Ак-Талаа районунун Баетов айылынын жашоочусу. Бош убактысында кыргыздын улуттук аспабы комуз чабуу менен алектенет.

27 Сентябрь 2016 жыл 15:23

Учкунга биринчи жолу балдар ойноочу батут коюлду

Нарын районуна караштуу Учкун айылына биринчи жолу кичине балдар ойноочу батут коюлду. Ойноо үчүн бир мүнөтүнө бир сомдон алынат. 

27 Сентябрь 2016 жыл 12:02

Куланакка кичи футбол аянтчасы курулат

Бишкек шаарында 19-сентябрь кунү “Куланак ынтымагы” клубу уюштурган марафон болуп өттү. Марафондун максаты — айылга футбол ойной турга аянтчаны куруп берүү.

26 Сентябрь 2016 жыл 23:07

Ооган-Талаа айылына дамба курулуп жатат

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылына таза суу чыгарып берүүчү дамба курулууда. Курулуш иштери 13-сентябрдан бери уланууда.

26 Сентябрь 2016 жыл 21:39

Куланакта карылар күнүнө карата чакан линейка болду

Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде “Карылар үйдүн куту” аттуу 7-б классы уюштурган кече болду. Кечеге мектеп жамааты жана ата энелер катышты.

26 Сентябрь 2016 жыл 20:49

Учкундун музыка мугалими Жумабек агай

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинде музыка сабагынан берген Жумабек агайдын иштегенине быйыл 30 жылдан ашты. Бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн жаш таланттарды даярдап келген.

26 Сентябрь 2016 жыл 20:16

Жаштар каржылык жактан сабаттуу болууга умтулушат

Бүгүнкү күндө ар бир жаш жаран өз алдынча аракет кылып, акча табууга кызыкдар. Көпчүлүк жаш үй-бүлөлөр үчүн турак жайга ээ болуу, билим алуу учун акча төлөө кыйынчылыктарды туудурат. Замандын талабына …

26 Сентябрь 2016 жыл 17:53

Учкун: Манас таануучу Гүлмира Жумагулова бүтүрүүчүлөргө ачык сабак өттү

Гүлмира Жумагулова буга чейин «Манас таануу» интелектуалдык таймашына өзүнүн даярдаган окуучулары менен катышып, республикадан экинчи орунду алууга жетишкен. Өзүнүн манасчылар тууралуу билимин 11-класстын окуучуларына үйрөтүү максатында 26-сентябрь күнү ачык сабак …

26 Сентябрь 2016 жыл 17:16

Барскоон: Жаштардын учурдагы каржы боюнча сабаттуулугу

Алгач эмне үчүн акчаны үнөмдүү пайдалануу керектигин түшүнүү абдан маанилүү. Экономикалык каатчылык учурда акчаны үнөмдөө жана үй бүлөлүк бюджетти ысырап кылбоо ар бир эле адамдын оюуна келет эмеспи. Бирок кантип? …

25 Сентябрь 2016 жыл 20:24

Кызыл-Кыядагы кесиптик лицейде кыргыз тил майрамы белгиленди

Кыргыз тилинин 27 жылдык майрамынын жүрүшүндө кесиптик лицейдин директору Буусара Жалалова мекеменин эмгек жамаатын жана окуучуларын куттуктап өттү.

25 Сентябрь 2016 жыл 17:21

Т.Айбашев орто мектепттин китеп канасынын абалы начар.

Бул китеп кана курулганына коп жылдар болгон китеп жетиштуу эле бирок китеп кана начар. Айыл окмот депутаттар жаныдан салып беребиз деп айтышкан бирок эч кандай жардам жок.

25 Сентябрь 2016 жыл 16:28

Учкун: Бала кезинен бери айкелчилик менен алектенген окуучу

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 10-классынын окуучусу Азиз Таалайбеков кичине кезинен бери айкелчиликке кызыгып, азыркыга чейин ал өнөрүн аркалап келет. Ал ар кандай жаныбарлардын жана адамдардын тулку боюн чопо …

24 Сентябрь 2016 жыл 18:40

Куу-Майданда тил майрамына карата класстар аралык сынак болду

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде тил майрамына карата класстар аралык сынак болду. Ага 8-9-10-11-класстары катышышты.

24 Сентябрь 2016 жыл 12:57

Мыктынын мыктысы аныкталды

23-сентябрь тил майрамына карата “Манас” орто мектебинде окуучулар арасында “Улуттун улуулугун сактаган Эне-тил” аттуу конкурс болуп өттү. Анда биринчи орунду 5-а класс утуп алды.

23 Сентябрь 2016 жыл 23:16

Баетовдо көчө китепканасы ачылды

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы маданият үйүнүн алдында ачык асман алдындагы көчө китепканасы ачылды.

23 Сентябрь 2016 жыл 22:42

Тасмада тил күнүнө карата иш-чара болуп өттү

23-сентябрь өлкө боюнча тил күнү деп белгиленет. Ошол себептен бүгүн Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде мектеп окуучулары тарабынан чакан салтанат өтүлдү.

23 Сентябрь 2016 жыл 21:08

Андаракта кыргыз тил майрамы өттү

Кыргыз тил күнүнө 27 жыл толду. Эне тил майрамы Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас орто мектебинде да өзгөчө белгиленди.

23 Сентябрь 2016 жыл 17:23

Быйылкы окуу жылында Манас мектебинде тартип өзгөчө

Лейлек районунун Манас атындагы орто мектебинде быйыл тартип өзгөчө болууда. Ага ылайык, мектеп формасынан тартып, мектепте жүрүү эрежелери да катуу каралууда.

23 Сентябрь 2016 жыл 16:20

Учкун айылындагы Бактыгүл эженин эмгектери

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын мектебинде эмгек сабагынан берген Бактыгүл эже окуучуларга ар түрдүү буюмдардын жасалышын үйрөтүп келет. Ал Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде эмгектенип келгенине 57 жылдын жүзү болду.

23 Сентябрь 2016 жыл 12:44

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...