Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы мектепти 2003-жылы бүтүргөн тургундары 10 жылдык майрамдык кечеден баш тартышкан. Анын ордуна айылдашынын эскилиги жеткен үйүнүн жанына жаңы там салып берүүнү чечишкен. Канай Эшенкулов Кыргызстан айылындагы …
Түп районундагы Тасма айылынын тургуну Гүлзат Чекирова үйдө жөн олтурбастан токуу иштери менен алек. Ал баш кийим, жакет жана кичине балдар үчүн жиптен кийимдерди токуйт.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы мектептин айланасын тазалоо иштери жүрдү. Ишембиликке 2-класстан 11-класска чейин окуучулар катышты.
Көк-Алма айылындагы мечиттин абалы начар болгондуктан жаңы мечит курулду. Жаңы мечит курулгандан бери мечитке келген жамааттын саны көбөйүүдө.
Айылга кар жаап, жолдор ылай, суу. Ооган-Талаанын тургуну Марат Токтобаевдин айтымында бул маселени чечүү үчүн долбоор жазылып жатат.
Ооган-Талаа айылындагы Далбаев орто мектебинде музыкант Рахат Аматова 2015-жылдан бери иштеп келет. Талантуу эжеке комуз, аккордеон, пианино, ооз комуз, ямахада ойной алат.
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы №17 мектепке АРИС программасынын жардамы менен спорттук зал курулду. Эми окуучулар спорттук оюндарды залда өткөрүүдө.
Ноокат районундагы Куу-Майдан айылынын тургуну Абжапарова Чынаргүлгө өлкөнүн ар тарабынан эмдөөдөн өтүү үчүн келишет. Бул эмдөө урук уулочу болуп, ага таенесинен өткөн.
Бакай-Ата районуна караштуу Наматбек айылындагы Жанчаров орто мектебинин ашканасы жаңыланды. Жаңыланган ашканага жалпы мектеп окуучулары жана мугалимдери кубанышып, ыраазычылыгын билдирүүдө.
Учурда «бала белде, катын жолдо» деп жарандык никеде жашап жаткан жаштарыбыз көбөйгөнү чындык. Жарандык никенин кимге кандай пайдасы жана зыяны бар?
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Тасма айылында клуб курулган эмес. Мурда клуб болгон менен ал 1979-жылдагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген да, кийин кайра курулган эмес.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы көчөлөрдө таштандылар көбөйүүдө. Тургундар таштандылырдын адамдарга жана жаратылышка зыян келтирип жатканын билдиришүүдө.
Бакай-Ата районуна караштуу Наматбек айылында мектепке чейинки билим берүүчү бала бакчасы жок. Айыл тургундары бала бакча жоктугуна байланыштуу көп кыйынчылыктар болуп жатканын билдирүүдө.
Барскоон айылында уйлар арасында жүрүп жаткан шарп оорусуна жана бруцеллез оорусуна каршы кан алынып эмдөө жүрүп жаткан убагы. Уйлардан алынган кандар райондук жана областык лабораторияга жеткирилип, жыйынтыгы кайра айыл тургундарына …
Нарын районунун Куланак айылында 22-октябрда мектеп бүтүрүүчулөрүнө кесипти туура тандоо боюнча мастер класс өтүлдү. Бул тренингди Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоцаициясы уюштуруп берген. Ал эми финансылык колдоо «Немец толкуну» академиясы …
Айылда бала бакча, мектеп, оорукана жана айыл өкмөтүнүн кышкыга болгон даярдыктарына собол.
Ден соолук өмүр булагы жана биринчи байлык,ал эми тазалык аркылуу ден соолугубузду бекемдей алат экенбиз.
Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 3-класстын окуучулары жана ата-энелери арасында окуучулардын китеп окууга кызыктыруу, ой-жүгүртүүсүн өстүрүү, дүйнө таанымын кеңейтүү максатында “Бирге окуйбуз” сынагы өттү.
Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-11-классынын окуучулары кесипке багыт берүү боюнча атайын окуудан өтүштү.
Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинин мугалимдеринин айлык акысы жогорулады. Башталгыч класстардын мугалимдеринин айлыгы 80 пайызга жогоруласа, жогорку класс мугалимдерине болсо 25 пайызга жогорулаган.