Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Сүрөт

Баетов айыл аймагында жаңы техника ойлоп табылды

Айыл тургуну Иманкулов Шайырбек жоголуп бара жаткан каз таман тракторун желим дөңгөлөктүү тракторго айландырды.

29 Сентябрь 2014 жыл 1:32

Арбын айылынын тургундары арыктан суу ичүүгө муктаж

Совет бийлиги кулагандан тарта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Арбын айылында таза суу берүү токтотулган. Бул айылда суу  түтүктөрү жарактан чыгып, аларды оңдоо иштерине акча каражаты тартыш болсо, кээ бир …

28 Сентябрь 2014 жыл 12:08

Арбында жүгөрү оруп-жыйноо кызуу жүрүүдө

Арбын айылынын тургундарынын басымдуу бөлүгү башка өсүмдүктөр менен катар жүгөрүнү көп өстүрүшөт. Көбүнчө жүгөрү малдарга тоют катарында колдонулат. Кээ бир дыйкандар көп өстүрүп, сатып пайда көрүшсө кээ бирлери малдарына кыш …

28 Сентябрь 2014 жыл 11:35

Куу-Майдан айылында «Кеңеш нуру» мультимедиа борбору ачылды

Куу Майдан айылы Ноокат районуна караштуу Кеңеш айылдык округунда жайгашкан. Айылдын калкынын саны 4000 ден ашуун. Райондун аймагында  массалык маалымат каражаттары жокко эсе, бир гана “Ноокат таңы”  гезити жумасына бир …

28 Сентябрь 2014 жыл 11:17

Кызыл-Булак айылында жол оңдолду

IMG_2064

Ушул убакка чейин айылдагы жолдордун сапаты начар болгон. Учурда жолдор оңдолуп бүттү. Былтыр Кулатов айыл өкмөтүндө сегиз жарым километрге тендер өткөрүлүп, быйыл ал оңдолуп аягына чыгарылды.

Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаровдун билдиришинче, Оштогу «Ак Алтын» фирмасы тендерди утуп алып, баасы 33 миллиондон ашуун акчага жолду асфальттаган.

<img src=

28 Сентябрь 2014 жыл 8:44

Кызыл-Булакта маданият үйү оңдолду

20140927_111824

Маданият үйү Жал совхозунда 1974-жылы курулган. 1988-жылы Кулатов совхозунун маданият үйү болуп калган. Ал эми 2009-жылы маданият үйү Кулатов айылдык кеңешинин сессиясында каралып, ага Жолдошали Амиралиевдин ысымы коюлган.

Маданият үйүнүн бөлүм башчысы Саадат Макышованын билдиришинче, бул үйдүн бул күнгө чейинки абалы өтө начар болгон.

<img class="alignnone size-full wp-ima

27 Сентябрь 2014 жыл 12:40

Тил майрамына карата Үч-коргондогу мектептер ортосунда фестиваль болуп өттү

20140923_133554

Иш чарага Үч-коргон айылынын тажик жана орус тилдүү орто мектептеринин окуучулары катышты. Алар кыргыз тили боюнча ар кандай таймаштарга катышып, билимин сынашты.

Фестиваль айылдагы Пушкин орто мектебинде болду. Азиза Садиржанова аталган мектептин тарбиялык иштер боюнча организатор завучу. Бул фестиваль кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун алгандыгына карата өткөрүлүп, мында ар кандай ма

27 Сентябрь 2014 жыл 12:40

Кызыл-Булакта кечкисин жарыктандыруу ишке кирди

IMG_2084

Кулатов айыл аймагынын борбору Кызыл-Булактын борбордук көчөсү эми кеч киргенде жарык болуп турат. Жарыктандыруу системасы кечээ 26-сентябрда ишке киргизилди.

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров бул айыл тургундарынын коопсуздугу үчүн орнотулган.

<img src="http://kyzylbulak.kloop.kg/files/2014/09/IMG_2071.jpg" alt="IMG_2071" width="1024" height="683" class="alignnone s

27 Сентябрь 2014 жыл 12:40

Токтоянда унаа ичинде мончо салынды

Айылыбыздын тургуну  Эрнис Ыманов маршрут авто унаасынын ичине эки кишилик мончо жасаган. Ал мончо айыл элине кызмат кылууда.

25 Сентябрь 2014 жыл 17:40

Токтоянда окуучулар күндө эртең менен кара жорго бийин бийлешүүдө

А.Кенкөзов атындагы орто мектепте эртең мененкисин окуучулар физкультура жана кара жорго бийин бийлешүүдө.

23 Сентябрь 2014 жыл 8:13

Баетовдо кароосуз калган бассейн кайра оңдолууда

Айылдын Түндүк тарабында мурда иштетилип, бирок бүгүнкү күндө пайдаланылбай турган бассейн жайкысын элдер сууга түшүүчү бассейн жана кышкысын муз тебүүчү жай катары кайрадан жасалууда.

22 Сентябрь 2014 жыл 12:57

Баетов айыл аймагында карасан оорусу күч алууда

Бүгүнкү күндө Баетов айыл аймагында бодо малдын карасан оорусу көп кездешип жатат. Ушул оорудан улам жашоочулар баккан малдарынан кол жууп калышууда.

19 Сентябрь 2014 жыл 15:58

Баетов айылындагы таштанды чуңкуру, элге зыян алып келүүдө

Айылыбыздын күн батыш тарабында эбегейсиз зор чуңкурга, таштанды төгүлүп-чачылып жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Таштандыны ташып сыртка чыгаруунун ордуна, айылдын бардык жашоочулары ушул жерге алып келип төгүшөт.

19 Сентябрь 2014 жыл 13:23

Токтояндын жаңы конушу таза суу менен камсыздалды

Айылдагы конуш эли мурда сууну жер алдынан алып кыйналган болсо, эми азыр ыңгайлуу шартта суу чоргосунан ала башташты

18 Сентябрь 2014 жыл 17:43

Учкундун көйгөйү болгон көпүрө оңдолду

Көпүрөнү оңдоо үчүн өкмөттөн 13 миң сом каражат бөлүнгөн. Аны оңдоого айыл тургундары Төрөгелди Баялиев жана Жеңишбек Шүгүралиев жардам берген.

17 Сентябрь 2014 жыл 22:26

Учкундагы сейил бакта дарактар сугарылбай кургап баратат

Абдылбаев Жумагул агай конушунда быйыл 500 түп тал жана 500 түп терек айдалган эле. Учурда алардын тең жарымы куурап калган.

17 Сентябрь 2014 жыл 22:12

Учкунда англис тилин өздөштүргүсү келген балдарга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Эми учкундук окуучулардын англис тилин үйрөнүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Анткени Американын Массачусетс штатынан Дениел Джел аттуу англис тили мугалими айылда эмгектенмекчи.

17 Сентябрь 2014 жыл 22:00

Куланак: Жаңы окуу жылына мектеп кандай жетишсиздик жана ийгиликтер менен кирди?

Куланактагы Аралбаев орто мектеби жаңы 2014-2015-окуу жылына кандай кемчилдиктер жана артыкчылыктар менен киргенин билүү үчүн анын директорун сөзгө тарттык.

17 Сентябрь 2014 жыл 21:00

Куланакта кургакчылыктан улам оруп-жыйноо кеч башталды

Нарын районуна караштуу Куланак айылында быйылкы жыл кургакчыл болгон. Ошентсе да кеч башталган оруп-жыйноо иштерине тургундар кызуу киришүүдө.

17 Сентябрь 2014 жыл 20:32

Кулатов жергесинде «Ыкчам келинчек» аттуу сынак болуп өттү

Кулатов жергесинде «Ыкчам  келинчек» аттуу тандоо болуп өттү. Анда айыл аймагына кирген жети айылдан жети келин таймашты.

3 Сентябрь 2014 жыл 1:44

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...