Нарын райондук предметтер аралык олимпиада 2017-жылдын 25- декабрында Жергетал айылынын Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Жалпысынан 32 мектеп катышышты. Алардын ичинен татыктуулары орундарга ээ болушту.
Кара- Талаа айылында «Атанын тагдыры» спектакли жакынкы арада коюлушу күтүлүүдө. Бул спектакль драмалык ийримдин жетекчиси Алтынкүл Молдосанова тарабынан сунушталып, аткаруу милдети 7-класстын окуучуларына милдеттендирилген.
Тоң районунунда изделип жаткан 13 жаштагы Сыймык Акылбек уулу , 21 декабрда Балыкчы шаарында табылды. Бул тууралуу РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, Сыймык саат 17:00 чамасында табылып милиция кызматкерлери аны ата …
Ар бир мезгилдин өзүнүн кооздугу жана керемети бар. Жайкы мезгил жылуулугу, жаз мезгили кооздугу, күз мезгили ар бир жемиштин мөлтүр таза суудай бышып турганы менен бизге жакса, ал эми кыш …
Албетте азыркы учурда оорулардын саны арбын, алардын арасынан сасык тумоо оорусу айрыкча кышкы учурларда көптөгөн адамдарда кезигет. Бирок азыркы учурда алдын алуу , сактануу үчүн көптөгөн ыкмалар бар эмеспи. Антсе …
Сокулук районундагы Жал айылынын Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинде аяз атанын жардамчылары окуучулардын кыялдарын орундатып, белектерди тапшырышты. Мындай иш чара мектепте биринчи жолу болуп өттү.
Тогуз- Торо районунун Сары- Булуң айылында 2017-жылдын 31-декабрында жаңы жылдык кече болуп өттү.
https://www.playbuzz.com/gulkaiyra10/1-1-2018-3-02-19-pm
Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы “Ак кептер” жамааттык мультимедиа борбору өтүп бара жаткан 2017-жылды жыйынтыктады.
Жайыл районунун Ставропол айылында АРИСтин катышуусу менен 2017-жылы жаңы фельдшерлик акушерлик жайдын (ФАП) имараты курулган. Мурда ФАП айыл өкмөтүнүн имаратынын ичинде болуп, медайымдын иштешине жана оорулууларга бир топ ыңгайсыздык жаратып …
Талас шаарындагы жаштардын курамынан түзүлгөн «Айкөл» уюум “Бий сахнасынын хандары” аттуу сынак жарыялашып, учурда финалы өтүп жатат.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде окуучулар арасында предметтик олимпиаданын 2-туру өтүүдө. Ага өрөөндөрдө өткөрүлгөн олимпиаданын 1-турунан алдыңкы орунду жеңип алган 120 окуучу катышууда.
Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ 12-декабрда баскетбол боюнча оюн ѳттү. Анда өрөөндөгү эки мектепти окуучулары таймашты.
Талас шаарына караштуу Бекмолдо айылынын тугуну Азамат Султанбек уулуна бөйрөгүн алмаштыруу үчүн 2 млн сом керек. Ага Түркияда операция жасалаары күтүлүп жатат.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында 17-ноябрь күнү этнофестиваль болуп өттү. Бул фестивалга памирлик кыргыздар да катышышты.
Ак-Талаа районундагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин “Аян” командасы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине карата өткөн “Манас таануу” интеллектуалдык таймашында 3-орунду алды. Таймашка Ысык-Көл жана Нарын облустарынан жалпы 15 команда …
Ак-Талаа районуна караштуу Баевтов айылындагы Бейшеналиев орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата жаш мугалимдер арасында “Билерман ордо” мелдеши өттү.
Сүлүктү шаарындагы №9 мектеп гимназиясында окуу менен тарбия процессин айкалыштырган окутуунун өзгөчө ыкмасын колдонуу жакшы натыйжасын бере баштады.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Ардактуу уулу кыргыздын, даңктайлы бүгүн Чыңгызын” аттуу иш-чаралар уюштурулду.
4-декабрь — “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун “Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине” кирген күн. Бул күнгө байланыштуу Сокулук районундагы Жал айылында “Манас” күнү белгиленди.