Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жаңылыктар

“Соң-Көл” айылдык кеңешинин депутаттары мандаттарын алып, төрага шайланды

Кочкор районунун Төлөк айылында «Соӊ-Көл»  Айылдык Кеңештин алгачкы отуруму болуп,  алгач ирет кеӊештин төрагасын жабык түрүндө шайлашты.

20 Май 2021 жыл 21:02

«Бир адамдан бир китеп» акциясы Чоң-Арык айылында да өттү

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү. Акцияны айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Токтогул райондук китепкана башчылары жана айыл тургундары колдоого алышып жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

19 Май 2021 жыл 11:11

Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгына карата иш-чара өттү

Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде Жусуп Абдрахмановдун 120-жылдык мааракесине арналган иш-чара болду.  Иш-чарага лицейдин жалпы окуучулары катышты. Анын өмүр жолу, коомдогу ээлеген орду тууралуу  студенттерге кеңири маалымат берилип, мугалимдер тарабынан …

19 Май 2021 жыл 10:14

Кара-Суу айылындагы китепканага ардагер мугалимдин ысымы берилди

Нарын областынын Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы китепкананага Келдибек Эсенбаевдин ысымы ыйгарылды. Китепкана жаңы китептер менен толукталып, китеп сүйүүчүлөргө жаңы мүмкүнчүлүк ачылды.

18 Май 2021 жыл 15:38

Жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө

Мекенибизде жазгы талаа иштеринин күчөп турган мезгили. Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында дагы жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат.

18 Май 2021 жыл 15:35

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы шайланды

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагында 2021-жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жыйынтыгында 62 талапкер шайлоого аттанып, 21 депутат шайланган. Алардын ичинен 8 депутат аялдардан болду.

15 Май 2021 жыл 10:06

«Соң-Көл» орто мектебинде «Окуу керемет» долбоору старт алды

Кочкор районун Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде USAID программасынын негизинде  уюштурулган «Окуу керемет» долбоору 1-4-класстардын арасында өткөрүлө баштады. Бул долбоор окуучуларды китеп окууга шыктандырып жатса, мугалимдер жаңы стратегиялар менен иштөөгө …

14 Май 2021 жыл 16:22

“Баткенге жардам” аттуу акция өткөрүлдү

Кочкор районундагы “Кочкор кайрымдуулук коомдук бирикмесинин” жетекчиси Эстен Тойтоев “Баткенге жардам” аттуу акцияны демилгелеп, уюштуруу иштерин жүргүздү.

13 Май 2021 жыл 13:42

Күнүнө Кочкор айылынан 27 тонна таштанды чыгарылат

2021-жылдын февраль айынан тарта Алмазбек Аситов “Кочкор Тазалык” ишканасынын директорлук ишин аткарып баштаган.

13 Май 2021 жыл 13:27

Казан-Куйган айылында эпидемиологиялык абал туруктуу

Казан-Куйган айыл аймагында учурда эпидемиологиялык абал туруктуу болууда. Азырынча коронавирус жуктуруп алгандар жок болгондуктан, мектептерде окуу процесси токтотулган жок.

12 Май 2021 жыл 17:57

Ача-Кайыңды айыл өкмөтүндө 10 карагай отургузулду

Ача-Кайыңды айыл өкмөтүндө жашылдандыруу иш- чарасы боюнча 10 карагай отургузулду.

10 Май 2021 жыл 13:36

Жаңы-Жер: Бала бакчада “9-май Жеңиш күнү” өткөрүлдү

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан “Мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси” болгон “Алтын Уя” бала бакчасы 9-Май Улуу Жеңиш күнүнө карата иш чара өткөрдү.

10 Май 2021 жыл 12:12

Ооган-Талаа: Айылда СOVID-19 катталган жок

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагындагы айылдарда СOVID-19 учурда катталган эмес.

9 Май 2021 жыл 23:40

Жаңы-Жер айылында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата иш- чара өттү

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында 9-май Улуу Жеңиш күнү белгиленди. Бул иш-чара Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы тарабынан уюштурулуп, Дүйшөнкул Шопоков атындагы жеңиш паркында болуп өттү. 

9 Май 2021 жыл 23:15

Жаңы-Жер: Кесиптик лицейден мекендештерге жардам топтолууда

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 Кесиптик лицейдин жалпы жамааты Баткендеги тажик-кыргыз чек арасындагы окуяда жабыркаган мекендештерге жардам катары бир күндүк айлык маяналарын которушту.

7 Май 2021 жыл 20:08

Жергиликтүү кеңештерге жаш депутаттар шайланды

11-апрель Референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Оттук жана Казан-Куйган айылдарынын тургундары активдүү катышышты. Айылдагы шайлоонун жыйынтыгында көпчүлүгү жаштар шайланды. Шайлоо тууралуу УШКнын төрагасы Курманбек Асеков төмөндөгүдөй билдирди.

6 Май 2021 жыл 15:48

Барскоондо Covid-19 илдети боюнча абал тынч

Кыргызстанда Covid-19 илдетин жуктуруп алгандар күндѳн-күнгѳ күч алууда. Алардын арасынан каза болгондор жана айыгып кеткендер да бар. Жети-Ѳгүз районуна караштуу Барскоон айыл аймагында бүгүнкү күндѳ Covid-19 илдетине чалдыккан эки адам …

5 Май 2021 жыл 12:40

Учурда Тасмада эпидемиологиялык абал туруктуу

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында 2021- жылдын башында Короновирус инфекциясы эки адамдан аныкталган. Алар дарыланып, айыгышкан. Учурда ооругандардын саны жокко эссе.

5 Май 2021 жыл 12:36

Төлөк айылына 40 балаты алынып келди

Төлөк айылына атайын Токмок шаарынан балатылар алынып келинди. Балатылар айылдык мекемелерге таркатылды.

4 Май 2021 жыл 14:46

Жаны-Жерде капусталар таштандыга төгүлүүдө

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында капуста өстүргөн дыйкандар чыгым тартууда. Быйылкы жылы коңшу өлкөлөрдөн капуста алуучу кардарлар аз келишкендиктен, капустанын баасы өткөн жылга салыштырмалуу өтө эле арзан болду. Бирок капустаны пайдалуу …

4 Май 2021 жыл 10:13

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...