Ак-Талаа районунун 12 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо 8-июнда башталат. Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын Ак-Талаа райондук өкүлчүлүгү билдирген маалыматка таянсак, 12 айылда айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өткөрүлгөн.
Жакында Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын жашоочулары Баткен-Тажик кагылышуусунда жабыркаган үй-бүлөлөргө 60 миң сом акчалай жардам беришкен.
Ак-Талаа раонундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайын айылынын 20жылдык бүтүрүүчүлөрү демөөрчүлүк кылышып, Турдалы Жамакеев (Ак койчу) көчөсүнө 20 көчө чырак коюп беришти.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин 2 окуучусу Нарын облусунда уюшулган Билим кербенинде алдыңкы орундарды алып, бир катар сыйлыктарга ээ болушту.
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрү айылдагы жаш балдар үчүн атайын чакан оюн-зоок аянтчасын куруп, ачылыш аземин өткөрүштү.
Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайын айылындагы Узакбай атындагы сейил бакта балдар үчүн оюн аянты ачылды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчылары — облустардагы райондордун акимдери дайындалды жана бошотулду.
Кочкор районунун Төлөк айылында «Соӊ-Көл» Айылдык Кеңештин алгачкы отуруму болуп, алгач ирет кеӊештин төрагасын жабык түрүндө шайлашты.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү. Акцияны айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Токтогул райондук китепкана башчылары жана айыл тургундары колдоого алышып жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде Жусуп Абдрахмановдун 120-жылдык мааракесине арналган иш-чара болду. Иш-чарага лицейдин жалпы окуучулары катышты. Анын өмүр жолу, коомдогу ээлеген орду тууралуу студенттерге кеңири маалымат берилип, мугалимдер тарабынан …
Нарын областынын Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы китепкананага Келдибек Эсенбаевдин ысымы ыйгарылды. Китепкана жаңы китептер менен толукталып, китеп сүйүүчүлөргө жаңы мүмкүнчүлүк ачылды.
Мекенибизде жазгы талаа иштеринин күчөп турган мезгили. Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында дагы жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат.
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагында 2021-жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жыйынтыгында 62 талапкер шайлоого аттанып, 21 депутат шайланган. Алардын ичинен 8 депутат аялдардан болду.
Кочкор районун Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде USAID программасынын негизинде уюштурулган «Окуу керемет» долбоору 1-4-класстардын арасында өткөрүлө баштады. Бул долбоор окуучуларды китеп окууга шыктандырып жатса, мугалимдер жаңы стратегиялар менен иштөөгө …
Кочкор районундагы “Кочкор кайрымдуулук коомдук бирикмесинин” жетекчиси Эстен Тойтоев “Баткенге жардам” аттуу акцияны демилгелеп, уюштуруу иштерин жүргүздү.
2021-жылдын февраль айынан тарта Алмазбек Аситов “Кочкор Тазалык” ишканасынын директорлук ишин аткарып баштаган.
Казан-Куйган айыл аймагында учурда эпидемиологиялык абал туруктуу болууда. Азырынча коронавирус жуктуруп алгандар жок болгондуктан, мектептерде окуу процесси токтотулган жок.
Ача-Кайыңды айыл өкмөтүндө жашылдандыруу иш- чарасы боюнча 10 карагай отургузулду.
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан “Мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси” болгон “Алтын Уя” бала бакчасы 9-Май Улуу Жеңиш күнүнө карата иш чара өткөрдү.
Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагындагы айылдарда СOVID-19 учурда катталган эмес.