Надырбек Абдразаков Жал бала бакчасында иштейт. Ал бакчанын тегерегин кооздогону үчүн акча албайт.
Жал айылында 2015-жылдын октябрь айларынан баштап сарык оорусуна чалдыккандардын бир нечеси катталган. Алынган маалыматтарга караганда, ондон ашык бала ооруга кабылган.
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы “Мээрим” бала-бакчасында көптөн бери көйгөй жаратып келген таза суу маселеси чечилди. Бул жергиликтүү бийликтин жана “Суу өмүр булагы» долбоорунун негизинде ишке ашты.
Ноокат районундагы Тургунбай Садыков атындагы академиянын алдында түзүлгөн Көркөм сүрөт мектеп интернатынын жатаканасы 18-ноябрда ишке берилди.
Ак-Талаа районунда 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү белгиленип, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында «Terek-Suu Revolution» деп аталган интернет-клуб ачылды. Балдарга жаңы оюн залы кызык болгону менен ата-энелер каршы болууда.
Ысык-Көл облустунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинин терезесинин абалы учурда канаттандырарлык эмес. Кыш келгенде жылуулоо иштери жүрөт, бирок ага карабастан мектеп муздак бойдон калууда.
Акыркы мезгилде анемия дарты менен ооругандардын саны күн санап көбөйүүдө. Бул ооруу адамдардын организмине керектүү азык-заттардын жетишсиздиги жана адамдардын туура эмес тамактануусунун негизинде келип чыгат.
Учурда Кыргызстан аймагында жер титирөөлөр болуп жатканына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы Сопиев атындагы мектебинде окуучулары жер титирөөгө байланыштуу иш чара болуп өттү. Бул иш чара жыл сайын, кээде ай …
Нарын районунун Эчки-Башы айылына 10 командадан түзүлгөн грек-рим күрөшү боюнча беттеште Куланак айылынын жаштары командалык биринчиликти багындырып келишти. Райондук беттеш 14-ноябрда болуп өттү.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы мектептин айланасын тазалоо иштери жүрдү. Ишембиликке 2-класстан 11-класска чейин окуучулар катышты.
Бакай-Ата районуна караштуу Наматбек айылындагы Жанчаров орто мектебинин ашканасы жаңыланды. Жаңыланган ашканага жалпы мектеп окуучулары жана мугалимдери кубанышып, ыраазычылыгын билдирүүдө.
Ак-Талаа районундагы орто мектептердеги окуучулардын тамактануусунун санитардык гигиеналык абалын кезектеги текшерүүдө айрым ашканалары талапка жооп берген жок.
Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 3-класстын окуучулары жана ата-энелери арасында окуучулардын китеп окууга кызыктыруу, ой-жүгүртүүсүн өстүрүү, дүйнө таанымын кеңейтүү максатында “Бирге окуйбуз” сынагы өттү.
Ноокат районунун Айбек айылында Айбек орто мектеби ачылды. Аталган мектеп төрт жыл мурун курулуп баштап, быйыл 2015-жылдын сентябрь айында окууга берилди.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде «Алтын Куз» майрамы болду. Бул майрам жарыш турундо болуп 8, 9, 10, 11-класстар катышты. Былтыркыга караганда быйыл «Алтын Куз» майрамы өзгөчө болду. Себеби …
Ысык көл облусунун Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында спорт зал жок болгондугуна байланыштуу окуучулар кошуна айылга барып машыгышчу. Учурда спор зал салынып ишке берилгени жатат. Жаңы салынып жаткан спорт зал заманбап …
https://www.youtube.com/watch?v=i_m7eWPm23M Үч-Коргон айылынын 14 жаштагы тургуну пластилинден оюнчуктардын түрүн жасайт. Ар тараптуу таланты менен эмгектерин жаратып жаткан Абдурахим өлкө башчысынын атайын белегине да ээ болгон. Абдурахим сабагын дагы мыкты деген …
Кошбулак айылында 2015-жылдын 2-октябрь күнү Деканова көчөсүндө «Нураман»балдар аянтчасынын ачылуу аземи болуп өттү. Аземге Сүлүктү шаарынын мэри А.А.Ибрагимов, коомдук өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин башчылары жана жергиликтүү тургундардын катышты.
Иш-чара Асан Сопиев атындагы мектебинин жыйын залында 5-11-класстын жалпы 187 окуучусу менен мугалимдер жааматы, коомчулук өкүлдөрү менен бирдикте болду.