Бакай-Ата айылында өткөн ден-соолукту чыңдоо спорттук таймашы 7-9 класстарда окуган окуучуларынын арасында болуп өттү.
Базар-Коргон районуна караштуу Көктонду айылындагы чебер айым Айчүрөк Исмайилова өзүнүн кол өнөрчүлүгүн көрсөттү. Бул өнөр менен ал 10 жашынан бери алектенип келе жатканын айтат.
Базар-Коргон районундагы Узун көчө айылы менен Ортоңку айылын бириктирүүчү көпүрө жараксыз абалда. Жамгыр жааган сайын жер көчүп, жар болуп жатканын айыл тургундары билдиришти.
Ысык-Көл облусунун Тасма айылынын тургуну Жаңыл Чингиспаева айылдын кыз-келиндерине кышкы салаттарды, түрлүү кыям, компотторду даамдуу кылып жасоого үйрөтүү менен көп жылдан бери алектенет.
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы №17-гимназия мектебинде 11-класстар арасында диний экстремизм жөнүндө тегерек стол болду. Сабакта диндин оң жана терс тараптары талкууланды.
«Клооп медиа» коомдук фондунун журналистика мектебинен окуп келген Жанара Асанкул кызы алган билимин айылдагы журналистикага кызыккандар менен бөлүштү. Анын тренинги 26-27-февралда болуп өттү.
Т. Айбашев орто мектебинде Манас тануу сынагына Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу 9 мектеп катышты. Сынак 26-февраль күнү болуп өттү.
“Тарых жана маданият жылына” карата Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде ар аптанын жума жана ишемби күндөрү ата-энелер арасында ар түрдүү спорттук мелдеш өтүп туруу белгиленди.
Ак-Талаа районунда окуучулар арасында «American Song Contest 2016» аттуу англис тилиндеги ырларды аткаруу боюнча сынактын жарым финалы өттү. Бул сынактын максаты — англис тилин өздөштүрү жана АКШнын ырдоо маданиятынын таануу …
Кышында А. Аралбаев орто мектебинде чакан линейкалар, сынактар көп уюштурулду. Себеби 25-январдан 25-февралга чейин математикалык бир айлыкка байланыштуу 6- класстар арасында чакан линейка болуп өтсө, кыргыз тил сабагы боюнча 17-февралда 7-класстар …
Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында “Жаш таланттар-2016” фестивалы 25-февралда болду. Фестивалга беш айыл катышып, ар бир айылдан отузга жакын окуучулар келишти. Окуучулар келген айылдарды тосуп алышып, ар бир мектепке …
23-Февралда Атамекенди коргоо күнүнө карата Суусамыр айылында балдар арасындагы күрөш оюну болуп өттү.
К. Конушбаев атындагы орто мектебинде шахмат боюнча мелдеш болуп өттү.
Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары арасында аскердик-спорттук “Зарница” сынагы өттү. Сынак жободо белгиленген тапшырмалардын негизинде өтүп, окуучулар жигердүү катышты.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында мыкты жигит конкурсу болуп өттү. Мыкты жигит конкурсу 23-февралга карата болду.
Байыш орто мектебинин чоң көйгөйү зал болчу. Ал жердин курулганына окуучулар эле эмес мугалимдер да кубанышты. Анткени буга чейин алар сырттагы мектеп аянтында ойноп келишкен болчу.
Кара-Талаа айылынын, Болот Алаков атындагы орто мектебинде жыл сайын класстар арасында «Жыл окуучусу» сынагы болот. Мында мыктылардын арасынан, мыктысын тандашат. 24- февралда 2-класстар арасында «Жыл окуучусу» болуп, Ынтымак Максат уулу …
Нарын районунун Куланак айылындагы А. Аралбаев орто мектебинде 19-февралда “Мыкты жоокер” сынагы болуп өттү. Конкурска 9-10 жана 11-класстан үчтөн окуучу бала катышты.
Кыргызстанда Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленип келет баарыбыз билебиз . Мурда советтик Армиянын күнү деп белгиленип келген 23-февраль, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталып, бул күн …
Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинде Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата катарга басуу сынагы болуп өттү. Сынакта 5-7-класстар арасында өтүп, ыр жана көнүгүүлөр менен коштолду.