Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Баткен облусу

Андаракта жаңы чайкана ачылды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Искра айылында жаңы чайкана ачылды. Аны айыл тургуну Гайбулла Умаркулов салган.

21 Декабрь 2016 жыл 16:42

Сумбулага селден коргоочу тосмолорду коюу 2017-жылга пландалды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн аймагы сел көп келүүчү жана коркунучка дуушар болуучу аймак болуп саналат. Учурда селден коргонуу үчүн селканалардын четтерине тосмолорду коюу иштери пландалды.

20 Декабрь 2016 жыл 19:42

Андаракта форум театр өттү

Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинде форум театр өткөрүлдү. Бул аркылуу окуучулар коомдогу ар кандай көйгөйлөрдү сахналаштырып көрсөтөт.

19 Декабрь 2016 жыл 15:27

Андарактагы эгин талааларын суугарууга багытталган чоң түтүктөн суу чыкпай калган

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагына СССРдин убагында мамлекет тарабынан коюлган трубадан суу чыкпайт. Суу түтүгү аркылуу айыл аймагындагы эгин талаасын жана жайлоодо жашагандарды суу менен камсыздап турган.

18 Декабрь 2016 жыл 18:58

Андаракта мектеп кайрадан жабылды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймаганында тумоологондордун саны көбөйүүдө. Сасык тумоодон улам Сумбула айыл аймагындагы мектептер кайрадан жабылды.

18 Декабрь 2016 жыл 18:25

Кыргыз тилинде вебинар: «Лонгрид жасоо үчүн tilda.cc сервиси менен иштөөдөгү техникалык өзгөчөлүктөр”

23-декабрда Бишкек жана Астана убактысы боюнча саат 17:00дө «Лонгрид жасоо үчүн tilda.cc сервиси менен иштөөдөгү техникалык өзгөчөлүктөр” деген темада кыргыз тилинде вебинар өтөт. Жаңы технология, интернет сайттардын өнүгүүсү менен маалыматтардын …

14 Декабрь 2016 жыл 10:13

Сумбула айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы 80-28 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана элдик добуш берүү ийгиликтүү өттү. 1242 шайлоочудан 433 шайлоочу келди.

12 Декабрь 2016 жыл 11:16

Кызыл-Кыяда шайлоого карата даярдыктар жыйынтыкталды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Кызыл-Кыя шаарындагы  №8154 шайлоо участогунда болуп, ал жердеги даярдыктар менен таанышты.

9 Декабрь 2016 жыл 13:40

Андарак: Манас орто мектеби качан ачылаары белгисиз

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында тумоологондордун саны көбөйүп мектептер жабылды. Бул тууралуу Манас орто мектебинин директору Тажимурат Марипов менен маек курдук.

8 Декабрь 2016 жыл 15:27

Үч-Коргондо предметтик олимпиадалар өткөрүлүүдө

Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы Садриддин Айни орто мектебинде аймактык олимпиада өттү. Анда жалпы он мектептин окуучулары катышты.

7 Декабрь 2016 жыл 1:23

«Үч-Коргон» маалымат бюллетени иштей баштады

Кадамжай районуна караштуу Үч-коргон айылында маалымат бюллетенине суроо-талап жогорулоодо. Бул туралуу айыл тургундары билдиришти.

6 Декабрь 2016 жыл 16:35

Тумоологондор көбөйүп, Сумбула айыл аймагындагы мектептер жабылды

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында сасык тумоо оорусу күч алганына байланышттуу мектептер жабылды.

6 Декабрь 2016 жыл 15:27

Үч-Коргондо тарых музейи ачылды

Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы Садриддин Айни орто мектебинде «Асыл мурас» тарыхый музейи ачылды. Бул тууралуу мектеп директору Кумрухон Абдуразакова билдирди.

6 Декабрь 2016 жыл 0:24

Үч-Коргондо шайлоого карата даярдыктар көрүлүүдө

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында 2016-жылдын 11-декабрында өтө турган жергиликтү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдумга карата бардык шайлоо участкалары даяр. Бул туурасында Үч-Коргон айыл өкмөт башчысынын орун басары Мастура Камбарова билдирди.

5 Декабрь 2016 жыл 23:03

Андаракта мектептин от казаны оңдоп-түзөөдөн өттү

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндөгү Манас атындагы орто мектебинде жаралган жылуулук көйгөйү чечилди. Учурда мектептин жылыткыч от казаны иштеп, класстар жылуу болуп калды..

5 Декабрь 2016 жыл 12:45

Үч-Коргондо маалымат бюллетени иштей баштады

Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында ишмердүүлүк жүргүзгөн «Үч-Коргон» жамааттык мультимедиа борборунун 2015-жылы жазган долбоору ийгиликтүү өтүп, маалымат бюллетендери чыгарыла баштады.

4 Декабрь 2016 жыл 22:09

Кызыл-Кыяда мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөтүлдү

Кызыл-Кыя шаарында майыптар күнүнө карата иш чара уюштурулду. Анда шаардын мэри Эрмекбай Топчубаев катышып, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге акчалай жардам көрсөттү.

4 Декабрь 2016 жыл 20:11

Андаракта поликлиниканын чатыры менен эшик-терезелерин жаңыланууда

Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы поликлиниканын чатыры жана эшик-терезелерин жаңыланууда. Бул атайын айыл тургунунун жазган долбоору менен ишке ашууда.

1 Декабрь 2016 жыл 0:24

Андаракта окуучулар олимпиадага даярданууда

Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас орто мектеби зоналык олимпиадаларга даярданууда. Буга чейин аталган мектептин окуучулары олимпиадада зоналык, райондук жана облустук деңгээлге чейин катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келишкен.

29 Ноябрь 2016 жыл 1:17

Андарактын волейболчу кыздары зоналык турнирге даяр

Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Манас орто мектебинин кыздар волейбол тобу алдыда боло турган зоналык жана райондук мелдештерге даярданууда. Кыздардын тобу учурда райондун мектептерине барып, жолдоштук беттештерге катышууда.

29 Ноябрь 2016 жыл 1:05

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...