Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Чүй облусу

Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоор башталды

2-мартта «Hyatt Regency» мейманканасынын конференц-залында “InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” долбоорун ишке киргизүүнүн бет ачары болуп өттү.

4 Март 2023 жыл 9:13

Суусамыр: COVID- 19га эмдөө жөнүндө түшүндүрүү иштери

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында «Айылдык ден соолук чындоо» комитетинин активисттери COVID- 19га каршы эмдөөнү эмне себептен алуу керек экендиги тууралуу түшүшдүрүү иштерин жүргүзүштү.

3 Март 2023 жыл 16:18

Англис тилинин бир айлыгында окуучулар англисче сүйлөшөт

Сокулук районундагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын башталгыч класстар арасында англис тилинин бир айлыгына карата «I LOVE ENGLISH» аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага 3-4-класстын окуучулары катышышты.

3 Март 2023 жыл 9:19

Суусамыр: Мугалимдер арасында спорттук таймаш

23-февраль Улуу Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде Кадырбек Конушбаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча спорттук таймаш болуп өттү.

25 Февраль 2023 жыл 16:53

Мектеп директору: Жаш агайларды да биздин арабызга күтөбүз

Кант шаарындагы Какиш Рыскулова атындагы №2 мектеп-гимназиясында 50 мугалим, анын ичинде 6 агай эмгектенет. Агайлардын арасында «Эл агартуунун мыктысы» жана жаш адистер бар. Агайлар жөнүндө кененирээк видеодон көрсөңүздөр болот.( видео …

24 Февраль 2023 жыл 9:20

Сокулук районунун мугалимдери тажрыйба алмашышты

Жал айылынын Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында “Билим берүү мейкиндигинде инсанды ишке ашыруунун каражаты катары окуучулардын изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү” деген темада 22-февралда Сокулук районунун окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басарларынын …

23 Февраль 2023 жыл 9:33

Ооган согушу тарыхтагы өчпөс так

Жал айылындагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында “Ооган согушу тарыхтагы өчпөс так” аттуу иш-чара болуп өттү. Ооган согушунун ардагерлери мектепке чакырылып, алардын катышуусунда класстык сааттар өткөрүлдү. “Жоокерлерге таазим!” аттуу концерттик программа …

22 Февраль 2023 жыл 22:29

21-февраль-Эл аралык эне тил күнү

21-февраль Бүткүл Дүйнөлүк Эне тилдин Эл аралык күнүнө карата Жал айылындагы  мектеп-гимназиясында чоң иш-чара болуп өттү. Иш-чарага мугалимдер жана окуучулар активдүү катышышты. Өткөрүлгөн иш-чараларды сүрөттөр баяндайт.

22 Февраль 2023 жыл 21:31

Суусамыр: Ата-энелер бала тарбиялоодогу жаңы ыкмаларды үйрөнүштү

 21-февраль күнү Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде кезектеги «Ата-энелер мектеби» болуп өттү. Бул иш-чара Гапыр Мадаминов тарабынан 1997-жылдан бери өткөрүлүп келет. Эми  бул иш-чара аталган мектепте да болуп келе …

22 Февраль 2023 жыл 20:01

Суусамыр: Мекенди коргоочулар күнүнө карата салтанаттуу тизим

Бугүн Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде 23-февралга карата салтанаттуу тизим болду. Тизим 9-11-класстар даярдаган иш-чара менен коштолду.

22 Февраль 2023 жыл 17:56

Суусамырда аким эл менен жолукту

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында райондук администрация башчысынын жана Жайыл районундагы мекеме жетекчилери келип, жыйын болуп өттү. 

18 Февраль 2023 жыл 11:45

Жал айылы: Тележурналист окуучуларга белек тапшырды

“Дил мүрөгү” коомдук кайрымдуулук фондунун мүдүрү, теле журналист, “Жаштар сүйлөсүн” теледолбоорунун алып баруучусу Темирлан Акматов Р.Мамыралиев мектеп-гимназиясында мейманда болду.

16 Февраль 2023 жыл 17:44

Москвада бизнес ачкан кыргыз кыздары

Уултай Ибраимова 33 жашта. Ал Жалал-Абад облусунун Тайгараев айылында туулуп өскөн. Мектепти бүткөндөн кийин Россияга туугандары менен иштегени келген жаш кыз башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөргөн. Азыркы убакта Уултайдын Москва шаарында …

16 Февраль 2023 жыл 11:58

Эне тилди барктайбыз жана даңктайбыз

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн 30-январь №16 буйругунун негизинде 21-февраль “Эл аралык эне тил күнүнө” карата сынак жарыяланган. Сынакка Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын 9-11-класстын окуучулары катышты.

16 Февраль 2023 жыл 9:50

От болуп жанган Ооган апааты

Ооган согушун эскерип, окуучулардын патриоттук сезимдерин тарбиялоодо Ооган согушунун ардагерлеринин катышуусунда Орок айыл өкмөтүнүн Селекция айылындагы Орок орто мектебинде 10-февраль күнү салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

15 Февраль 2023 жыл 19:48

Эрте никеге туруунун кесепеттери экономикага да зыян келтирет

Кыргызстандагы эн орчундуу көйгөйлөрдүн бири бул-жашы жете элек кыздардын эрте никеге туруусу. Ата-эненин кыздардын келечегине кайдыгерлик кылуусу. Талкаланган тагдырлар. Ажырашуунун санынын көбөйүшү. Бул көрсөткүчтөр мамлекеттин экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө да …

15 Февраль 2023 жыл 13:50

Ийгиликти багындыруу үчүн өжөрлүк жана жүз пайыз аракет кылуу керек

Учурда чет өлкөдө өз ишкердүүлүгүн жасап, ийгиликке жетишип жаткан Раушан Алмазова Суусамыр айылында төрөлүп, өсүп, мектепти аяктаган. Жогорку окуу жайда окуп жүрүп, бизнес ачуу идеясын ойлонуп баштаган. Анткени ал хоббисин …

15 Февраль 2023 жыл 11:18

Суусамыр: Кара-Суу суусу элге ыңгайсыздык жаратып келет

Суусамыр айылынын ичинен агып өтүүчү Кара-Суу суусу кыштын келиши менен тоңуп жолду каптап калат. Бул суудан өтүүчү көпүрө бар болгону менен, суу улам үстүнө тоңо бергендиктен, көпүрөдөн өтүү да кооптуу …

14 Февраль 2023 жыл 19:08

“Келечек үчүн билим берүү” долбоору мектептерди техникалык жабдуулар менен камсыздоодо

Сокулук районунун Жал айылындагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясы компьютерлер менен камсыз болду. Жалпы 21 компьютер, 6 проектор жана принтер берилди.

12 Февраль 2023 жыл 14:15

Жал айылы: Айыл тургундары үзгүлтүксүз маршруттук каттамга муктаж

Сокулук районун Жал айылы Бишкек шаарынан 11 км аралыкта жайгашкан. Айыл тургундары Бишкекке бат- бат каттап турушат. Айрым мектеп окуучулары, студенттер күнүгө Бишкекке келип окушат. Бирок алардын бардыгы унаа каттамынын …

12 Февраль 2023 жыл 13:31

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...