Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектеби окуучуларды кабыл алып баштады. Салттуу окууга балдарын жиберген ата- энелер мектепке келип, келишимге кол коюп макулдугун беришкен.
Жаңы-Жер айылында эт дүкөнү ачылды. Буга чейин жылкы эти айылдагы эт дүкөндөрүндө сатылуучу эмес. Айыл тургундары буга чейин уйдун этине басым жасашчу. Пандемия башталганы жылкы этине суроо талап көбөйгөнү байкалууда. …
Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан, Нарбото жаңы конушунда жаштардын демилгеси менен спорт оюндары уюштурулду. Бүгүн Жаңы-Жер айылындагы жаштар арасында мелдештик спорт оюндары “Нарбото” кичи спорт аянтчасында өткөрүлдү. Бул оюндун максаты айылдагы …
Сокулук райондук мамлекеттик администрациясында Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта айыл аймактарына караштуу шайлоо участкалык комиссиянын, катчылары, мүчөлөрү окутуудан өтүштү. Окутууда Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча мыйзамдагы айрым өзгөрүүлөр, …
Кара-Суу айылында 2020-жылдын кыш мезгили өтүп жаткан кези. Жумуштун жоктугунан айыл тургундары илгеркидей эле өз чарбалары менен алектенүүдө.
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицей байыркы кыргыз каада-салты менен кесиптик багытта билим берүү ыкмасын иштеп чыгышты. Бул ыкма келечектеги жаш дыйкандарды кесипке даярдоодо алардын жерге кылган мамилесин өзгөртүү үчүн сунушталат.
Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе 1 орто мектебинде “Манас»эпосунун күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Бул иш-чараны мектептин Кыргыз тил жана адабият мугалими Чолпон Ишеналиеванын демилгеси менен өттү.
Белгиленген карантин убагында үй- бүлөлүк зомбулук 65%га өсүп, анын ичинде аялдарга карата зомбулук күчөдү.
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде ата-энесиз калган, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгу чектелген майып балдардын көйгөйү, алардын кесиптик билим алгандан кийинки ой кыялынын ишке ашпаганы, кызыксыз жашоосу, мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу балдарга маселе жаратууда.
Пандемиянын экинчи толкуну Суусамыр айыл аймагында да журдү. Ооруга чалдыккандардын саны да арбыды. Мындай оор кырдаалда ооруканага жардамга келгендерге башкы дарыгер ыраазычылык билдирди.
Жаңы-Жер айылынын Оторов көчөсүндөгү №10 үй толугу менен өрттөнүп кетти. Окуя 3-декабрга караган түнү саат 1-лер чамасында болгон. Өрт кырсыгынан үй-бүлө мүчөлөрү аман калышкан. Кыш мезгилинде үйсүз калган үй-бүлө мүчөлөрү …
Барскоон айылындагы ооруканада ремонт иштери жүрүп жатат. Оорукананы оңдоп түзѳө иштерине Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт тарабынан жалпы суммасы 330 сом ѳлчѳмүндѳ бюджеттен каралган. Анын ичинен оорукананын терезелерин алмаштырууга 250 …
Суусамыр өрөөнүнүн тургундары айылда кыздарга, айымдарга арналган атайын борборлордун, ишканалардын жок экендигине нааразы. Элеттик кыздар өзүн-өзү өнүктүрүүгө ийримдердин айылда жок болушу абдан чоң жетишсиздик деп эсептешет.
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдар окушат. Учурда 12 окуучу тигүүчү кесибин үйрөнүшүүдө. Бүгүн бул окуу жайда иштеген медайым Айчүрөк Байбосунова майып балдарга 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк …
Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Джаныбеков Азат Максатович жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Пандемия учурунда муктаж үй- бүлөлөргө көмүр, кийим-кече бекер таратылды. Бул демилге Суусамыр айыл аймагында туулуп -өскөн Сыргак Келдибеков жана “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду менен биргеликте алынып келинген.
Жаңы-Жер айылында COVID-19 илтетинин жайылып кетишинен улам былтыр 16-мартта мектеп окуучуларын карантинге тарашкан. Мектепте 1-класстын окуучуларынан башкасы аралыктан окуп жатышат. Окуучулар мектепти сагынды, бирок балдардын ден-соолугу баарынан кымбат.
Өлкөдө элет жерин өнүктүрүү үчүн көптөгөн иштер жасалганы менен андагы эң маанилүү көйгөйлөр көз жаздымда калып келет. Биз бул жолу элет жериндеги аялдарды кыйнаган көйгөйлөргө токтолуп, тиешелүү адистердин оюн угабыз.
Азыркы учурда жаш өспүрүмдөр адеп-ахлак кризисине дуушар болгону ачык эле байкалууда. Мектепте, кесиптик окуу жайда жаштардын жүрүм- туруму сырттан караган адамга белгилүү. Жаштар азыр «акча», «пайда», «бийлик-байлык», «жеке атак-даӊк» сыяктуу …