Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылында тургундар үчүн “Кален бак” маданий эс алуу жай ачуу аракеттери башталды. Аталган аймактын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенованын айтканына караганда айылда атайын эс алуу жай жок. …
1-июнь «Балдарды коргоо” күнүнө карата Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Садык-Ата балдар бакчасынын тарбиялануучуларына “Жакшылык” коомдук фонду тарабынан атайын белектер тапшырылды. Белектер бөбөктөрдүн жаш өзгөчөлүгүнө жараша даярдалган.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Чатыр-Көл кинотеатрында «Көйкашка» уюму тарабынан уюштурулган «Жылдын мыктылары» аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.
29-майда Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинде «Көөнөрбөс Мурас» коомдук уюму тарабынан уюштурулган жаратылышты коргоо багытында иш-чара өткөрүлдү.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин 2 окуучусу Нарын облусунда уюшулган Билим кербенинде алдыңкы орундарды алып, бир катар сыйлыктарга ээ болушту.
Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде дебаттык турнир болуп өттү. Турнирге жалпысынан 70 катышуучу катышып, орус жана кыргыз тилдүү командалар оюн көрсөттү.
Коронавирус учурунда Нарын районуна караштуу Учкун айылынын айымдары аймактын социалдык жана коомдук жашоосуна активдүү катышты. Бул тууралуу «Аялдар кеңешинин» төрайымы Майрамкүл Мүдүнова жана Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов билдирди.
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн 2 китепкана бар. Бири Учкун айылында жайгашса, бири Куланак айылындагы Учкун айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жайгашкан. Быйыл китепкана фондун жаңылоого жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом …
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Бектур өзүнүн чакан ишканасын пандемия учурунда ачкан. Себеби окуусу онлайн форматта болгондуктан бош убактысын туура пайдаланууну чечкен.
27-майда Нарында «Китеп той 2021» аталышындагы маданий иш- чара өткөрүлдү.
Өлкөдөгү кырдаалдын кесепети аялдарга көбүрөөк таасирин берген. Аялдар комитетинин, медицина кызматкерлеринин айтымына караганда карантин учурунда көпчүлүк аялдар стресске кабылышкан.
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектеби 17-декабрь 2019-жылдан тартып “Кыргызстандагы туруктуу мектептерди глобалдык издөө” (Глобальный поиск устойчивых школ в Кыргызстане) долбоорунун алкагында иш алып барып келет.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында учурда жумасына эки жолу таштанды чыгарылат. Кээде таштанды ташуучу унаалар бузулуп калган учурда дүйшөмбү, шейшемби күндөргө жылдырылат. Таштанды көбөйгөн учурда чыгаруучу унаа бир күндө 7 жолу …
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебин 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн атынан Тыныбек Дөөлөтбеков, Байыш Акматалиев жана Бактияр Мусаев 85 миң сом акча каражатын демөөрчүлүк кылып, мектеп администрациясына тапшырышты.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын 2001-жылы Ой-Терскен орто мектебин бүтүргөн бүтүрүүчүлөр айыл элине айыл чарба техникасын алып беришип, андан тышкары мектепке, муктаж үй-бүлөлөргө белектерин беришти.
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрү айылдагы жаш балдар үчүн атайын чакан оюн-зоок аянтчасын куруп, ачылыш аземин өткөрүштү.
Алыскы Ак-Сай өрөөнүндө жол, көпүрө оңдолуп, мончо жана ветеринардык сервис салынат. Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров Ак-Сайга өрөөнүн барып, быйылкы жылга жасалчу жумуштарды пландады.
Нарын районуна караштуу Куланак айылына 51 кытайдын вакциналары келген. Аларды айыл тургундарынын каалоосу менен эмдөө иштери башталды.
Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайын айылындагы Узакбай атындагы сейил бакта балдар үчүн оюн аянты ачылды.
Кыргызстанда пандемияга байланыштуу бир жылдан бери бир катар карантиндик чаралар киргизилген. Тейлөө мекемелериндеги, коомдук жайлардагы чектөөлөр, санитардык нормаларды сактоо боюнча атайын алгоритмдер ж.б. Мындай чектөөлөр ишкерлик чөйрөсүнө пандемия кандай таасир …