Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Куланак: Шайлоочулар көп келүүдө

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын номер 4051 шайлоо участогунда шайлоо кызуу жүрүп жатат. Шайлоого келген айыл тургундарынын пикири боюнча түшкө чейин шайлоочулардын көбү айылдын улуу муундары келип жатты.

11 Апрель 2021 жыл 16:45

Акталаадагы мектептерде мөмө дарактарынын көчөттөрү отургузулду

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде шабдаалы жана алма бактын “Ред делишес” “Старкримсон” сортундагы көчөттөрү отургузулду. Көчөтүн отургузууну мектептин ардагер мугалимдери жакшы тилек, бата менен баштап беришти.

9 Апрель 2021 жыл 21:12

Алдыда жолдор калды басылбаган…

Бүгүн Ак-Талаа районундагы  Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагында  «Алдыда жолдор калды басылбаган» аттуу эскерүү кече болуп өттү. Аталган иш чарага 7-апрелде курман болгон Адилет Карасартовдун ата-энеси, китепкана  жана маданият үйүнүн …

8 Апрель 2021 жыл 23:06

Акталаада облустук деңгээлде улуттук ат оюндары өткөрүлдү

Бүгүн Ак-Талаа районунун «Бермет-Жал» ат майданында улуттук ат оюндарын сүйүүчүлөр тарабынан облустук деңгээлде ат жарыш оюндары өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү аныкталды.

8 Апрель 2021 жыл 15:28

Аларды энелери Мекен үчүн төрөшкөн…

Ак-Талаа районундагы орто мектептерде 7-апрель Элдик революциянын 11 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары болуп өттү.

8 Апрель 2021 жыл 13:00

Акталаада кыз-келиндер арасында спорттук оюндар өттү

Бүгүн Ак-Талаа районунда кыз-келиндер арасында аркан тартыш жана аралыкка чуркоо боюнча жөө күлүктөрдүн мелдеши өттү. Мындан сырткары, волейбол боюнча оюнга 8 команда катышты. Аталган мелдештин өтмө кубогун райондук администрация уюштуруп, …

8 Апрель 2021 жыл 9:15

Акталаада Элдик революция күнүндө курман болгондорду эскерүү-реквиеми болду

Бүгүн Ак-Талаа районундагы “Адилет” атындагы сейил бакта 2010-жылы 7-апрелде курман болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, окуучулар жана курман болгон Адилет Карасартовдун үй-бүлөсү катышты.

7 Апрель 2021 жыл 20:15

Атам ырдаганды жакшы көрчү эле…

2010-жыл 7-апрель. Он бир жыл артта калган календардагы ушул күн кыргыз тарых бетине трагедия катары кара тамгалар менен  жазылып калары турган иш. Авторитардык бийликти кулатууга көтөрүлгөн элге ок атылган. Кагылышуудан …

7 Апрель 2021 жыл 14:20

Элдин маданий эмес мурастарын сактоо айылдан башталат

Ак-Талаада 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар арасында “Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам” кароо-сынагынын райондук туру өткөрүлүп, анда жаш аткаруучулар ыр, элдик жана жекече бий, элдик сапаптарда ойноо боюнча өз өнөрлөрүн …

5 Апрель 2021 жыл 18:48

Акталаада ири ишембилик уюштурулду

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында бардык мекеме ишканаларда иштеген кызматкерлер “Адилет” атындагы сейил бакка жалпы ишембиликке чыгышты. Ишембиликке 470 жаран катышты.

5 Апрель 2021 жыл 16:51

Фейк маалыматтын элге тийгизген таасири

Кочкор районунун Төлөк айылында медиа сабаттуулукка арналган иш-чара өттү. Ага айыл тургундары катышып, фейк маалыматтар, алардын элдин жашоосуна тийгизген таасири туурасында маалыматка ээ болду.

5 Апрель 2021 жыл 12:28

Эл күтөт: Жаңы бийлик карапайым элге карамдуу болсо…

Кочкор районунун Чолпон айылында медиа сабаттуулукка арналаган иш-чара өттү. Ага айыл тургундары катышып, жалган маалымат жана аларды аныктоо, социалдык медиа жана анын шайлоо өнөктүгүндөгү ролу тууралуу түшүндүрүү иштери жүрдү.

2 Апрель 2021 жыл 12:18

Сынак-мугалимдердин изденүүсүнө өбөлгө болот

Ак-Талаа районундагы балдардын билим борборунда “Кыялга кадам” форумунун алкагында ийрим жетекчилеринин арасында “Жыл мугалим-2021” кароо-сынагы өткөрүлдү. Сынактын жобосуна ылайык мугалимдер өз ийримдери боюнча ачык сабактарды өтүштү жана көрсөтмө куралдарды сынакка …

1 Апрель 2021 жыл 14:55

Ишкер айым: «Аялды үй-бүлөсү колдоп турушу керек»

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын ишкер айымы, ардактуу мугалим Гүлнара Семетеева 2021-жылдын 10-март күнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резиденциясында болуп өткөн “Доорду өзгөрткөн айым” деген аталыштагы улуттук форумга катышып келген.

31 Март 2021 жыл 13:09

Жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду

2021-жылдын 25-март күнү Кочкор ройонунун Ак-кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылында Германия кызматташтык уюму тарабынан жаштарга арналган тренинг болуп өттү.

28 Март 2021 жыл 8:50

Жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдыктар жүрүүдө

Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы № 4131 шайлоо тилкесинде учурда 2138 шайлоочу бар. Шайлоочулардын эң улуусу 103 жашта болсо, эң жаш шайлоочу 18 жашка жаңы толду. 

28 Март 2021 жыл 8:39

Балдардын билим борборунда кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар өттү

Ак-Талаа районундагы балдар билим борборунда кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулуп, ага медицина жана укук коргоо кызматкерлери катышты.

26 Март 2021 жыл 13:37

Учкунда мугалимдер өз каражатына мектепти оңдошту

Нарын районуна караштуу Учкун айылында эски мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, терезе эшиктери толук бойдон алмаштырылды. Мектепти жаңылоо ишин мугалимдер демилгелеп, өз каражаттарына оңдошкон.

25 Март 2021 жыл 12:01

Акталаада кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата окуучулар арасында сынактар өттү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 24-март бүткүл дүйнөлүк кургак учук оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата жалпы билим берүүчү орто мектептерде кургак учук оорусун алдын- алуу максатында бир катар иш-чаралар уюштурулду.

24 Март 2021 жыл 11:15

«Супара» подкасты чыга баштады

«Супара» аталыштагы подкаттардын сериялары жарык көрүүнүн астында турат. Бул серияларда кыргыздын улуттук тамак аштары жөнүндө баян болот.

23 Март 2021 жыл 11:29

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...