Учурда калкты Ковид-19 вирусуна каршы эмдөөнүн биринчи этабы аягына чыкты. Эмдөө учурунда бир топ тоскоолдуктар болду. Ал жарандардын социалдык тармактардагы фейк маалыматтарга ишенүүсү. Бул тууралуу Кочкор райондук жалпы дарыгерлер практикалык …
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө «ковид — 19» пандемиясын алдын алууда атайын буйруктар менен иш алып барып жатат
Ат-Башы районунун акиминин орун басары болуп Жылдыз Жантелиева дайындалды.
Кочкор районундагы орун алган мультимедия борбору айыл элине маалыматтык коопсуздук, ар кандай кырдаалда, коомдук турмушта сынчыл ой жүгүртүүсү, фейк маалымат, шайлоого туура көз караш жөнүндө сөз кылган. Аталган тренинг жыйынтыкталган …
Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт комитети жайлоого кетчү жолдорду оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Жакында эле Кашка-Суу жайлоосунун чек арасынын ичинде Сары-Жон участкасынан Шаты бейиттеги кыяга чейин 4-5 чакырымга жакын, …
Төлөк айылында балдар арасында Ковид-19 илдети катталган эмес. Ал эми жайкы каникулду көңүлдүү өткөрүүдө пандемия тоскоол болбойт деп эсептешет.
Нарын районуна караштуу Оттук жана Казан-Куйган айыл аймактарында Ковид 19 вирустук оорусу каттала элек. Бул тууралуу айылдагы абалды көзөмөлдөө комиссиясы билдирди.
Учурда окуу жылы аяктап, балдар жайкы эс алууга чыкканына эки жума болду. Бирок өлкөдөгү пандемиялык кырдаал балдардын ойдогудай эс алуусуна өз кедергисин тийгизбей койгон жок.
Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылында пандемия учурунда айыл элинин демилгеси менен каражат топтолуп керектүү дары-дармектер сатылып алынды.
Катар мамлекетинин «Катар чарети» кайрымдуулук фондунун каржылоосунда Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү Чолок-Кайын айылында Калпанын алма багында «Калпа атанын мечитинин» курулушу башталды.
Ак-Талаа районунун 12 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо 8-июнда башталат. Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын Ак-Талаа райондук өкүлчүлүгү билдирген маалыматка таянсак, 12 айылда айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өткөрүлгөн.
Коронавирус пандемиясы региондордогу жаштарга чоң сыноо болду. Окуучу жана студенттер окууларынан кыйналса, жаштар илдетти жеңүү үчүн биргеликте иш алып барган. Бул тууралуу Нарын районуна караштуу Учкун айылынын жаштары белгилеп, өз …
2020-жылы бүткүл дүйнөлүк пандемия учурунда Кыргызстандагы мектептер дагы жабылып аралыктан окутууга өткөн болчу. Ошол учурда 11- классты аралыктан аяктаган окуучулар, жогорку окуу жайга тапшырып, ал жерде дагы аралыктан окууга дуушар …
«Соң-Көл» жамааттык мультимедиа борбору 2020-жылдын ноябрь айында жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан каржыланып долбоордун негизинде ачылган.
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Ковид-19 вирустук оорусуна каршы вакцина чыкты дегенден тартып эле социалдык тармактарда жана ватсап группалардан ар кандай терс маалыматтар таралып келет. Бул маалыматтарды көргөн адамдар Ковидке каршы вакцинаны алуу …
Пандемияда жогорку окуу жайга алгач ирет барган 1-курстун студенттери үчүн онлайн окуу оор болду. Айрым учурда интернет ылдамдыгы начар болуп теманы да түшүнбөй калганын да айтышты.
Пандемиялык кырдаал Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдө дагы адамдардын жашоосунда өзгөрүүлөрдү алып келди. Ал эми жаштар аралыктан билим алуу, өзүн-өзү өнүктүрүү, изденүү менен бирге эле санариптештирүү заманында жаңы тармактарды өздөштүрдү.
Жакында Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын жашоочулары Баткен-Тажик кагылышуусунда жабыркаган үй-бүлөлөргө 60 миң сом акчалай жардам беришкен.
Төлөк айылында «Балдарды коргоо күнүнө» карата бөбөктөргө акчалай жардам көрсөтүлүп, бекер бал муздактар таратылды.
Ак-Талаа раонундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайын айылынын 20жылдык бүтүрүүчүлөрү демөөрчүлүк кылышып, Турдалы Жамакеев (Ак койчу) көчөсүнө 20 көчө чырак коюп беришти.