Баетов айылында 2 жылдан бери муз тебүүчү жай жашоочуларга кызмат көрсөтүп келет. Айрыкча жаштар, окуучулардын эс алуучу, ден соолугун чыңдоочу борборго айланган бул жерде кезек күткөндөр абдан көп. Эртең менен …
Баетов айылында жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү эми мекеме-ишканаларда жүрүүдө. Бүгүн адистер Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине келип, 1997-1998-жылдары туулган окуучуларды жана айрым кызматкерлерди каттоодон өткөрүштү.
Нарын облусунун Куланак айылынын А.Аралбаев атындагы орто мектебинин 9“б” классынын окуучулары «Жаныл Мырза» драмасын коюп беришти. Драма абдан балдардын кызуугусун жаратты.
Ак-Талаа районунда мектептер аралык олимпиада Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 24-25-январда өткөрүлүп, жыйынтыкталды. Предметтик олимпиадага 18 мектептен 365 окуучу катышып, 10 предмет боюнча өз билимдерин сынашты. Олимпиаданы өз деңгээлинде талапка …
Баетов айылынын тургундары, жаштар, аксакалдар кеңеши, депутаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы коомдук угууда “Биз айылды бирдикте тазалайбыз” долбоору талкууланды. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Турусбеков Талант долбоордун милдеттерине …
Баетов айыл аймагынын алдында уюшулган демилгелүү топтун мүчөсу Жукеш уулу Максат айылда көйгөйлүү маселелердин бири бул таштанды деп билдирди. Анын айтымында демилгелүү топтун мүчөлөрү сурамжылоо жүргузгөндө катышкандардын 66 пайызы таштанды …
20-январь күнү Баетов айыл аймагынын айылдык клубунда коомчулуктун, жергиликтүу бийлик өкүлдөрүнүн, коомдук жана жамааттык уюмдардын, “Айыл демилгеси” жана Германия кызматташтыгынын “Жарандык коомду колдоо” долбоорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда коомдук угуу болуп өттү.
Учкун айылдык кеңешинин депутаты. Куланак айылынын ардактуу атуулу, айылыбыздын медкызматкери Гүлзамира Чүкүшова жөнүндө сөз болмокчу.
24-декабрь күнү Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө эс алуудагы милициянын бир катар ардагерлерине Ички иштер министрлигинин атайын медалдары ыйгарылды. Ички иштер органдарынын Нарын облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы, отставкадагы полковник Азим …
Баетов айылынын айрым көчөлөрүндө жашоочулар пайдалануучу таза суу түтүктөрүнүн жанында кудуктар ачык бойдон калууда. Бул көрүнүш жашоочуларды тынчсыздандырып келет. “Кыш келди. Тайгаланып түшүп кетеби деп кичирек балдарыбызды сууга жибергенден коркуп …
Ак-Талаа районундагы айрым орто мектепин окуучуларына кышкы жылуу кийимдер: күрмө жана өтүк бекер берилди. Бул боюнча “Ассалоом” кайрымдуулук гуманитардык фондунун жетекчиси Нурбаев Нурмухаммед Бакирдинович билдирди.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин 6-клаасынын окуучусу Мирбек уулу Шернар аябагандай талантуу жаш сүрөтчү. Анын айтымында сүрөт тартканга кичинекей кезинен эле кызыккан. Азыр болсо сүрөтчүлүк өнөрүмөн башка күрөшкө да кызыгам. …
Декабрь айынын башында Куланак айылынын ооруканасына жаңы заманбап медициналык жабдуулар келди. Оорукананын стацианардык бөлүмүнүн башчысы Майрам Кочуеванын айтымында, эл менен бирдикте жана дарыгерлердин аракети менен УЗИ аппараты сатылып алынды.
Куланак айылынын орто мектебинин имаратында “Биз силер менен биргебиз!” аталыштагы 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө арналган иш- чара болуп өттү.
Токтоян айылындагы Таңгабийке-Бердике бала бакчасы кышкыга жылуулук менен толук камсыздандырылган. Бала бакчанын директору Таалайкул Токсобаеванын айтымында айыл өкмөтү тарабынан 18 тонна көмүр түшүрүлгөн. ”Көмур, электр энергиясы дагы жыл сайын айыл …
Нарын районуна караштуу Куланак айылында быйыл кыш өзгөчө катуу башталды. Декабрь айында эле суук катуу болгондуктан арыктагы суулар ташкындап, тургундарга зыян алып келди.
Куланак айылынын “Танга бийке-Бердике” бала бакчасына 130 дан ашуун бала барууда. Бүгүнкү күндө расмий тилибиз болгон орус тили сабагы жаш бөбөктөргө өтүлүүдө.
Куланак айылында Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде кылмыштуулукту алдын алуу жана мектеп рэкетин жоюу боюнча иш-чара болуп өттү.
Куланак айылынан 3 км алыстыкта жайгашкан “10 сарай” аттуу аймак бар. Бул аймакта жашаган айыл тургундарынын 20 дан ашуун окуучу балдары жолдун алыстыгына карабай күндө сабакка келип, көнүп калышкан.
Кыргыздын улуттук оюну болгон тогуз коргоол оюнун Нарын облусундагы Куланак айылындагы мектеп окуучуларынын мүмкүнчүлүгү жоктугунан улам төө буурчак менен ойноошууда.