Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында калкты биометрикалык каттоо 12-ноябрда башталып, учурда 184 киши каттоодон өттү. Маанилүү бул кампаниянын жүрүшү жөнүндө Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Турусбеков маалымат берди.
Нуркул Кулназаров атындагы китепкананын балдар бөлүмү тарабынан “С. Каралаев XX кылымдын Гомери” аттуу китеп окурмандарынын конференциясы өттү. Аталган иш чарада улуу манасчынын сүрөттөрү коюлуп, катышуучуларга өмүр жолу тууралуу баяндама берилди. …
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары үчүн кыргыз режиссерлорунун “Мээлей”, “Кемпир”, “Дөңгөлөк” аттуу кыска метраждуу кинофильмдери акысыз көрсөтүлдү.
“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары үчүн бир күндүк окуу өткөрүлдү. Окууда ыктыярчылар жарандык журналистика, тема тандоо, интервью, жанылык жазуу жана аны сайтка жайгаштырууну үйрөнүштү. Топторго бөлүнгөн ыктыярчылар теориялык алган …
Конорчок айыл аймагында райондо биринчилерден болуп балык өстүрүү жакшы жолго коюлууда. Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын негизинде ишке ашкан балык чарбасына алгач Ысык-Көлдун Георгиевка айылынан 600, андан кийин Чүй облусундагы Беш-Күңгөй …
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну кол эмгек сабагынан берген мугалим Бактыгүл Айдакеева үйүнө 50дөн ашык гүлдөрдүн түрлөрүн өстүрөт. Бактыгүл эженин үйүндө эле эмес, мектептеги окучууларына гүл өстүрүнүн сырларын үйрөтөт. …
Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеби сабактын башатын ар күнүн Кыргыз Республикасынын гимни менен башташат. Мектеп, айыл жаңылыктары радиорупор аркылуу окуучуларыбызга, эже агайларга жеткирилет. Радиорупор мектепте маалымат булагы болууда.
Тамактанчу жайга бөлүнгөн каражаттын жетишсиздигинен, айыл депутаттары жана мектеп окуучулары, ата-энелер биргелешип “Кош жылдыз” аттуу кайрымдуулук концертин уюштурушту. Даярдаган: Нурдин Токторбай уулу
Нарын районуна караштуу Учкун айылына биринчи жолу төө буурчак айдалды. Айылдык тургундар бул жол менен көп пайда табу астында турат.
Баетов айылындагы орто мектептеринин орус класстарында 100 дөгөн окуучу окуйт. Окуучулардын көпчүлүгүнө окуу китептери жетишсиз. Мунун айынан жыл сайын ата-энелер балдарына эң кеминде дегенде 1000 сомдон ашуун акча сарпташат.
Мындан эки жыл мурда Кыргызстандын алты облусунда ачылган жамааттык мультимедиа борборлору кандай ийгиликтерге жетишкендиктери тууралуу айтып берүү үчүн Бишкекте басма сөз жыйынына чогулушту. Төмөндөгү видео баяндамадан кыскача тааныштырабыз.
Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинде “Айыл алга” фестивалынын алкагында кароо сынак өттү. Иш чарага айылдын жашоочулары жана мектеп окуучулары “Менин келечектеги уй чарбам” жана “Малы сактын-дени сак” деген …
Ак-Талаа районунун Конорчок айылында “ Компаньон” микрокредиттик компаниясынын демилгеси менен “ Айыл алга” деген аталышта Алма фестивалы болуп өттү. Фестивалда Конорчок айылында өсүүчү жашылча жемиштин жана алманын бир канча сорттору …
Калкты маалымат менен камсыз кылуу максатында заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган төрт мадиа борбор ачылуу алдында. Ошонун негизинде Kloop media борборунун адистери жамааттык радиолордун өкүлдөрүнө тренинг өткөрүүдө.
Баетов айыл аймагында 1 – октябрь улгайган адамдардын күнүнө карата атайын иш чара өткөрүлдү. Иш чарага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы аким С. Черикбаев жана Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт …
Азыркы кезде айыл тургундарынын кары-жашы дебей твиттерге кызыгуусу артып барат. Жакында Салиа апа улагын жоготуп алып, айылда биздин мультимедиа борборунун твиттер кызматына кайрылуу аркылуу эч кыйналбастан таап алды.
Сөзү менен да, күчү менен да жеңген Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили сабагынан берген Миргүл Абекова, эки жылдан бери “кол күрөш” боюнча мектебибиздин намысын коргоп келет.
Айыл тургуну Иманкулов Шайырбек жоголуп бара жаткан каз таман тракторун желим дөңгөлөктүү тракторго айландырды.
Айылдын Түндүк тарабында мурда иштетилип, бирок бүгүнкү күндө пайдаланылбай турган бассейн жайкысын элдер сууга түшүүчү бассейн жана кышкысын муз тебүүчү жай катары кайрадан жасалууда.
Бүгүнкү күндө Баетов айыл аймагында бодо малдын карасан оорусу көп кездешип жатат. Ушул оорудан улам жашоочулар баккан малдарынан кол жууп калышууда.