Айылыбыздын күн батыш тарабында эбегейсиз зор чуңкурга, таштанды төгүлүп-чачылып жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Таштандыны ташып сыртка чыгаруунун ордуна, айылдын бардык жашоочулары ушул жерге алып келип төгүшөт.
Көпүрөнү оңдоо үчүн өкмөттөн 13 миң сом каражат бөлүнгөн. Аны оңдоого айыл тургундары Төрөгелди Баялиев жана Жеңишбек Шүгүралиев жардам берген.
Абдылбаев Жумагул агай конушунда быйыл 500 түп тал жана 500 түп терек айдалган эле. Учурда алардын тең жарымы куурап калган.
Эми учкундук окуучулардын англис тилин үйрөнүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Анткени Американын Массачусетс штатынан Дениел Джел аттуу англис тили мугалими айылда эмгектенмекчи.
Куланактагы Аралбаев орто мектеби жаңы 2014-2015-окуу жылына кандай кемчилдиктер жана артыкчылыктар менен киргенин билүү үчүн анын директорун сөзгө тарттык.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында быйылкы жыл кургакчыл болгон. Ошентсе да кеч башталган оруп-жыйноо иштерине тургундар кызуу киришүүдө.
Бул тренинг айыл тургундарына өздүк гигиенаны сактоого багыт берди. Мындан ары айыл тургундары туура тамактанууну өз алдынча алып кете алабыз дешет.
Куланак айылындагы Сокеев Шүкүрбек көчөсүнүн жашоочулары эки суу алуучу түтүктүн ортосунда таштанды ыргытылган аңдын тазалап берүүсүн айыл өкмөттөн суранган. Муну айыл башчысы Жетиген Мокеев акча каражаты которулбай жаткандыгы менен түшүндүрдү.
Май айы Куланак эли үчүн оор айлардын бири болду. Анткени мал жандыктары пастереллёз жана шарп илдети менен майдан бери ооруп, азыркыга чейин дарылоо иштери жүрүүдө.
Нарын районунун Учкун айылында жалгыз багбан айым бар. Ал 68 жаштагы Турдубүбү Акматова.
Нарын районундагы Учкун айылынын жашоочулары таштанды эки жылдан бери тазаланбай, жашоолоруна коркунуч туудуруп жаткандыгын айтышат. Аталган айылдын башчысы Касмакун Мамырбаев жакынкы убакта тазалоо иштери жүрөөрүн айтат.
Творческая группа общинного мультимедийного центра с.Учкун Нарынской области подготовила цикл передач, посвященных эпосу «Манас».
В видеоматериале — юные манасчи из с.Учкун, объяснение значения кыргызских слов по страницам эпоса «Манас».
Представляем вашему вниманию 2-передачу.
Нарын районунун Учкун айылдык аймагына караштуу Куланак айылында эки ай мурда жаңы мечит курула баштаган. Учурда мечиттин пайдубалы курулуп бүттү. Мечиттин курулушун жергиликтүү эл жана жаштар уюму каржылап жатат.
Творческая группа общинного мультимедийного центра с.Учкун Нарынской области подготовила цикл передач, посвященных эпосу «Манас».
В видеоматериале — юные манасчи из с.Учкун, объяснение значения кыргызских слов по страницам эпоса «Манас».
Представляем вашему вниманию 1-передачу.
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын педагогикалык адистиктердеги окутуучулары үчүн окуу куралы. Бүтүн чыгарманы жүктөп алыңыз
Манкан баатыр — кантип эшек жолборсту алдады силер ушул жомоктон билип аласыңар.
Пил жөнүндө жомок — бул жомок чоң жаныбар жана жакшылык менен жамандык күрөшү жөнүндө айттып берет.
Жомоктор кыргыз жана орус тилдерди үрөнгөнгө жардам берет.
Дагы башка чыгыш элдердин жомокторун http://bizdin.kg/ веб-сайттынын, http://bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/mankan_baatyr.pdf шилтемесинен табып аласыңар
На злобу дня с юмором — влияние соц.сетей на нарынчан.
Видеоматериал общинного мультимедийного центра с.Учкун Нарынской области.
Учкун айылындагы каналдын антисанитардык абалы чон маселе жаратууда. Анын себеби айыл тургундарынын каналдын жээгине таштандыларды ташташы жана жаныбарлардын олугун сууга ыргытышы болуп саналат.
Видеопродукт общинного мультимедийного центра в селе Учкун Нарынской области.
Учкунда таза суунун токтоп калышы көнүмүш көрүнүшкө айланды. Кээде 1-2 күндөп суу болбой калат. Айыл башчы Касымакун Мамырбаев муну тургундардын таза сууну сарамжалдуу колдонбогондугуна шылтайт.