«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын көчөлөрүнүн биринде ичүүчү суучоргосу жок болчу. Алар айыл түптөлгөндөн бери эле ичүүчү сууну жарым чакырым аралыкты басып өтүп алып келишкен.
Белек Чүкүшов 1995-жылдан бери Куланакта бак өстүрүү менен алектенип келет. Бактарды мал-койго жедирбей, өз убагында жакшы караса Нарында деле бардык жемиштер өсөт, дейт ал.

Айылга 2013-жылы 600 тонна көмүр келип түшкөн. Анын 100 тоннасы сапатсыз күйүп кеткен. Мындай окуя Учкун айылында биринчи жолу жүз берип жаткан жок, буга чейин 2011-жылы да мындай окуя катталган.

Жалпы аянты 200 квадрат метрди түзгөн бул күнөскананы Айбек Мусалиев мындан эки жыл мурда курган. Алгачкы жылы бадыраң жана помидор өстүрүү менен баштаган болсо, быйыл лимон менен баклажан кошо өстүрө баштады.
Нооруз майрамы мугалимдердин «Сармерден» оюн-зоок кечеси менен коштолду. Нооруз майрамын Умай энесиз элестете албайбыз. Андыктан Нооруз майрамында жакшылыкты тилек кылып Умай эне аластап өттү.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, Лениндин 100 жылдыгына карата медалынын, Кыргыз ССРинин ардак грамотасынын ээси, бир нече жолку Нарын областтык, райондук кеңешинин депутаты Жеңишгүл Султанова өзүнүн сүйгөн кесибине өмүрүнүн 45 жылын арнады.

Окуучулардын талантын өркүндөтүү максатында Нарын районуна караштуу Куланак өрөөнүнүн «Жаш талант-2014″ кароо-сынак фестивалы Учкун айылында болуп өттү. Куланак айылынан барган окуучулар алдыңкы орундарды багынтып, Нарын райондук фестивалга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.
Айылда муз аянтчасынын курулушунда мектеп мугалимдери Бейшенбек Иманов жана Жекшен Абдышүкүровдордун эмгеги зор. Агайлар кышкы каникулда эмгектерин жумшап балдарга муз аянтчасын даярдашты.
Учкун айыл округунун жашоочулары үчүн 2014-жылдын 20-январында жылдын жыйынтыгын чыгаруу үчүн атайын чогулуш болуп өттү. Чогулушка Нарын райондук администрация башчысы Т. Жанбоев жана башка мекеме жетекчилери катышышты.
Нарын облусунун борборунда жайгашкан Куланак айылынын уулдары “Элим Жерим” коомдук фондун түзгөн. Фондун мүчөлөрү өткөн 2013-жыл үчүн өз ара жердештер алдында отчёт беришти.
Жергиликтүү тартип коргоо кызматкерлери билдиргендей, иш чаранын максаты кылмыштуулунтун алдын алуу. Алар кошумчалагандай кечкисин 8:30дан баштап айыл көчөлөрөрүндө рейд өтмөкчү.
Аталган тренингди Айыл демилгеси коомдук бирикмесинин филиалынын жетекчиси Болотбек Сурапов өткөрдү.
Аталган долбоордун алкагында айылдагы Э. Токсобаев орто мектебинде ыктыярчылар үчүн тренингдер өткөрүлдү. Тренинг үн күнгө созулду.

Аталган бакчада балдар арасында «Кош бол алтын күз» деген темада сынак болду. Сынактын өзгөчөлүгү балдар жаш өзгөчөлүгүнө карабастан Күзгү колекцияга өз ойлорун жеткиликтүү топтоп жакшы даярдыкта катышкандыгында болду.

XXI кылымдын «чумасы» аталган Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү Куланак айылынын Аралбаев орто мектебинде белгиленди. Аталган мектептин 9-класстар арасында СПИДке каршы таймаш болуп өттү.

Мектеп окуучуларынын өрөөндүк олимпиадасы Абдылда Аралбаев атындагы Куланак орто мектебинде өткөрүлдү. Олимпиадада 11 предмет боюнча окуучуларынын билимин сыналды.

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын мугалимдери кымыз жасоочу аппарат ойлоп табышты. Мунун жардамы менен кымыз даярдоо бир топ жеңил болмокчу дешет аппаратты ойлоп табуучулар.

Улуттук баалуулуктарды даңазалоо, маданиятты көтөрүү максатында ар кандай иш-чаралар уюштурулуп келет. “Айыл кечи” деп аталган ыр кесе Нарын районуна караштуу Куланак айылында 27-ноябрда айыл тургундарынын катышуусунда өткөрүлдү.

2013-жылдын 20-ноябрында Ак-Талаа районунун Баетов айылында «Кызмат алуу укугуңузду пайдаланыңыз» аттуу ачык эшик күнү болуп өттү.

Семинарга Нарын районунун Куланак жана Учкун айылдарынын тургундары жана Мобилдик жамааттык мулттимедия борборунун мүчөлөрү катышты.