Жергиликтүү тартип коргоо кызматкерлери билдиргендей, иш чаранын максаты кылмыштуулунтун алдын алуу. Алар кошумчалагандай кечкисин 8:30дан баштап айыл көчөлөрөрүндө рейд өтмөкчү.
Аталган тренингди Айыл демилгеси коомдук бирикмесинин филиалынын жетекчиси Болотбек Сурапов өткөрдү.
Аталган долбоордун алкагында айылдагы Э. Токсобаев орто мектебинде ыктыярчылар үчүн тренингдер өткөрүлдү. Тренинг үн күнгө созулду.

Аталган бакчада балдар арасында «Кош бол алтын күз» деген темада сынак болду. Сынактын өзгөчөлүгү балдар жаш өзгөчөлүгүнө карабастан Күзгү колекцияга өз ойлорун жеткиликтүү топтоп жакшы даярдыкта катышкандыгында болду.

XXI кылымдын «чумасы» аталган Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү Куланак айылынын Аралбаев орто мектебинде белгиленди. Аталган мектептин 9-класстар арасында СПИДке каршы таймаш болуп өттү.

Мектеп окуучуларынын өрөөндүк олимпиадасы Абдылда Аралбаев атындагы Куланак орто мектебинде өткөрүлдү. Олимпиадада 11 предмет боюнча окуучуларынын билимин сыналды.

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын мугалимдери кымыз жасоочу аппарат ойлоп табышты. Мунун жардамы менен кымыз даярдоо бир топ жеңил болмокчу дешет аппаратты ойлоп табуучулар.

Улуттук баалуулуктарды даңазалоо, маданиятты көтөрүү максатында ар кандай иш-чаралар уюштурулуп келет. “Айыл кечи” деп аталган ыр кесе Нарын районуна караштуу Куланак айылында 27-ноябрда айыл тургундарынын катышуусунда өткөрүлдү.

2013-жылдын 20-ноябрында Ак-Талаа районунун Баетов айылында «Кызмат алуу укугуңузду пайдаланыңыз» аттуу ачык эшик күнү болуп өттү.

Семинарга Нарын районунун Куланак жана Учкун айылдарынын тургундары жана Мобилдик жамааттык мулттимедия борборунун мүчөлөрү катышты.

После смерти своего мужа, а затем и гибели сына, Зейнеп-апа уже 15 лет живёт в полном одиночестве в селе Куланак в Нарынской области.

Динара Ашранбек кызы эки уулу менен жакынкы айылдардын бирине туугандарына жардамдашканы барган. Апасы Динара үйдө жардам берип жүргөн кезде кичинекей балдары сыртка ойногону чыгып кетишкен. Бул окуя Динаранын балдарынын бири кудуктагы сууга түшүп кетүүсү менен аяктаган.
Аралбаев орто мектебинде термометр үч даража жылуулукту көрсөтүүдө. Окуучулардын айрымдары сууктан колдору үшүп, сабакта активдүү катыша албай жатышкандыгын айтууда.
Биз үйүнө баш бакканда Зейнеп апа мейман тосууга камданып жатыптыр.
«Кечинде коңшуларым келет, даярданыпатам»,-деп керебетинин бир чекесине олтура кетти.
Он беш жыл мурда жалгыз баласы каза болуп, андан эки жыл илгери абышкасынан айрылган.
Мунун максаты ата—энелердин мектепке көбүрөөк көңүл буруусу жана окуучулардын талантын эл алдына алып чыгуу[…]
Биз бул жөнүндө маалыматты «үч жылдыз» конкурсунун катышуучуларынан сурап өттүк. 8 класстан мындай жооп болду […]
Греко-рим күрөшү боюнча Казакстанга сапар алууда[…]
Биз күрөш боюнча маалыматты тренер Назарбек агайдан алдык.
«Бул күрөштүн ачылганына бир жарым жылдай болуп калды. Толук айтканда 1 жыл 8 ай болду. Буюрса жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз. Ачылгандан 15күндөн кийин эле үчөө орунга жетишти. Жана дагы эл аралык мелдештерден көптөгөн орундарга жетишип келетабыз. Республикалык мелдештерге да барып жүрөбүз»
Айылдагы Таңга-Бийке атындагы бала бакчасында жүздөн ашуун бала тарбияланат. Анда балдар эки смена менен окушат. Ар бир сменада 60тан бала бар, анын жарымына керебет жетишпейт.
Бала бакча 2008-жылы мамлекет тарабынан ачылган. Андагы төшөнчүлөрдү балдардын ата-энелери алып келип беришкен.

Айылдын көркү болгон парк кароосуз калгандыгын Куланактын жашоочулары баяндап өтүштү. Айылыбыздын тургуну Ырысбүбү Иманалиева сейил бак жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди.
«Сейил багыбызга көңүл бурулбай калганына көп болду. Ал жерде ызы чууну, акыр-чикирдин жана ар кандай ыплас нерселерди көрө алабыз. Бул туура эмес, ошол жердеги ата-бабаларыбыздын арбагын сыйлабагандык»,-деп көзүнө жаш алды.

Айылды кантип таза кармаш керек деген суроону тургундарга узатып көрдүк? Сурамжылоонун жыйынтыгы төмөнкүчө болду.
«Негизи чындыгында эле айылыбызда таштанды көп төгүлүп жатат. Эгер айыл өкмөт тарабынан таштанды челектер орнотулуп берилсе, мүмкүн бул айылыбыздын таза болушуна өбөлгө түзөт»,-деп жооп берди Бекназар Дөөлөтбек уулу.
Куланактагы бала бакчага башка маселе менен барганбыз, барганда свет эскертилбей өчүп калгандыктан кыйынчылыктар жаралып жаткандыгына күбө болдук.