Нарын районуна караштуу Казан-Куйган, Оттук айылынын тургундары кышка даярдыктарды көрүп башташты. Азыркы убакта айрым элдер көмүрдү күтүп жатышса, айрымдары малдын көңүн кургатып жыйнап жаткан учур. Быйыл көмүрдүн баасы кандай болору …
Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында уюштурулган кочкорлор жарманкеси өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды.
Ноокат районунуна караштуу Ак-Чал айылында «Ак Ниет Нуру» балдар бакчасынын курулушу бүткөрүлүп, ачылуу аземи болду. 75 балага ылайыкташтырылган бала бакчанын курулушу 2017-жылы башталган.
Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө жалпы беш орто мектептер бар. Жаңы 2021-2022-окуу жылынан баштап мыкты окуган окуучуларга ай сайын стипендия берилет. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Шапиев Билим күнүнө карата …
Пандемия учурунда элеттик жаштар жеке ишкердикте, билим алууда, кайрымдуулукта, жардам көрсөтүүдө ишмердүүлүгүн токтоткон жок. Айрымдары коомдук иштерде жигердүүлүк көрсөтсө, атайын уюм түзүп, кайрымдуулук иштерин жасаган жаштар дагы жок эмес.
Суусамыр айыл аймагынан чыккан активдүү жаштар айылдын өнүгүшүнө салымдарын кошуп келишет. Акыркы өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаал жаштардын кылып жаткан иштерине бир топ кыйынчылык жаратты.
Кочкор районун Төлөк айылы райондун борборунан 50км алыстыкта жайгашкан, климаты оор болгондуктан дээрлик дыйканчылык кылууга болбойт. Эгин, жашылча-жемиштер, мөмө жемиштер райондон ортомчу соодагерлер аркылуу алынып келинет.
Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айыл аймагына караштуу Жон айылына 75 орундуу бала бакчага жергиликтүү бюджеттен 4 миллион 458миң сом, республикалык бюджеттен 600миң сом, Жамааттык салым 300 миң сомду түзгөн бала бакча …
Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарына караштуу К.Абдраимов айылындагы 100 орундуу бала-бакчанын курулушу аяктап колдонууга берилди.
Күндүн илеби кайтып тоолуу аймактарда суук боло баштады. Аны менен бирге таш көмүрлөрдүн баасы дагы кымбаттап, элет жерлерине таш көмүргө суроо талаптар да көбөйдү. Барскоон айыл өкмөтү бюджеттин эсебинен социалдык …
Кыргызстанда эң көп катталган тиш ооруларынын бири – кариес. Дүйнө жүзү боюнча бул дартка жылына дээрлик эки жарым миллиард адам чалдыгат.
“Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” деген темада Базар-Коргон шаарында райондук билим берүү бөлүмү тарабынан педагогикалык конференциясы болуп өттү.
Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу Ак-Талаа районунда кышка карата даярдык кеч башталды. Бүгүнкү күндө бюджеттик мекемелерге 695 тонна гана көмүр тартылды. Ал эми жалпы район боюнча кыш мезгилине карата 16 075 …
Быйыл өлкөдө пандемия менен бирге эле кургакчылык да дыйкандарга кедергисин тийгизди. Жаан-чачын нормадан аз жаап, суунун көлөмү азайып, чөп жана дан өсүмдүктөр күйүп кетти. Албетте, мунун себебинен түшүм азайып арпа, …
Тогуз-Торо районунун Кара-Суу жана Табылгыты айылдарында коомдук угуулар өткөрүлдү. Жергиликтүү тургундар тарабынан жер маселеси көтөрүлүп, ал элдик жыйынга бекитилген. Коомдук угууда калктын ой — пикирин эске алуу менен ижарага берилген …
Кочкор районунун Төлөк айылы райондон алыс жайгашкан, климаты катаал болуп саналган айылдардын бири. Кышкысын кар жатпаса да бул айылда кыш катуу кармайт. Ошондуктан айыл эли кыштын камын эрте көрүшөт.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинде жаш мугалимдерди жумушка кабыл алуу 2019-жылдын 16-январындагы педагогикалык кеңешинин кызматкерлерди кабыл алуу боюнча жобосуна ылайык атайын сынактын негизинде жүргүзүлөт.
Токтогул району боюнча бардык мектептерде билим күнү белгиленип, окуу жылы салтанаттуу башталды.
Токтогул районуна караштуу Жетиген айылындагы Б.Салаев орто мектебинин чатыры жаңыланды. Бул ишке 1,5 млн акча каражаты сарпталып, Токтогул райондук атайын фонд тарабынан бөлүнгөн.
Суусамыр айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештин 5-кезектүү отуруму болуп, орчундуу маселелер катары мектептердин даярдыктары жана мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү талкууга алынды. Отурумга 14 депутат, айыл өкмөт жана айыл ичиндеги мектептердин жетекчилери катышты. …