Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Элдин үнү: Элеттиктерге пандемия кандай таасир тийгизди?

Түп районундагы Тасма айылынын тургундары пандемия адамдардын жашоосуна кандай таасирин тийгизгендиги тууралуу ой бөлүштү. Бири терс таасир тийгизди дешсе, экинчилери пайдасы да болду дешет.

29 Октябрь 2020 жыл 14:19

Дарыгер: Гриппол вакцинасы коронавирустан сактай албайт, бирок сасык тумоо оорусунан сактайт.

Сасык тумоо жана курч кармаган респиратордук вирустук оорулар күз-кыш мезгилинде көбөйө баштайт, башкача айтканда бул оорулардын сезону болуп саналат. Бул оору менен көбүнесе иммунитети төмөн, өнөкөт оору менен ооруган адамдар, …

29 Октябрь 2020 жыл 14:09

Куу-Майдан: Онлайн окутууда бала бакчадагы балдардын катышуусу начар

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу 2020-2021 окуу жылы аралыктан окутуу менен башталып, бардык билим берүү мекемелери онлайн билим берүүгө өтүшкөн. Алардын катарында бала бакчалар да бар.

29 Октябрь 2020 жыл 12:53

Элет жериндеги балдардын саламаттыгы маалыматтын жеткиликтүүлүгүнөн көз каранды болууда

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылында балдардын коронавирус илдети менен катталган учуру болгон жок. Бирок ата-энелер, медицина кызматкерлери жана мугалимдер тарабынан балдарга кам көрүү боюнча маалыматтар жана эскертүүлөр берилүүдө. Аймакта 1- класстын …

28 Октябрь 2020 жыл 11:49

Пандемияда аз камсыз үй-бүлөлөргө жардамдар берилди

Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалда Ак-Талаа районунда жардамга муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар кандай жардамдар берилди. Мамлекеттик жана райондук администрациясынын резервдик фондусунан, жеке ишкерлерден, эл аралык уюмдардан жана башка демөөрчүлөрдөн азык-түлүк …

27 Октябрь 2020 жыл 15:23

Акталаада “Баткен согушун эскерүү күнүнүн” 20 жылдыгы белгиленди

Аталган иш-чарага Баткен согушунун ардагерлери, айыл аксакалдары мекеме жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

27 Октябрь 2020 жыл 12:14

Элеттиктердин тил үйрөнүүсүнө салым кошкон айымдын аракети

Жаратылыш шарты катаал Казарманда Кенже Султанбаева жаш жеткинчектер үчүн чет тилин үйрөнүүгө өзгөчө шарттарды түзүп келет.

26 Октябрь 2020 жыл 11:03

Элеттик айымдар кышка даярдык көрүп жатышат

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын айымдары кышка даярдык башташты. Кышында үй-бүлөсүнүн саламаттыгы, тамактануусуна кам көрүү максатында азык-түлүктөрдү даярдап жаткан учуру.

25 Октябрь 2020 жыл 12:05

Айылда COVID-19 оорусун жуктургандардын саны кайрадан көбөйүүдө

Учурда оорунун саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу  Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү  күндүзгү стационар кайра иштеп баштады. 

25 Октябрь 2020 жыл 11:46

Ак-Талаа районунун Арпа жайлоосундагы Каракол суусуна көпүрө куруу демилгеси айтылды

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Сейтек Кулубаев Швейцария өлкөсүнүн «Памир көпүрөлөрү» (Pamir’s Bridges) ассоциациясынын президенти Бернард Репонд мырза менен жолугушту.

24 Октябрь 2020 жыл 10:49

Он жылдык бүтүрүүчүлөр жалгыз бой энеге үй куруп беришти

Ак-Талаа районудагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн тургуну Жазгүл Бектурсуновага 1992-жылы төрөлгөн классташтар үч бөлмөлүү үй тургузуп беришти.

24 Октябрь 2020 жыл 10:22

Акталаада кайрадан күндүзгү дарылоочу жайларды уюштуруу аракеттери башталды

Ак-Талаа районунда пандемияга байланыштуу күндүзгү стационарларды кайрадан уюштуруу аракеттери жүрүп жатат. Учурда 303 койка даярдоо пландалып, мунун ичинен 65 койка үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, ФАПка уюштурулду.

22 Октябрь 2020 жыл 13:14

Сovid-19 илдети жаш балдарга кандай таасир тийгизип жатат?

Учурда айыл жеринде жаш балдардын абалы кандай? Пандемия учуру балдарга кандай таасир тийгизди? Азыркы учурда алардын саламаттыгы кандай? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Барскоон айыл аймагындагы абал менен тааныштык.

22 Октябрь 2020 жыл 13:08

Учурда аймактагы жаш балдардын саламаттыгы кандай?

Бүгүнкү күндө Суусамыр өрөөнүндөгү жаш балдардын саламаттыгы канааттандырарлык экенин айылдык оорукананын үй- бүлөлүк дарыгери Дилдекан Кулукеева айтууда.

21 Октябрь 2020 жыл 19:47

Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү эскертет

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери, коронавирустун жаңы толкунунун бир себеби – санитардык талаптардын, беткап режиминин жана социалдык аралыктын сакталбагандыгы деп эсептешет. Ооруган адам дагы, дени сак адам дагы беткап режимин, …

21 Октябрь 2020 жыл 13:45

Google сыяктуу компанияларда иштеген жаштар Ат-Башылык окуучуларды окутушту

Ат-Башы районунун бардык мектептеринде бир айдан бери болуп жаткан долбоорлордун жыйынтыгы чыгып, орундары тапшырылды. Окутууларды дүйнөлүк Google сыяктуу компанияларда иштеген жаштар окутушуп, долбоор жазганды үйрөтүштү.

21 Октябрь 2020 жыл 13:14

Салттуу окуу калыбына келе баштады

Нарын районунда 15- октябрдан баштап, жалпысынан  34 мектептерде 1-6 класстар үчүн салттуу окуу жүргүзүлө баштады. Алардын ичинде Куланак айылында жайгашкан Абдылда Аралбаев мектеби бар.

20 Октябрь 2020 жыл 22:53

Аралыктан окуу учурунда окуучулар ийгилик жарата алышты

Кыргызстанда пандемияга байланыштуу билим берүү тармагы аралыктан окутуу формасына өткөнүнө 6 айга жакындады. Мындай окутуу мугалим, ата-эне эле эмес окуучуларга дагы учурунда бир топ ыңгайсыздык жараткан. Анткени окуучулар да аралыктан …

20 Октябрь 2020 жыл 20:10

«Жергиликтүү жамааттар- натыйжалуу жергиликтүү бюджеттер» долбоору

«Жергиликтүү жамааттар, жергиликтүү натыйжалуу бюджеттер» деген долбоорунун негизинде Ысык-Көл облусундагы «Аялдар ассоциациясынын» мүчөлөрү журналисттерге бир күндүк семинар өткөрүштү. Семинардын максаты, жергиликтүү бийликтегилерге ачык айкындуулукту жана коррупцияга карышы күрөшүү боюнча пайдалуу …

20 Октябрь 2020 жыл 13:17

Аралыктан окутуу айылдагы бардык үй-бүлөнүн социалдык абалына туура келбейт

Ак-Талаа районундагы Муса Баетов атындагы орто мектебинде 151 окуучуга 23 мугалим билим-тарбия берет. Мектепте дээрлик бардык мугалимдер ноутбуктар менен камсыз болгон.

19 Октябрь 2020 жыл 23:00
Шейшемби
8 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...