Нарын районундагы Учкун айылынын туругуну Амантур Болотбеков эки жылдан бери бал сатуу менен алектенет. Болотбеков быйыл бал сатып, жалпы 150 миңдин тегерегинде киреше тапкан.
Нарын райоунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде 2015-жылы ок атуу ийрими уюштурулуп, азыркы убакка чейин окуучуларды тарбиялап келет. Ийримге 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышып, класс аралык мелдештерде окуучулар ийгиликтерге …
Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Коёнкөзов орто мектебинин окуучулары кол эмгек сабагында кыздар сайма сайса, эркек балдар ат жабдыктарын жасашат.
Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну М. Иманалиев атындагы орто мектебинин эмгекке үйрөтүү сабагынын мугалими Алмаз Садыков көптөгөн жетишкендиктерге жетишип келүүдө.
Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы алма бакты карап, 24 жылдан бери ишкердик менен алектенип келген Кеңеш Итиманов менен маек курдук.
Лейлек районунун Андарак айылында сарык оорусу август-сентябрь айында көбөйүп кеткен болчу. Учурда оорунун алды алынып, сарык оорусу азайып жатканын айтат айылдык дарыгер.
Ак-Талаа районундагы Кара-Ой айыл өкмөтүндөгү жаштардын демилгеси менен жаштар арасында волейбол, күрөш жана кичи футбол боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү. Ак-Талаа райондук спорт испектору М.Чырмыевдин айтканына караганда, оюн 10-ноябрь жаштар күнүнө …
«Мектепти бүткѳндѳн кийин кайсыл кесипти тандайсыӊ?» деген суроону Терек-Суу айылындагы 11-класста окуп жаткан окуучуларга узатып, алардын келечектеги кесиби тууралуу сурамжылоо жүргүздүк.
Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде тазалоо иштери жүрүүдө. Бул иш-чараларга 5-11-класстын окуучулары катышты.
Акыркы күндөрдө Эшбай Токсобаев мектебинде волейбол оюну мурунку жылдарга салыштырмалуу көп ойнолбой калды. Бул оюнун жандандыруу максатында дене тарбия мугалимдери атайын окуучулар үчүн ийримдерди уюштурууда.
«Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коомдук уюмдарды колдоо долбоору «Исан-Лейлек» коомдук фонддору жана ACTED уюмдары жана Баткен Айылдык Кеңеш кызматы иш жүзүнө ашырып жатат.
Нарын районунун Куланак айылында уйлар карасан менен ылаңдап кеткендиги айтылууда. Бул боюнча айыл өкмөт башчысы Абай Калдарбек улууна кайрылып маек курдук.
Бакай-Ата айылындагы маданият үйүндө «Үркүн» тасмасын татууланды. Тасманы басымдуу түрдө окуучулар барып көрүштү.
Токтогул районунун Терек-Суу айылындаыг Курама уулу Турусбек мектебинин окуучулары олимпиадага даярданышып жаткан учуру. Окуучулардын айтымында, олимпиаданын шарты жылдагыдан татаалыраак.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек мектебинин ашканасында оӊдоо иштери жүргүзүлдү. Бул оӊдоо иштери эл аралык уюмдар тарабынан каржыланды.
Нарын районунун Учкун айылынын мурунку башчысы Касымакун Мамырбаев бир жылдык тыныгуудан соң 10-ноябрда кайрадан өз кызматына келди. Жаңы айыл башчы менен келечектеги пландары, аткара турган иштери тууралуу маек курдук.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын көчөлөрүн жарык кылып турган лампалары көптөн бери жараксыз абалда. Айыл өкмөт башчысы көчөгө жарыкты 15-ноябрга чейин калыбына келтирилээрин билдирди.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Арстанбек Артыков бир жылдан бери карышкыр багып келет. Учурда анын колдо багылган бир карышкыры бар.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында окуучулар арасында мелдеш болуп өттү. Мелдешке үч мектептин футболчулары катышып, Куу-Майдан айылынын футболчулары баш байгени багынтты.
Быйылкы 11-класстын окуучулары алгебра, кыргыз тил сабактарынан Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) алдын ала даярданып, келечекте кайсы кесип ээси болуунун үстүнөн иштеп жаткан учурлары. Буга байланыштуу бүтүрүүчүлөргө суроолорду узаттык.