Чүй облусунуна караштуу Токмок шаарында кулпунайдын сезону бүтүп бара жаткан учур. Кулпунай май айынын 15теринде башталып, июнь айынын 15теринде бүтөт. Базар баасы боюнча кулпунайдын килограммы 250-400гө чейин болуп жатат.
Көк-Жар айылындагы Ибраев Шеримбек атындагы гүлбакчасында ачык асман астында өтүлүүчү лагерь уюштурулган. Лагерде балдарга окууга жетишүүсүнө жана көңүл ачууга жардам беришет.
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы 74 жаштагы тургуну Акаева Турсункан 20 жылдан бери конок үйү менен алектенип, жаштарды билимдүү, эрктүү болуусуна үндөп келет.
7-июнь күнү Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айылындагы Турдакун Усубалиев атындагы орто мектебинде Улан Эгизбаевдин жаркын элесин эскерүү иретинде дил баян жазуу сынагы болуп өттү.
Куланак айылында катуу шамалдан улам электр жарыгы өчүп, оңдоо иштери жүрмөйүн күйбөйт. Себеби коюлган зым карагайлардын иштөө мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу кайра алмаштырууга муктаж.
Дээрлик бардык эле кыздар турмуш курарда жаңы үй-бүлөсү менен кантип мамиле курарын ойлоп тынчсызданат. Алардын бири Айдана Марс кызы дагы 18 жашында турмушка чыгып жатканда Кайын энем кандай болот деп …
Кайын эне менен келин эки тарап болуп бөлүнбөөсү зарыл. Эгерде бөлүнгөн болсо ортодо кандайдыр бир түшүнбөстүк пайда болот, кайын эне менен келиндин ортосунда эне кыздай жылуу мамиле болгону жакшы. Ар …
Учурда жогорку окуу жайларын аяктаган соң, иш таппай кыйналышат, тапса дагы ишин андан ары улантуу боюнча маселелер кездешет. Буга кесибин жакшы билбегендик же адистигин сүйбөгөндүктөн эмес жумшак көндүмдөр жакшы өнүкпөгөндүктөн …
Жашоонун маанилүү этаптарында дайыма даярдануу болот. Бирок үй бүлө курууда даярдануу процесси такыр эле эске алынбай калгандай. Коомдун тиреги болгон жаш үй бүлөлөрдү курууда же аны сактап калуу кайдыгерлик мамиледей …
Кайнене келиндин ортосундагы мамиле коомчулукта көп талкууларды жаратып келет. Биздин каарманыбыз Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Айнура Малабаева эл арасында калыптанып калган айрым түшүнүктөрдү балдарга сиңирүү туура эмес экенин …
2-июндан баштап Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде башталгыч класстардын окуучулары үчүн жайкы лагери өз ишин баштады. Лагерди уюштуруунун башкы максаты окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатуу болуп …
Балыкчы шаарындагы «Нуристан балдар борбору» билим берүү уюмунун негизделгенине быйыл 10 жыл толду. Маараке 2023-жылдын 27-май күнү Эсен Думанаев атындагы маданият үйүндө белгиленди.
Балыкчы шаарындагы Балдар билим берүү борборунун «Алтын балалык» аталышындагы отчеттук концерти Эсен Думанаев атындагы шаардык маданият үйүндө 31-май күнү болуп өттү.
Бүгүнкү замандын талабына ылайк көп жумуштар автоматташтырылып калды. Бирок, биз илгертен келе жаткан ата-бабаларыбыз колго жасап келген буюмдар жок болуп кетпеши үчүн эмне кылсак болот деген суроо менен Кызыл-Сай айылынын тургуну …
Жайында жашылча, жемиштердин көбөйүшү, күндүн ысышы менен кичинекей балдар арасында ич өткөк оорулары күчөйт. Бул суроого мээрман Нургуль Орозбаева жооп берди. Анын айтымында балдар көп учурда дарбыз, коон, малина, алма, …
Элибизде кыздарды сыйлап, мейман деп аздек мамиле жасалат. Бирок ошол эле учурда аларга карата чектөөлөр менен бирге каада-салт же жүрүм турум, жыныска байланыштуу бир катар стандартты сактоо талаптары бар. Ал …
Кыргыз Республикасынын UWW панкратион боюнча чемпионаты болуп өттү. Ага Балыкчы шаарынын спортчулары катышып, ийгиликтерди жаратышты.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында 1- июнь балдарды коргоо күнүнө Чолпондун маданият үйүндө балдарга бал муздак таратылды. Ошондой эле бала бакчаларда да бул майрам белгиленип бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүн мектепке узатышты.
Туристтерге кызмат көрсөтүүчү корпоратив катары негиздеген Жийдегүл Мавлянова «Боз үйлөр шаарчасын» уюштуруп, 14 үй- бүлөнү иш менен камсыздаган.
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылыл өкмөтүнүн администрациясынын уюштуруусунда кичинекей бөбөктөр үчүн балмуздактар таратылды.