Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Токтоян

Токтоян: Кызамык оорусун алдын алуу жүргүзүлүүдө.

Ысык-Көл облусунун Токтоян айылынын тургундарына мед айымдар тарабынан кызамык оорусу жугуштуу жана андан коргонуу жөнүндө маалыматтарды берүү иши башталды.

27 Январь 2015 жыл 12:34

Токтоянда чакан муз аянтчасы ачылды

Кыш келээри менен Ысык-Көл облусунун Токтоян айылынын тургундары муз тебүү үчүн коңшу айылдарга барышчу, бирок жакындан баштап аталган айылда чакан муз аянтча ачылды.

27 Январь 2015 жыл 12:32

Токтоян: Интернеттин балдарга тийгизген таасири

Азыркы учурда  мектеп окуучулары  интернетке кирип убактысын көп коротуусу адатка айланып калды.

24 Декабрь 2014 жыл 13:43

Токтоян: Мектеп окуучулары үчүн ВИЧ-СПИД тууралу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Окуучуларга мугалимдер тарабыннан ВИЧ-СПИД оорусунун жугуу жана андан коргонуу жонундо тарбялык сааттар,ангемелешуу,тегерек столдор жана сурот конкрустары откорулуудо.

image

ВИЧ-СПИД оорусунун беш айлыгы жарыяланды.Ушул оору боюнча окуучуларга тушундуруу иштерин жургузуп жатабыз дейт социолог-психолог мугалими Салима Жайылканова.
《Райондо жылда 1-декабрь ВИЧ-СПИДке карата семинарлар болуп турат.Ушул семин

6 Декабрь 2014 жыл 21:50

Токтоян: Мектеп окуучулары кышында да дене тарбия сабагын сыртка өтүшөт

   Айылда бир гана мектеп бар. Бирок ал мектепте спорт зал жок. Спорт залдын жоктугунан дене тарбия сабагын сыртка же класска отууго дуушар болушат.

image

image

   Окуучулар спорт аянтчасындагы карды озулору куроп, ошол жакта валейбол жана баскетбол оюндарын ойношот.
   » Жаан-чачында жана кы

3 Декабрь 2014 жыл 14:26

Токтоян: айылында тактай тилүүчү жай ачылды

Акыркы жылдарда Токтоян айылында курулуш иштери көп жүрүп жатат. Айыл тургундары курулуш үчүн тактайларын башка айылдарга жана шаарларга барып тилдирип келишчи. Бул алар үчүн көптөгөн чыгымдарды алып келген.

Айыл тургуну Чымыров Мырзабек тактай тилүүчү жай ачты. Ал өзүнүн тактай тилүүчү станогуна төмөндөгүдөй токтолду.

Тактай тилүүчү станокту алып келгениме 3,4–айдын жүзү болду.Алып келгенимдин себеби бул жэке кызыкчылыгым үчүн эмес элдин керегине жарасын деп алып келдим. Станокту алып келгениме баардыгы 180 миң сарпталды.Такта

23 Октябрь 2014 жыл 18:49

Токтоян: Токтоян айылындагы купка элге жакшы кызмат кылууда.

Айылыбыздагы Садыр Шатенов «кыркын баз» деген жерде малдарды дарылап,ар кандай оорулардын алдын алуу учун купканы курган. Бул купканын элге кандай пайдасы тийип жаткандыгы тууралуу мындайча маалымат берди.

   «Мен айыл жергесиндеги жашоочулар кобунчо мал менен алектенээрин ойлоп,тоого купка ачуу идеясы келди. Оюмдун жыйынтыгы жаман болгон жок. Малды котурдан арылтып, оорулардын алдын алып жатабыз. Эл учун пайдасы абдан эле чон болуп жатат. Купкага малды тушуруу учун жеке эле биздин айылдан эмес, Карасаев айыл окмотунон, Санта

22 Октябрь 2014 жыл 14:52

Токтоян айылында интернеттин ылдамдыгы жай болгондуктан айыл тургундарына кыйынчылык тудурууда

Токтоян: Интернеттин ылдамдыгы жай болгондуктан айыл тургундарына кыйынчылык тудурууда

  Учурда интернет колдонуучулардын 77%ын Бишкектиктер,10%ын Ош облусундагылар,ал эми 13% гана калган облус,шаарларга тиешелүү.

image

  Интернет биздин келечегибиз дейт 11-класстын окуучусу Гүланда Ибраева.

  «Биздин айыл борбордон алыс жайгашкандыктан интернеттин ылдамдыгы жай жана акча дагы көп сарпталат. Бирок, аг

22 Октябрь 2014 жыл 12:20

Жамааттык маалымат каражаттары журналистиканы өнүктүрүүгө өбөлгө

Мындан эки жыл мурда Кыргызстандын алты облусунда ачылган жамааттык мультимедиа борборлору кандай ийгиликтерге жетишкендиктери тууралуу айтып берүү үчүн Бишкекте басма сөз жыйынына чогулушту. Төмөндөгү видео баяндамадан кыскача тааныштырабыз.

21 Октябрь 2014 жыл 15:54

Токтоянда унаа ичинде мончо салынды

Айылыбыздын тургуну  Эрнис Ыманов маршрут авто унаасынын ичине эки кишилик мончо жасаган. Ал мончо айыл элине кызмат кылууда.

25 Сентябрь 2014 жыл 17:40

Токтоянда окуучулар күндө эртең менен кара жорго бийин бийлешүүдө

А.Кенкөзов атындагы орто мектепте эртең мененкисин окуучулар физкультура жана кара жорго бийин бийлешүүдө.

23 Сентябрь 2014 жыл 8:13

Токтояндын жаңы конушу таза суу менен камсыздалды

Айылдагы конуш эли мурда сууну жер алдынан алып кыйналган болсо, эми азыр ыңгайлуу шартта суу чоргосунан ала башташты

18 Сентябрь 2014 жыл 17:43

Токтояндын ФАПында эки медайым элге кызмат көрсөтөт + аудио

image-330.jpg

Түп районуна караштуу Токтоян айылында 400дөй калк жашайт. Аны жергиликтүү фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) эки кызматкери тейлейт.

23 Июль 2014 жыл 18:52

Токтояндын жаш баатыр энеси Жаңыл Асырбаева жөлөк пулга жетпей келет + аудио

Rita_baatyrene_toktoyan_mixdown (2)

Токтояндын 42 жаштагы тургуну Жаңыл Асырбаева мамлекеттен жөлөк пул ала албай келгендигин айтат. Айыл өкмөт кызматкеринин билдиришинче, алардын үй-бүлөдөгү материалдык абалы жакшы, ошондуктан аларга жөлөк пул берилбейт.

16 Июль 2014 жыл 13:14

Токтояндык экономист Нурлан азыр айылда устачылык менен алектенет + аудио

Rita_Aiyldyk_usta_toktoyan (1)

Токтоян айылынын 36 жаштагы тургуну Нурлан Маматкулов өзүнүн усталык өнөрү менен айылга салымын кошуп келүүдө.

7 Июль 2014 жыл 12:09

Токтоянда мечит оңдолуп түзөлүүдө + аудио

Фото3607

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы жалгыз мечиттин курулганына он жылдай убакыт болду. Андан бери мечит эскирип калгандыктан, замандын талабына жараша оңдоп түзөөдөн өтөт, деп билдирди мечиттин имамы.

28 Июнь 2014 жыл 11:01

ВИЧ-инфекцияны алдын алуу. Колдонмолор

HIVКыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын педагогикалык адистиктердеги окутуучулары үчүн окуу куралы. Бүтүн чыгарманы жүктөп алыңыз

18 Июнь 2014 жыл 16:54

Кыргыз тилинде кичиней балдарга жомоктор. Сказки для малышей на кыргызском языке

foto-s-saita-bizdin.kgМанкан баатыр — кантип эшек жолборсту алдады силер ушул жомоктон билип аласыңар.

Пил жөнүндө жомок — бул жомок чоң  жаныбар жана жакшылык менен жамандык күрөшү жөнүндө айттып берет.

Жомоктор кыргыз жана орус тилдерди үрөнгөнгө жардам берет.

Дагы башка чыгыш элдердин жомокторун http://bizdin.kg/ веб-сайттынын,  http://bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/mankan_baatyr.pdf  шилтемесинен табып аласыңар

 

18 Июнь 2014 жыл 15:32

Токтоянда балык өстүрүүчүлөрдүн саны өсүүдө

image-324.jpgТоктоян айылы негизинен малчылык менен белгилүү. Бирок жакындан бери балык өстүрүүгө көңүл бура башташты.

4 Июнь 2014 жыл 17:36

Токойдогу суу алган булактын жанында акыр-чикирлер жылдан-жылга көбөйүүдө

image-313.jpgАйылда суу түтүгүндө суу болбой калганда токтояндыктар сууну булактан алышат. Бирок акыркы кезде ал жерден суу алгандан чоочулап калышты.

4 Июнь 2014 жыл 17:06
Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...