Айыл тургуну Кудайберген Абдылдаев жаз келээри менен каргага жумуртка бастырат. Быйыл анын каргага жумуртка бастырып жатканына беш жыл болду. Быйыл дагы ал карганын жумурткаларынын ордуна тооктун жумурткаларын салды. “Быйыл каргага …
Ашырбай Коёнкѳзов атындагы №18-Токтоян жалпы орто билим берүү мектебинин 11-классын 12 окуучу аяктоодо. Алардын ону азыр алдыдагы мамлекеттик тестирлѳѳгѳ кызуу даярданып жаткан учуру.
Токтоян айылынын тургуну Бекбоо Абдылдаев согуш жылдарында жоголуп кеткен карындашын издеп келет. Карындашы Украинадан дайынсыз жок болуп кеткен.
Айылдагы депутат айым Динара Бейшембиева Американын Нью Йорк шаарында болуп өткөн сессияга катышып келди. Ал сессия «ГЕНдер» жөнүндө болду. Ал семинар ООНдун штабында болуп, Кыргызстан боюнча 9 аял баргандыгын төмөндөгүчө …
Айылдагы Канимет эне пенсия алуу мөөнөтү жетсе да акча ала албай келет. Себеби майып болгондугуна байланыштуу эч кимге кайрыла албайт.
Кыргыз эли негизинен жаратылыш менен тыгыз байланыштагы эл эмеспи. Алар дайыма отко, сууга, ыйык жерлерге сыйынышкан. Дал ушул ыйык мазар талдар бизде көп.
Мектепке Ашырбай Коёнкөзовдун ысымы бекеринен коюлган эмес. Ал согуш талаасында көптөгөн эрдиктерди көрсөтүп, башка жоокерлерге үлгү болгон. Биз сөз козгойлу деген баатыр Токтоянда туулган.
«Өнөрлүү адам кор болбойт» дегендей айылдагы Салтанат эне үйдөн бекер отурбастан кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал шырдак, ала кийиз, жылуу кийиз, өтүктөрдү жасайт.
Токтояндык Адилет Аманбек уулу 9-класстын окуучусу. Өзү кичинекей болсо дагы азыртадан машинанын моторун жасап, ар кандай бузулган майда-чүйдө техникаларды жасоо менен алектенет.
Тогуз коргоол — бул кыргыз элинин илгертен бери ойнолуп келе жаткан улуттук оюну. Дал ушул аталган тогуз когоолду токтояндык дене тарбия мугалими өзү жасайт.
Токтоянда 1-класстын Алиппе майрамы болду. Бул майрамда кичинекей балдар дикломация (ыр) гана айтышпастан бийлешип, чакан сценкаларды коюшуп айтор өзүнчө шаң менен өткөрүлдү.
Токтоян- таланттуулардын айылы десек жаңылышпайбыз. Алардын бири Кадырбек Болгонбаев. Ал көптөгөн адамдардын сүрөтүн дал өзүндөй тартат.
Түп районунун жаш өспүрүмдөр инспектору келип, №18-мектептин 8-9-10-11-класстарынын окуучуларына атайын лекция окушту. Бул лекция кылмыш, зордук-зомбулук, маңзат жана диний экстремизм боюнча болду.
Жыйырма биринчи кылым илим жана техниканын жылы болгондуктан мектеп окуучулары көп убактысын интернетте өткөрүүдө. «Ал эми окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн предметтик мугалимдер окуучуларга кандайдыр бир ыкмаларды көбүрөөк пайдаланып алардын …
Эхинококкоз оорусу малдан жугат. Ал эми Кыргызстандагы айыл тургундарынын негизги кесиби мал чарбачылык. Ошонун кесепетинен өспүрүм балдарга бул коркунучтуу дарт дал ушул малдан жугуп жатат.
Учурда мите курттардын көбөйүүсү, алардын кандай жолдор менен жуга тургандыгы жана алардан кантип сактануу керек? Канткенде биз мите курттардан арыла алабыз?
Токтоянда бозо салгандар көп. Жасалышынын оордугуна карабай, ден-соолукка тийгизген таасири зор, деп даярдап ичишет. Ал гана эмес күнүнө 20 литр өткөргөндөр да жок эмес.
Көл аймагынын Токтоян айылынын адамдардын 1/4 бөлүгүн Орусиядан иштеп келгендер жана ал жерде ишин дагы улантып иштеп жаткандар түзөт. Кээ бир айылдын тургундары рубльдын курсунун түшүшүнө карабастан иштешүүдө.
Ысык-Көл облусунун Токтоян айылы тоонун этегинде жайгашкан. Күн сууктаганда тоодо карышкырлардын саны көбөйүп, малдарга залакасын тийгизүүдө. «Карышкыр тайымдын мойнунан жана бутунан тиштеп кеткенине 20 күндөй болуп калды. Ветеринарларга кайрылып дарылап жатам. …
Мектептин курулуш иштеринин башталганына бир ай болду. Курулуш иштерине мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп берилди. «Жалпысынан 45 млн сом бөлүнүп берилди. Мектептин ордун түздөп казганга 2 млн сом кетти», —деди айыл …