Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жаңылыктар

Советтик акыркы жоокердин Афганистандан чыгарылып кеткенине 37 жыл толду

Бүгүн Ак-Талаа районунда советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага афган ардагерлери, бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, мугалимдер жана окуучулар катышты.

15 Февраль 2026 жыл 20:01

Токтогул: Турусбек мектебинин мугалимдери окутуунун жаңы интерактивдүү методдорун үйрөнүштү

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын Турусбек атындагы орто мектебинин мугалимдери «Окутуунун интерактивдүү жана инновациялык меттоддору» программасы боюнча 100 саат көлөмдөгү кыска мөөнөттөгү дасыгууну жогорулатуу курсунан өтүштү. Мугалимдерге курсту “Багыт КЖ” …

15 Февраль 2026 жыл 11:21

Кышкы фестивалда Акталаа бозосу даңазаланды

Кечээ Нарын облусунда 3 күндүк пресс-турдун алкагында Нарын районунун Салкын-Төр жаратылыш паркында “Бозо фестивалы” өттү. Бул фестивалга Ак-Талаа районунун чеберлери тарабынан улуттук суусундук болгон бозону даярдоо процесси кеңири көрсөтүлүп, конокторго …

15 Февраль 2026 жыл 11:08

Кочкордогу «Согум» фестивалы – унутулуп бараткан салттын жанданышы

Кочкор районундагы Ормон хан этно-комплексинде кыргыз элинин кышка кам көрүү салтын даңазалаган «Согум» аттуу этно-фестиваль болуп өттү. Иш-чарага Россия, Кытай жана коңшу Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн, ошондой эле башка мамлекеттерден …

15 Февраль 2026 жыл 11:04

Ак-Талаада рак илдетинин көрсөткүчү: 202 учур катталып, 56 бейтап каза болгон

Жамийла Акирекова жакындан бери Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда рентгенолог жана онколог дарыгер болуп эмгектенүүдө. Ал рак ооруларынын себептери, дарылоо жолдору жана райондогу учурдагы абал тууралуу маалымат берди.

15 Февраль 2026 жыл 10:50

2026-жылы Орозо 19-февралда башталат

2026-жылы ыйык Орозо айы 19-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады. Быйылкы Орозо 29 күнгө созулуп, 19-мартта аяктайт. Ал эми Орозо айт майрамы 20-мартка туура келет.

15 Февраль 2026 жыл 10:37

Таш Башат айылынын окуучулары стол тенниси боюнча облустук тандоодо жеңишке жетишти

Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Таш Башат айылынын Дүрбөлөң Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары теннис боюнча ийгиликтерди жаратышты.Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулган, стол үстүндөгү теннис …

15 Февраль 2026 жыл 9:03

Тогуз-Торо: Олимпиадага окуучуларды ат менен жеткирген агайлар сыйланды

Тогуз-Торо районундагы Э.Касымалиев атындагы орто мектебинин 15 окуучусу кыштын катаал шартына карабастан,  ата-энелеринин макулдугу менен агайларынын коштоосунда ат минип барып, райондук олимпиадага катышып келишкен.

14 Февраль 2026 жыл 17:44

Тогуз-Торо: Райондук олимпиада жыйынтыкталды

Тогуз-Торо районунда мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн райондук предметтик олимпиада ийгиликтүү аяктады. Билим таймашына райондогу мектептерден жалпы 267 окуучу катышып, ар түрдүү сабактар боюнча өз билим деңгээлин сынап көрүштү

14 Февраль 2026 жыл 15:01

Салкын Төрдө “Бозо “ фестивалы өткөрүлдү

13-февралда Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Салкын Төр эс алуу жайында «Бозо фестивалы» болуп өттү. Иш-чарага Нарын облусунун  райондору  Ак-Талаа жана Нарын районунун айыл өкмөттөрү активдүү катышып, ошондой эле Нарын облусунун …

14 Февраль 2026 жыл 14:37

Мекен үчүн башын сайган баатырларга таазим

15-февраль — Афган согушунун ардагерлеринин күнү. Бул дата мекен алдындагы ыйык милдетин аткарып, оор сыноолорду башынан өткөргөн жоокерлерди эскерүү жана урматтоо күнү катары белгиленип келет.

14 Февраль 2026 жыл 11:51

Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад жолу убактылуу жабылды

Тогуз-Торо району. Аба ырайынын кескин өзгөрүп, кар жаап жатканына байланыштуу автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү жана тайгактык коркунучу жогорулады. Жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын …

13 Февраль 2026 жыл 15:54

Казарман: Олимпиадага ат минип жеткен окуучулар

Тогуз-Торо районуна караштуу Табылгыты айылындагы Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектеби район борборунан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кар калың жааган шартка карабастан, мектептин окуучулары райондук олимпиадага катышуу үчүн агайлары менен бирге …

13 Февраль 2026 жыл 14:46

Улуу калемгерге таазим: Айтматов ааламындагы жаш муун

Сокулук районуна караштуу Новое айылындагы Гүльсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде декабрь айынын башында жарыяланган “Чыңгыз Айтматов – улуттун сыймыгы” аттуу үч айлык даназалоо конкурсу 2026-жылдын 9-февралында салтанаттуу жыйынтыкталды.

13 Февраль 2026 жыл 10:57

Ак-Талаа: Башталгыч класстарынын мугалимдери ноутбук алышты

Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү мектептердеги башталгыч класстарынын 181 мугалимине “Алтын казык” программасынын алкагында ноутбуктар тапшырылды. Анда “Санарип кампа” платформасы, окуу программасы, пландар, электрондук китептер ж.б. башкача айткандар мугалимдер жана …

13 Февраль 2026 жыл 10:54

Тогуз-Торо районунда илимий интеллигенциянын форумунун I этабы ийгиликтүү өттү

Тогуз-Торо районунун А. Сыдыков атындагы маданият үйүндө “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” урааны алдында илимий интеллигенциянын форумунун I этабы жогорку деңгээлде өткөрүлдү

13 Февраль 2026 жыл 8:50

Суусамыр айылында калың кар жаап, жолдор тазаланууда

Суусамыр айылы аймагында калың кар жаап, айыл ичиндеги жолдорду кар басып калды. Маалым болгондой, Суусамыр өрөөнүндө жыл сайын кыш узакка созулат. Быйыл да абанын температурасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөн болуп, …

13 Февраль 2026 жыл 8:38

Токтогулдун спорстмендери Кыргыз Республикасынын биринчилигине жолдомо утуп алышты

Манас шаарында өткөн волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигине тандоо мелдешинде, Токтогул райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (ДЮСШ) командалары ийгиликтүү оюн көрсөтүштү. Курч атаандаштыкка, күчтүү командаларга карабастан, балдар жана кыздар тайманбай күрөшүп, …

12 Февраль 2026 жыл 22:55

Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу токтотулду

Суусамыр айылынын Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүп, Бишкек–Ош унаа жолу убактылуу жабылды. Алдын ала маалымат боюнча, кар көчкүнүн бийиктиги болжол менен 2 метрге жеткен.

12 Февраль 2026 жыл 20:29

Кочкор: Республикалык олимпиаданын райондук этабы старт алды

11-февралда Республикалык олимпиаданын II (райондук) этабы старт алды. Ага өлкөнүн 9-11-классынын окуучулары 12 предмет боюнча катышууда.

12 Февраль 2026 жыл 9:28

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...