Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Баетов

Баетов айылында бир жумада 30 тонна таштанды чыгат

Баетов айылында эки жылдан бери  “Баетов таза аймагы”  муниципиалдык ишканасы айыл ичиндеги таштандыларды чыгаруу кызматын аткарат. Учурда ишканада үч киши иштегени менен жумасына бир ирет  25-30 тоннага жакын таштанды чыгарылат.

Жаштардын каржы сабаттуулугун жогорулатуу — өлкөнүн өнүгүү фактору

Учурда жаштар арасында каржылык сабатсыздык көйгөй боюнча кала берүүдө. Ошол себептүү насыя алган, төлөй албай карыз болгон же жөн гана тапкан акча каражатын пайдалуу жумшоону билбеген жаштардын саны күн санап …

Көңүл бургула, балдар!

Ак-Талаа районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын  болтурбоо жана алдын алуу максатында 1-сентябрдан бери “Көңүл бургула, балдар!”  аталышынддагы рейд журүүдө.  Аталган иш чаранын алкагында айдоочулар арасында, эл көп чогулган …

Балык баксаң — байлык табасың

“Кенч Строй” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси, жеке ишкер Кылыч Исамамбетов Баетов айылынын түндүк тарабындагы Түлкү-Сарай чөлкөмүнө атайын даярдалган көлмөгө 25 миң даана түстүү форелдин чабактарын коё берип, айыл чарбасына дагы …

Үй канаттууларын баккан Жылдызбек

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 40 жаштагы тургуну Жылдызбек Сыдыков Түлкү-Сарай чөлкөмүндө 8 жылдан бери үй канаттууларын багып келет.

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы мектепте окуу башталды

Жайкы мезгилдеги ремонт иштеринин ар кандай себептеринен улам кечеңдеп, жаңы окуу жылына кирбей калуу коркунучунда турган Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектеби 1-сентябрда окуу процессин баштады.

Айтылуу Акмөөр сулуунун айкели тургузулду (фото)

Эгемендиктин 25 жылдыгын утурлай Ак-Талаанын Баетов айылында Соң-Көл периси  Акмөордүн эстелиги ачылды. Ал Мурзалымбеков көчөсүндө жайгашкан Тарых музейинин кире бериш жерине коюлду.

Эгемендүүлүк күнүндө Ак-Талаалыктар парадга чыгышты (сүрөт баян)

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата Баетов айылында парад болду. Ага бардык мекеме-ишканалар, билим берүү мекемелери ар кандай ураан, чакырыктар менен чыгышты.

“Ак-Талаанын Ардактуу атуулу” наамы бир катар адамдарга берилди

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Ак-Талаа районунда ар кыл тармакта өз салымдарын кошкон бир катар инсандарына райондун “Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.

Каржы сабаттуулугун жогорулатуу — жакырчылыктан чыгуунун жолу

Каржылык сабаттуулук — биринчи кезекте адамдын каржылык чечимди кабыл алууда анын кесепеттери менен тобокелдиктерин эсептеп чыгууга зарыл болгон маалыматы. Учурда көпчүлүк эл насыя менен тиричилик өткөрүп жатканы белгилүү.

Көчмөндөр оюнуна Ак-Талаадан төрт спортчу барат

Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы мелдештерге катышуу үчүн  Ак-Талаа районунан төрт спортчу барат.

Агартуудагы алдыңкылар сыйланышты

Мугалимдердин август кеңешмесинде өткөн окуу жылынын жыйынтыгы менен ишинде алдыңкы көрсөткүчтү берген билим берүү мекемелери жана агартуучулар, тарбиячылар жана оңдоп-түзөө иштерин мыкты жасаган мектептер, бала бакчалар грамоталар жана акчалай сыйлыктар …

Механизатор Оконов 20 жылда 4 комбайн курап чыгып, дан эгиндерин жыйноого колдонуп келүүдө

Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын 52 жаштагы тургуну Жеңишбек Оконов 20 жылдан бери 4 комбайн курап, аларды дан эгидерин жыйноого колдонуп келет.

Мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Ак-Талаа районунда мугалимдердин август кеңешмеси өтүп, ага 18 жалпы билим берүүчү орто мектептердин жана бала бакчалардын тарбиячылары, ошондой эле акимдин орун басары А. Сулайманов жана билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги катышты.

МЭЛС ашуусунун баяны

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда бийиктиги 3000 метрге жакын болгон МЭЛС ашуусу бар.

Тигүүчүлүк — бул менин жашоом!

Кыргызстан жеке ишкердик тармагында мурдагы советтик өлкөлөр сыяктуу эле  жаш мамлекет болуп саналат. Бирок акыркы жылдары  орто жана кичи ишкердик өнүккөндөн өнүгүп келет.

Баетовдо футболдук турнир өттү

Баетов айылында Мэлс Турдалиевдин 80 жылдыгына карата бир туугандары жана балдары футболдук турнир өткөрдү. Эки күнгө созулган бул турнирге жалпы 15 футболдук команда катышып, байге фонду 40 миңди түздү.

Мектептин ашканасы жаңы жабдуулар менен толукталат

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинин ашканасы быйылкы окуу жылында жаңы эмеректер менен камсыз болот. Учурда ашканада эски жабдууларды чыгарып, жылуулук системасын орнотуу, оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Аким мектептин ремонт иштерин тез арада бүткөрүүнү тапшырды

Жаңы окуу жылынын башталарына аз убакыт калды. Учурда Ак-Талаа районунун аймагында жалпы билим берүү мекемелери ремонт иштерин аяктап, 1-сентябрга даярдык көрө башташты.

Тамчылатып сугаруу — мол түшүмгө өбөлгө

Жаңы-Талап айылында Гүлай Эсеналиева жетектеген аялдардын тобу БУУнун өнүктүрүү программасынын негизинде жашылчанын уруктары менен бекер камсыз болушкан. Аларды өз огороддоруна айдап, пайда табышат.

Дүйшөмбү
24 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...