Жаңы окуу жылынын башталышы менен Баетов айылынын Карсартов орто мектебинде өзүн-өзү башкаруу мектеп парламентинин мүчөлөрү шайланды. Бул салтанатка мугалимдер, окуучулар катышты.
Каржылык сабаттуулук – бул финансылык институттар жана алар тарабынан сунушталган продуктылар жөнүндө, ошондой эле өз иш аракеттеринин натыйжасына туура баа берүү менен муктаждык келип чыккан учурда аларды пайдалана билүү болуп саналат.
Учурда ич өткөк оорусу — жаш балдар арасында көп кездешкен оорулардын бири. Бул оору боюнча Баетов айылынын райондук ооруканасынын терапия бөлүмүнүн балдар дарыгери Жыргал Алашова менен маек курдук.
Ак-Талаа районунун Терек айылында жаңы спорт залдын курулушу каражат бөлүнбөгөндүктөн токтоп калды. Спорт зал 2015-жылы мамлекеттик бюджетке киргизилген болчу.
Жусупказы Ибраимканов Баетов айылынын тургуну. Жашы 90го чыгып калса да баскан турганы тың. Учурда уул-келинин колунда, неберелерине акыл-насаатын айтып, кеп-кеңеш берип турат.
Ак-Талаа районундагы орто мектептерде 922 мугалим эмгектенет. Үстүбүздөгү жылдын октярь айынан баштап билим берүү тармагында иштеген бардык кызматкерлер аттестациядан өтө башташат.
Социалдык туруктуулукка жана экономикалык өсүшкө коркунуч жараткан каржылык сабатсыздык көйгөйүнө мамлекеттин жана коомчулуктун көңүлүн буруу учурдун талабы.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы эң ири Ала-Буга даряасына узундугу 20 метрлик темир көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.
Баетов айыл өкмөтү тарабынан 1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата 70 жаштан жогору 200гө жакын адамдарга сый тамак берилди.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата 100 жаштан ашкан кары адамдар Анипа Баймурзаеваны жана Зулайка Шайылдаеваны куттуктады.
Ак-Талаа райондук токой чарбасынын Үгүт айылындагы кызматкеринин үйү 1958-жылы курулган. Бул аралыкта үйгө оңдөп-тузөө иштери жүргүзүлгөн эмес.
Ак-Талаа районунун Баетов айылында үйүн өзгөчө жаныбарлар менен бөлүшүп жашаган тургун бар. Света эже — ал акыркы үч жылдан бери үйүндө түгөйлүү тотукуш багат.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде информатика мугалими Нургүл Макелеева жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучуларга менталдык математика боюнча атайын курс ачып окута баштады.
Теңир-Тоо тоолуу жана шарты катаал аймак болгондуктан кышка даярдык эрте башталат. Ак-Талаа району боюнча жалпы орто билим берүүчү 18 мектеп жана 21 бала бакча бар. Райондогу 7 мектеп электр от …
Ак-Талаа районунун Терек айылында 75 орундуу жаңы бала бакча салынып, 25-октябрда колдонууга берилет. Аталган бала бакча Жерүй долбоорунун негизинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында курула башталган.
Бактыгул Акунов Ак-Талаа районунун Баетов айылынын жашоочусу. Бош убактысында кыргыздын улуттук аспабы комуз чабуу менен алектенет.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы маданият үйүнүн алдында ачык асман алдындагы көчө китепканасы ачылды.
Баетов айылына Баткен жана Афган коогаланынын катышуучуларына арналып тургузулуучу айкел алынып келинди.
Бүгүн Баетов айылындагы Адилет атындагы паркта спорттун төрт түрү боюнча турнир башталды. Турнир 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон Адилет Карасартовдун элесине арналып, достору тарабынан уюштурулду. Карасартов тирүү болгондо 31 жашка чыкмак. Быйыл алтынчы ирет …
Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кошумча курулуш 2015-жылдын күз айларынан бери токтоп турат. Алынган маалыматтарга караганда бул кичи футбол аянтчасы болот.