Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: ишембилик

Кочкордо үч айлык ишембилик жарыяланды

Кочкор районунун калктуу конуштарынын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, бак-дарактарды тигүү, парк, скверлерди уюштуруу боюнча үч айлык ишембилик жарыяланды.

Таза аймак-Жашыл аймак

2023-жылдын март айында Ысык-Ата району боюнча «Таза аймак-Жашыл аймак» урааны менен калктуу конуштардын аймагын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруунун 3 айлыгын өткөрүү боюнча жана «Жашыл мурас» улуттук өнөктүктү колдоо максатында айыл …

Кулатов айыл өкмөтүндө окуучулар ишембилик өткөрүштү

«Ыйык Ата-Журт» жаштар фондунун таймашынын башталышы менен Т. Кулатов айыл өкмөтүндөгү 10 мектеп жүрүш кылып айылдагы таштандыларды терип чыгышты.

Казан-Куйган айылында ишембиликтер башталды

8-октябрь күнү Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин жалпы жамааты ишембиликке чыгышты. Мында жамаат айылдагы борбордук көчөлөрдү жана мектептин айланасын тазалоо иштерин жүргүздү.

Акталаада массалык ишембилик өттү

Бүгүн Ак-Талаа районундагы бардык мекеме-ишканалар, билим берүү мекемелери, айыл тургундары ишембиликке чыгышты. Социалдык обьектилердин айланасы иреттелди. Ошондой эле жол жээктери, арыктар, райондун чектешкен жери тазаланып, 102 тонна таштанды чыгарылды.

Кочкордо массалык ишембилик өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 6- сентябрындагы №305  «Улуттук тазалык күнү 2023-2025- жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында Кочкор …

Акталаада “Таза мурас” өнөктүгүнүн алкагында ишембиликтер өтүүдө

Ак-Талаа районунда “Таза мурас” улуттук өнөктүктү ишке ашыруу максатында иш-чаралардын мерчеми түзүлүп, көрсөтмөлөр берилген. Ага ылайык 17-сентябрда бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларда, билим берүү мекемелеринде, айыл өкмөттөрдө ишембилик өткөрүү белгиленген. …

Абшыр-Ата эс алуу комплексинде ишембилик өткөрүлдү

 Т.Кулатов айыл өкмөтүндө тазалык иштери жүргүзүлдү. Тазалык иштери Т.Айбашев орто мектебинин мугалимдер жамааты катышышты.

Караколдо журналисттер аллеясы ачылды

Ысык -Көл облусунун жалпы жалпыга маалымдоо кызматерлери «Журналисттер үйү» коомдук бирикмесинин демилгесин «Кумтөр голд компанисинин» жана Каракол шаардык мэриясынын колдоосу менен «Журналисттердин аллеясын» көрктөндүрүштү.

Сокулук: Билим берүү мекемелеринде “Таза аймак” урааны алдында иш-чаралар өткөрүлөт

Сокулук районунун билим берүү мекемелеринин аймагында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча “Таза аймак” урааны алдында  11-февралынан 31-майына чейин айлык жарыяланган. Бул иш-чарага жалпы Сокулук районунун билим берүү мекемелери катышып, …

Кочкор: «Сейил» паркында ишембилик уланууда

Кочкор айылындагы «Сейил» паркында ар бир ишемби сайын мамлекеттик мекемелер, айыл тургундар жана жаштар тарабынан тазалоо,көрктөндүрүү иш-чараларды өткөрүлүдө. Бүгүн 9-апрель күнү ишембилик эстафетасы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебине өттү.

Соң-Көл: Жаздын алгачкы ишембилиги

Бүгүн Төлөк айылынын тургундары жана окуучулар ишембилик кылышты. Бул демилге Каратал -Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу тарабынан көтөрүлгөн.

Мугалим: Ишембиликтин максаты жөн эле айлананы тазалап коюу эмес

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде ишембилик өткөрүлдү. Кесиптик лицейдин жалпы жамааты жана окуучулары окуу жайдын айланасынан жана арык жээктеринен таштандыларды тазалап, бак көчөттөрүн отургузуп, гүлдөрдү эгишти.

Жаз мезгилинин келиши менен жашылдандыруу иштери башталды

Жаз мезгили башталып айлана-чөйрөнү тазалоо иштери айыл тургундарында жана мугалимдерде жүргүзүлүп жатат. Таштанды экологияга гана эмес адам баласынын ден-соолугуна да чоң таасирин тийгизет. Мугалимдер ар ишембиликте тазалоо иштерин жүргүзүшөт. Айлана-чөйрөнү …

Жаңгак туннелине жаңы көчөттөр отургузулууда

“Жаңгак туннели” аталган 1-май айылындагы жаңгак катарга жаңы көчөттөр тигилүүдө, ар бир жаңгактын жашы 50-80 жылга чукулдап калгандыктан сынып, куурап калган. Аларды жаңылоо максатында иш- чара уюштурулууда.  

Кулатов айыл өкмөтүндө ишембилик өткөрүлдү

Кулатов айылында айлана-чөйрөнү тазалоо максатында 4-декабрь ишембилик болду. Ишембиликке жалпы айыл тургундары жана мугалимдер катышты. 

Сүрөтбаян: Кеңеш айыл аймагында ишембилик өттү

Кеңеш айыл аймагында күз-кыш мезгилдерине даярдыктарды көрүү максатында 16-октябрь күнү ишембилик болуп өттү. Ага жалпы айыл аймактын жашоочулары жана мамлекеттик кызматкерлер катышты. Ишембиликте тазалоо иштеринен тышкары борбордук жолдордогу чункурчалар жамалды.

Сүрөт: Таштандылар кайра иштетүүгө туураланып чогултулду

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Оттук, Казан-Куйган айыл аймактарында мектеп жана бала бакчалар жамааттары ишембиликке чыгышты. Ишембиликтин катышуучуларына  айыл өкмөт тарабынан жумушчу кол каптар жана каптар берилди. Ишембиликте таштандылар кайра …

Токтоян эли жалпы айылды таштандыдан тазалады

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Токтоян айылынын жашоочулары  айылдагы таштандыларды теришти. Аларды чогултуп каптарга өз өзүнчө бөлүп кайра иштетүүчү фабрикаларга өткөрүштү.

Сүрөт: Айлана чөйрөнү тазалоо, көчөттөрдү отургузуу

Токтогул районунда бардык айыл аймактарында 3 айлык көрктөндүрүү жашылдандыруунун алкагында жалпы ишембиликтер өткөрүлүүдө.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...