Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: тасма

Чоң-Тогузбайда кыздар арасындагы аймактык волейбол оюну болуп өттү

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын спорт сарайында кыздар арасындагы аймактык волейбол оюну болуп өттү. Ага жети айылдын мектеп окуучуларынан түзүлгөн курама командалары катышып, Чоң-Тогузбайдын волейбол командасы 1-орунду алды.

Чоң-Тогузбайдын кадырлуу аксакалы Шейшенбек ата

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын кадырлуу аксакалдарынын бири Шейшенбек Соокеев 30 жылдан бери агроном болуп иштеп келет. Ал ошондой эле айылдагы аксакалдар сотунун төрагасы.

Чоң-Тогузбайда көк бөрү оюну болуп өттү

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында көк бөрү боюнча мелдеш болуп өттү. Ага үч айылдын алты улакчылар тобу катышып, Ичке-Суунун командасы баш байгени алды.

Чоң-Тогузбайдын сулуусу аныкталды

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында сулуулар сынагы болуп, ага беш кыз катышты. Сынакта 9-классынын окуучусу Назми Социалова жеңишке жетти.

Чоң-Тогузбай: Ооган согушунун ардагери Эмилбек Сыдыков

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Эмилбек Сыдыков ооган согушуна 1987-жылы барган. Ал согуштан 1988-жылы июль айларында мекенине кайтып келген.

Чоң-Тогузбайда “Ызылдак” жомогу көрсөтүлдү

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов мектебинде Жумабек Осмоновдун “Ызылдак” көрсөтүүсү болуп өттү. Аны Каракол шаарындагы драма театрынын актёрлору коюп беришти.

Чоң-Тогузбайда жамааттык мультимедиа борбору ачылды

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынында жамааттык мультимедиа борбору (ЖМБ) ачылды. Борбор Тасма айылындагы «Нур FM» ЖМБнын филиалы катары иштемекчи.

Чоң-Тогузбайдын тургундары таза суу менен камсыз болгонуна эки жыл болду

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында таза суу чыгарылганына эки жылдын жүзү болду. Айыл башчысынын айтымында, таза суу чыгарылгандан кийин айыл тургундарынын ден соолугу жакшырып калган.

Чоң-Тогузбайда Үркүн тасмасы коюлду

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде Үркүндүн 100 жылдыгына карата тасма коюлду.

Чоң Тогузбайдын ветеринары Марсбек Токтосунов

Түп районуна караштуу Чоң Тогузбай айылынын мал доктуру Марсбек Токтосунов өз кесибин 15 жылдан бери аркалап келет. Ага мамлекет акча төлөбөсө да колунан келген аракети менен айылга салымын кошууда. Айылдын …

Чоң-Тогузбай: Мектепке компьютер жана принтер тапшырылды

Түп районун Чоң-Тогузбай айылындагы Кубанычбек Мамытов орто мектебине жаңы үлгүдөгү компьютер жана принтер айыл өкмөт тарабынан тапшырылды.

Тасмада мектептин күндөлүгү жарык көрдү

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде жаңы күндөлүк ишке киргизилди. Күндөлүктө мектептин атын алып жүргөн Сопиев агайдын өмүр баяны берилген.

Чоң-Тогузбайда муз аянтчасы ачылды

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында муз аянтчасы ишке кирди. Аянтчаны айыл тургуну Курманбек Исаков ачты.

 Чоң-Тогузбайда драма коюлду 

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы №29-мектебинде окуучулардын күчү менен даярдалган “Закым кубалаган балдар” аттуу драма коюлду.

Тасмада 1-класстарга ачык сабак өтүлдү

Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы мектебинде 1-класстардын окуучуларына ачык сабак өтүлдү. Сабак кичине бөбөктөр менен өтүлгөндүктөн кызыктуу болгонун айтышты.

Тасмада ыр кесе уюшулабы?

Түп районуна караштуу Тасма айылында ыр кесе майрамы уюшулабы, деген суроого жергиликтүү бийликтен жооп издедик. Жергиликтүү бийликтин ыр кесе майрамын уюштуруучусу Динара Сыдыкова менен маек курдук.

Тасмада «Ананай» бала бакчасы ачылды

Түп районуна караштуу Тасма айылында балдар бакчасы ачылды. Учурда бакча ата-энелер тарабынан каржыланып жатат.

«Мыкты спорттук үй-бүлө» сынагына эки жыл катары менен катышкан Алмабековдор

Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Айбек Алмабековдун үй-бүлөсү эки жылдан бери райондук «Мыкты спорттук үй-бүлө» сынагына катышып келишет. Быйылкы жылы ийгиликтүү болуп, райондо 2-орун алышкан.

Тасмада чычкан көбөйдү

Күз мезгили келгенден тарта Тасма айылында чычкан көбөйүүдө. Чычканга каршы айыл тургундары каршы аракеттерди жасап жатканын айтышат.

Тасманын тургундары кышка даярбы?

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл Тасма айылында кар эрте түшүүдө деп билдиришет айыл тургундары. Тасмада биринчи кар 26-октябрь күнү жааган. Ал эми экинчи кар 17-ноябрга караган түнү жаады.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...