Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Январь 2015

Кошбулак сугат суу менен камсыз болобу?

Кошбулак аймактык башкармалыгынын маалыматына караганда 164 Га ашык бош жаткан кайрак жерди жана «камчатка» аймагын сугат суу менен камсыз кылуу иш аракеттери жүрүп жатат.

Токтоян: Кызамык оорусун алдын алуу жүргүзүлүүдө.

Ысык-Көл облусунун Токтоян айылынын тургундарына мед айымдар тарабынан кызамык оорусу жугуштуу жана андан коргонуу жөнүндө маалыматтарды берүү иши башталды.

Токтоянда чакан муз аянтчасы ачылды

Кыш келээри менен Ысык-Көл облусунун Токтоян айылынын тургундары муз тебүү үчүн коңшу айылдарга барышчу, бирок жакындан баштап аталган айылда чакан муз аянтча ачылды.

Жер көчкү коркунучу аныкталды

Сүлүктү менен Кошбулакты бириктирген Элмуратов көчөсундөгү жалгыз автоунаа жолунун жээгинде көлөмү 56 м куб болгон жер көчкү (оползень) аныкталды. Бул боюнча Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Бакыт Сапаркулов маалымдады. Көчкү азырынча …

Көмүр кенинде иштеп жаткан кенчи каза болду

Сүлүктү шаарындагы жеке менчик «Ак жол» жоопкерчилиги чектелген көмүр өндүрүүчү ишканасында иштеп жаткан өткөөлчү көмүр газына ууланып каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сүлүктүдөгү №1- куткаруучу мобилдик взводунун куткаруучулары өз убагында …

Жаш скульптор Азат

Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы  А. Сопиев атындагы №19 мектебинин окучусу  Азат Тилекбеков көп жылдан бери пластилинден  адамдардын жана жаныбарлардын образын жасап келет.  Ал пластилинден ар кандай темадагы чыгарманын каармандарын жана жаныбарларды …

,,Бугу-эне» самын жамааты брендге ээ болушту

Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы ,,Бугу-эне» самын жамааты 5 жылдан бери  табигый чөптөрдөн, гүлдөрдөн пайдалуу самындарды жасап келишет. Бул жамаат мурда кээ бир самындарына бренд алышса, азыркы учурда жаңырган жылдын 20-яанварында …

Баетов: Окуучулар аралык райондук предметтик олимпиада жыйынтыкталды

Ак-Талаа районунда мектептер аралык олимпиада Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 24-25-январда өткөрүлүп, жыйынтыкталды. Предметтик олимпиадага 18 мектептен 365 окуучу катышып, 10 предмет боюнча өз билимдерин сынашты. Олимпиаданы өз деңгээлинде  талапка …

Коомдук угууда таштанды боюнча долбоор талкууланды.

Баетов айылынын тургундары,  жаштар,  аксакалдар кеңеши, депутаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы коомдук  угууда  “Биз айылды бирдикте тазалайбыз” долбоору талкууланды. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Турусбеков Талант долбоордун милдеттерине …

Баетов: Айылда таштанды негизги көйгөй болууда

Баетов айыл аймагынын алдында уюшулган демилгелүү топтун мүчөсу Жукеш уулу Максат айылда көйгөйлүү маселелердин бири бул таштанды деп билдирди.  Анын айтымында демилгелүү топтун мүчөлөрү  сурамжылоо жүргузгөндө  катышкандардын 66 пайызы таштанды …

“Биз айылды бирдикте тазалайбыз” долбоорунун алкагында коомдук угуу болду

20-январь күнү  Баетов айыл аймагынын айылдык клубунда коомчулуктун, жергиликтүу бийлик өкүлдөрүнүн, коомдук  жана  жамааттык уюмдардын, “Айыл демилгеси”  жана Германия кызматташтыгынын “Жарандык коомду колдоо” долбоорунун  өкүлдөрүнүн катышуусунда коомдук угуу болуп өттү.

Куланак: Кызматы эл үчүн

Учкун айылдык кеңешинин депутаты. Куланак айылынын ардактуу атуулу, айылыбыздын медкызматкери Гүлзамира Чүкүшова жөнүндө сөз болмокчу.

Лейлек чек ара тозотунда ок атышуу болуп зардал каза болду

Тогуз-Булак айыл өкмөтүндөгү Айкөл айылына жакын жердеги Айкөл чек ара тозотунда 16 январь саат 22.00 чамасында ок атышуу болгон. Натыйжада чек ара тозотунун башчысы каза болуп эки чек арачы Исфанадагы …

Ноокат: Арбын айылынын чыгаан көк бөрүчүсү

Ноокат районуна караштуу Арбын айылындагы өзү жаш болсо да көк бөрү менен алек болуп, бир топ ийгиликтерге жетишип, туулуп өскөн айылынын атын Алайга, даңкын далайга чыгарган бул Ысмайыл уулу Элчи.

«Кагаз таппай калсам жерге жазып, топуракты чиймелейм»

Куу-Майдан айылынын тургуну, Кыргызстан жазуучулар союзунун мучөсү акын Акматали Абдикеримов учурда дагы деле ыр жазуу менен алектенип келет. Анын эң биринчи жарык көргөн китеби “Сагынткан ырларым”, андан кийин “Сергей Есенин …

Кошбулак: Арзан «Жайма» базар ачылды

Кош-Булакта дүң жана чекене соода жүргүзүүчү кийим кече сатыла турган «көчмө жайма» базар (ярмарка) уюшулуп иштей баштады. Базарга ар жуманын шаршемби күндөрү Кадамжай  районундагы «Баяман Баатыр» дүң базарынан жеке ишкерлер …

Сүлүктү тарыхын жазууга катышкыла

Сүлүктү шаарынын тырыхын кайрадан китеп кылып жазуу иштери башталды. Бул иш чарага элин, жерин сүйгөн ар бир атуул катышып салым кошо алат, дейт белгилүү тарыхчы, чыгаан педагог Гапыр Мадеминов. Автордун …

Үн күчөткүчтүн сапатын жакшыртуунун колдонмосу

Бул макалада жамааттык мульти медиа борборлорунда орун алган үн күчөткүчтөрдүн сапатын жакшыртууга арналган сүрөттүү колдонмо менен тааныша аласыздар.

Сүлүктүлүктөр менен Министр жолугушту

3-январь 2015-жылы Сүлүктүдө Кыргыз Республикасынын Социалдык Өнүктүрүү Министри К. Базарбаев иш сапары менен болду. Иш сапары учурунда Кудайберген Базарбаевич социалдык жактан колдоого муктаж жарандар менен жолугушуп, көйгөйлөрдү чечүү боюнча пикирин …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...