Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Ноябрь 2015

«Сумбула FM» жамаатык мультимедиа борбору эксперимент жүргүздү

Исфана шаарында 29-ноябрь күнү эки эксперимент жүргүзүп, ага адамдардын кандай реакция кылаарын байкап көрдүк. Биринчи экспериментте атайын акча капчыгын түшүрдүк. Ага бардык тургундар реакция кылып, капчыкты түшүрүп алганыбызды айтышты. Ал …

Баетовдо волейбол боюнча райондук мелдеш өткөрүлдү

Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата Ак-Талаа боюнча бир айлык жарыяланган. Ошонун негизинде Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде волейбол жана башка спорт оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Баетов: Ийилчээк кыз көрүүчүлөрдү таң калдырды

Баетов айылынын Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Алина Керимжанова өзүнүн ийилчээктиги менен көптөгөн адамдарды таң калтырды.

Баетовдо кыздар арасындагы сынакта узун чачтуу кыз аныкталды

Баетов айылындагы Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кыздар арасында «Алтын чач” конкурсу болуп өттү. Бул конкурска чачы узун кыздар катыша алышты. Жеңүүчү болуп 11-б классынын окуучусу Нурзат Замирбек кызы табылды.

Баетовдо СПИДке каршы күрөшү күнүнө карата конкурс болуп өттү

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде СПИДке каршы  күрөшүү күнүнө карата конкурс болуп өттү.

Ооган-Талаа: Билимге умтулган Курманжан

Ооган-Талаа айылынын тургуну Алишер кызынын полиартрит ооруcуна чалдыгып, кайра айыга баштаганын айтат. Кызы Курманжан ооруп калганда кыймылсыз эле жан болуп калган эле дейт ал.

Бакай-Ата: Төө буурчактын баасы айыл тургундарына нааразычылык жаратууда

Бакай-Ата районунда 1 килограмм төө буурчактын баасы күнүбүздө 33 сомдон сатылууда. Күнүмдүк керектөөлөрдүн айынан тургундар арзан баада сатууга мажбур болуп жатканын билдирүүдө.

Сүрөт: Тасмада мал ооруларына каршы эмдөө жүрдү

Түп районуна караштуу Тасма айылында мал ооруларына каршы кан алынып, ийне сайылды. Бул иш чара бодо малдын шарп, бруцеллез ооруларын алдын алуу катарында жүргүзүлдү. 

Терек-Сууда айыл өкмөтү менен окуучулар арасында дил маек болуп өттү

Токтогул районунун Терек-Суу айылында окуучулары менен айыл өкмөт башчысынын дил маеги болуп өттү. Бул дил маекте айыл өкмөт окуучулардын суроолоруна жооп берди.

Чарбак айылына жаңы мектеп курулууда

Базар-Коргон районунун Чарбак айылындагы мектеп эски болгондуктан, жаңы мектеп курулууда. Жаңы курулуп жаткан мектеп заманбап талаптарга жооп берет деп ишендирүүдө.

Көк-Алма айылынын жолдоруна асфальт төшөлдү

Азыркы убакта Базар-Коргон районунундагы Көк-Алма айылынын жолдоруна асфальт төшөлүп жолдор оңдолду. Окуучулар менен айдоочуларга жолдо жүрүүгө ыңгайлуу болуп калды дешүүдө тургундар.

Ооган-Талаа: Айрым үй-тамдар жер көчкүдө калуу коркунучунда

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында жардын жанында жашагандар коркунучта турушат. Жашоочулар алдын алуу чаралары көрүшкөнү менен азырынча аракеттери натыйжасыз бойдон калууда.

Могол айыл аймагынын социалдык объектилери кышка даяр

Быйыл социалдык объектилерге толугу менен отун жана көмүр жеткирилип, кышка даярдык көрүлгөнүн билдирди Могол айыл өкмөтүнүн кызматкери.

Терек-Суу айылында жаңы интернет-клуб ачылды

Токтогул районунун Терек-Суу айылында «Terek-Suu Revolution» деп аталган интернет-клуб ачылды. Балдарга жаңы оюн залы кызык болгону менен ата-энелер каршы болууда.

Тасмадагы мектеп терезелеринин абалы кандай?

Ысык-Көл облустунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинин терезесинин абалы учурда канаттандырарлык эмес. Кыш келгенде жылуулоо иштери жүрөт, бирок ага карабастан мектеп муздак бойдон калууда.

Тасманын ички жолдорунун бири Тынтай көчөсү оңдолду

Тасма айылынын төрт узун жолдорунун бири Тынтай көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Жол көчөнүн жашоочулары жана айыл өкмөтүнүн жардамы менен оңдолду.

Аз кандуулуктан уй шартында, кантип арылса болот?

Акыркы мезгилде анемия дарты менен ооругандардын саны күн санап көбөйүүдө. Бул ооруу адамдардын организмине керектүү азык-заттардын жетишсиздиги жана адамдардын туура эмес тамактануусунун негизинде келип чыгат.

Бакай-Атада ишкана мекемелер арасында спорттук мелдештер өттү

Бакай-Ата районундагы жана районго караштуу айыл өкмөттөрдүн кызматкерлеринин ортосунда жыл сайын өтчү спорттук спартакиада башталды. Ага жалпысынан 16 команда катышууда.

Куланак: Эми айылды суу каптабайт

Былтыр кышында 30-35 градус сууктун кесепетинен айылдагы көчөлөрдүн биринде суу ташкындоосу болуп, жабыркоо болгонун жазган элек. Бул окуядан кийин айылдагы “Макый ата” жана “Дөөлөт уулу Барктабас” көчөлөрүнө май айынан июнь …

Андаракта «Илек-илек» салтанаттуу концерти өткөрүлдү

Сумбула айыл округунун Маданият үйүндө ыр кесе өттү. Анда айылдык жаш жана кары таланттардын шыгын элге көрсөтүлүп, маданият үйлөрүнүн отчёттук концерти белгиленди.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...