М.Субакожоев атындагы Түрк лицейи тарабынан жыл сайын өтүлүүчү тестирлөө быйылкы кезеги башталып Нарын облусуна караштуу баардык айылдарда уланууда.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында жазгы айдап-себүү иштери боюнча облустук семинар жыйынтыкталды. Аталган семинарга облус аймагындагы айылдардын башчылары тажрыйба алмашуу максатында келип катышты.
Нарын шаарында «Агахан» уюмунун билим берүү программасынын алкагында “Мектеп маселелерин жакшыртууда IT технологияларын пайдалануу” аттуу эки күндүк тренинг болуп өттү. Семинарга Нарын шаарынын айрым мектептеринен жана айылдарынан келген мектеп парламентиндеги окуучулар жана мугалимдер …
Кыргызстандын бардык аймактарында малга бирка басуу иштери жүрүп жатат. Иштер Нарын районунун Куланак айылында да жүргүзүлүүдө.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында 19-март күнү “Айыл ажары” аттуу сулуулар сынагы өткөрүлдү. Ага 9-10-класстын окуучу кыздары катышышты.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Жаңыл Кыдырова бир эмес, эки кесипти аркалайт. Ал мектепте математика сабагынан берсе, бош убактысында айылдаштарынын табыштамасы менен кийим тигет.
Нарын районуна караштуу Куланак айылы тоо түбүндө жайгашкандыктан кардын эриши айыл тургундарын кооптондурат. Учурда болгон күч аракеттер жумшалганы менен кырдаал курч бойдон калууда.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде Нооруз майрамына карата окуучулардан каада-салттар кечеси өткөрүлдү.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты тарабынан Нооруз майрамына карата «Кыз-жигит сармердени» өткөрүлдү.
Бул макалада 2015-жылдын 23-октябрында качкын кылмышкерлерди кармайм деп, кызмат учурунда каза болгон Төлөбек Исмаиловду эскермекчибиз. Ата-энеси, жакындары жана кызматташтары Төлөбектин жаркын элесин эч качан унутушпайт.
Учурда кургак учук оорусу көп болуп жаткандыгына байланыштуу Нарын районуна караштуу Куланак айылында бул ооруга каршы жөө жүрүш болуп өттү. Жөө жүрүшкө айылдын окуучулары, мугалимдери, айыл өкмөттө иштеген кызматкерлер, лицейдин окуучулары, …
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин китепканасы китептер менен жаңыланды. Китептер «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында таратылып берилген.
Cынак Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылындагы Абылкасым Жутакеев атындагы мектебинде өткөрүлдү.
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтү бюджетти бөлүштүрүү боюнча сессия өткөрдү. Сессияга жергиликтүү кеңештин депуттары, коомдук уюмдар, мекеме жетекчилери катышты.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын жаш тургуну Айжамал Жеңишбекова кичинекей кезинен бери мектептеги “Ак Марал” бий тобунда бийлеп келген. Учурда ал мектептеги ийримде бийден сабак берет.
Жаз келгенде, кар ээрип, байчечекей өсүп, чымчыктар учуп келе баштайт. Бирок Нарын районуна караштуу Куланак айылында ызгаарлуу кыш болуп жаткан убагы, бул тууралуу айыл тургундарынын оюун угуп көрдүк.
Айымдардын эл аралык майрамына карата Нарын районуна караштуу Куланак айылында “Өнөрлүү кыздар” сынагы болду. Ага мектеп окуучулары катышып, 9-классынын окуучулары жеңишке жетти.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин окуучулары жылда өтүүчү “Жаш таланттар” сынагына даярданып жатышат. Даярдыктар кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу мектептин музыка мугалими Жумагүл Өмүровага кайрылдык.
Куланак айылында мүмкүнчүлүгү чектелген канча адам каттодо турат, аларга жергиликтүү бийлик тарабынан кандай жеңилдиктер каралган? Бул суроого Нарын районуна караштуу Куланак айылынын социалдык кызматкери Алмагүл Бейшеналиевадан жооп алдык.
Нарын районунун Учкун айыл өкмөт башчылыгына эки талапкер ат салышып, Касымакун Мамырбаев Учкун айыл аймагынын башчысы болуп шайланды. Биз жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы менен өзүн бул кызматты ээлеш үчүн …