Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Ноокат

Көп кырдуу таланттуу айым

Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылынын тургуну Зиягүл Козу кызы ушул айылдын көрүнүктүү, алдыңкы айымдардын бири. Ал жаштайынан эле өтө чыйрак, зирек, тыкан, эмгекчил болуп чоңойгон.

«Кулатов айымдары» тобунун бет ачар концерти болуп өттү

Кулатов айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө Кулатов айымдары тобунун бет ачар концерттик программасы болуп өттү. Иш чарага Ноокат районунун маданият бөлүмүнүн жетекчиси Камчыбекова Арзыкан, район боюнча 12 ак жоолукчан апалардын топ …

Кулатов айыл аймагында мугалимдердин укуктары жана милдеттери талкууланды

Кулатов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак мультимедиа борбору тарабынан «Демократия сааты» түз эфир радио уктуруусу болуп өттү. Конокто Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук каанасынын усулчусу Ташболотов Шакир жана Т.Айбашев атындагы …

Ноокат району дагы бир жолу «Мамлекеттик тилди» даңазалады

Ноокат районунда Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата облустук семинар болуп өттү. Семинарга Ош облусу боюнча 7 райондон катышуучулар келип күбө болушту. Ноокат райондук билим берүү тарабынан райондун бардык мектептери тил …

Ноокат районундагы жалгыз айыл өкмөт башчы айым айылдын бюджетин 3 эсеге көтөргөн

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ

Айылдагы спортчу айымга үй-бүлөсү дайыма колдоо көрсөтүп келет

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Альбина Рахманбердиева айылда спорт менен машыккан айымдардын бири.

Ноокат районунда жаңы окуу жылына карата даярдыктар жүрүп жатат

Ноокат районунда мектепке болгон даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Окуучулар мектепке керек болгон кийим-кечектерди, окуу куралдарын Ноокат базарынан сатып алышат.

Абшыр-Ата шаркыратмасы

Шаңкол айылында суу каналы капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Шаңкол айылына жаңы арык каналы капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Бул жаңы арык каналына Кенеш айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 20000 сом акча каражаты бөлүнүп, …

Адам укуктары боюнча документалдуу кино көрсөтүлдү

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кожо-Арык айылында 25 аялга «Бир дүйнө Кыргызстан» аттуу адам укуктары жөнүндө аймактык фестивалынын алкагында 20 — июндан 30 — июнга чейин бүткүл «Аймактарды өнүктүрүү жылына» …

Асила Сулайманова: «Жергиликтүү кеңеште тажрыйбасы аз, жогорку билими жок депутаттар да бар»

Ош облусундагы Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы жамааттык мультимедиа борборунда түз эфирде «Демократия сааты» долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү коомчулукту канааттандырабы?» деген темада талкуу уюштурулду. 

Билим берүү мекемелеринде бүтүрүүчүлөргө аттестат берүү аземи болуп өттү

24-июнь Кыргызстан боюнча бардык билим берүү мекемелеринде салтанаттуу аттестат берүү аземи болуп өттү. Тилебалды Айбашев атындагы орто мектебинде дагы 35 бүтүрүүчү бүтүп, 11-жылдык билими жөнүндөгү аттестатты тапшыруу аземине мектеп жетекчилиги,бүтүрүүчүлөрдүн …

Балдар жайкы эс алуу лагеринде сүрөт көргөзмөсүнө катышты

Ноокат райондук билим берүү тарабынан бир нече мектептерде жайкы эс алуу лагерлер уюштурулду. Тилебалды Айбашев атындагы орто мектебинде да жайкы лагерь болуп өттү.

Көркөм-эстетика мектеп-интернатында сүрөт тартуу боюнча конкурс өттү

Ноокат районунун Көркөм-эстетика мектеп-интернатында Ноокат району боюнча сүрөт тартууга шыгы бар, таланттуу балдар үчүн кароо-сынак болуп өттү. Сынактын максаты, балдардын шык жөндөмдөрүн жогорулатуу жана көркөм эстетика мектеп-интернатына акысыз кабыл алуу …

Көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жүрүп жатат

Ноокат районундагы бардык билим берүү мекемелеринде «Көрктөндүрүүнүн үч айлыгын» аткаруу максатында ишембиликтер болуп өттү. Ишембиликте мектеп жамааттары көчөт жана гүлдүн түрлөрүн отургузушту.

Куу-Майданда айыл өкмөттөр арасындагы волейбол боюнча мелдеш өттү

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкаар Эргешовдун элесине арналган Ноокат районунундагы жаштар арасында волейбол боюнча мелдеш Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде болуп өттү. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Окуучулар карыяларды куттукташты

Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу М. Кудайбердиев атындагы лицейинин 11-классынын окуучулары карыяларды куттукташты. Окуучулар ар бир үйгө киришип, чоң энелерге жоолук, чоң аталарга калпак кийгизишип, гүл сунуп ырдап тартуулашты.

Ак-Чал айылындагы спорт аянтчасы колдонууга берилди

Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылында спорт аянтчасынын курулушу аяктап колдонууга берилди. Буга чейин каражаттын жетишсиздигинен спорт аянтчасынын курулушу токтоп турган.

Куу-Майданда тил майрамына карата класстар аралык сынак болду

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде тил майрамына карата класстар аралык сынак болду. Ага 8-9-10-11-класстары катышышты.

Куу-Майдан айылына төрт бөлмөлүү мектеп курулууда

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинин жанына төрт бөлмөлүү мектеп курулууда.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...