Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: kyrgyzmedia

Куланакта жаш баатыр энелер арбын

Куланакта «Баатыр эне» жана “Эне даңкы” наамын алган апаларыбыз арбын. Биз бул жолу ошол апаларыбыз жөнүндө баяндайбыз.

Куланак: ВИЧ СПИДке каршы ачык сабак болуп өттү

Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде 1-декабрда ВИЧ СПИД күнүнө карата 8-класстарга ачык сабак өтүлдү. Сабакта пайдалуу маалыматтарды алдым дегендер көп болду.

Куу-Майдан: Ноокат элинин атынан боордошторго жардам берилди

Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрь куну саат 23:29да Кара-Суу районда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болгонуна байланыштуу, Ноокат районунун эли да боордошторго жардам көрсөттү.

Шанколдун тургуну 1 жарым гектар алма-өрүк көчөттөрүнүн мөмөсүн ала баштады

Шанкол айылынын тургуну Орозбек Абдырахманов 1,5 гектар жерине 400 түп алма жана 100 түп өрүк көчөттөрүн тиккен.

Ноокат районунун тургуну Сулайманова Манзура 1000 түрдүү гүл өстүрөт

Ноокат районунун тургуну Сулайманова Манзура үйүндө миң түрдүү гүлдөрдү өстүрүү менен бирге кышкы күнөсканасын да иштетип жатат.

Кашкалдак айылынын тургуну Үсөн Бекболтов балык чарбасын ачты

Жакында эле Кашкалдак айылынын тургуну Бекболтов Үсөн балык чарбасын ачты. Учурда балыктар үчүн даярдалган көлмөдө балыктар чоңоюп жатат.

Куу-Майдан: Ноокат районундагы той салонуна саякат

Ноокат шаарындагы «Венус» той салону ишке киргендигине аз гана убакыт болгондугуна карабастан, кардарларынын саны күн сайын өсүүдө.

Терек-Суу айылында биринчи кар жаады

Бүгүн 9-декабрда Терек-Суу айылында алгачкы кар жаады. Биринчи кар айыл тургундарынын кѳӊүлүн кѳтѳрүүдѳ.

Терек-Суу: Мектепте ишембилик болуп өттү

Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек мектебинде ишембилик болуп өттү. Мектептин айланасында таштанды чогулуп калгандыктан тазалоо иштери жүргүзүлдү. 

Терек-Суу: Айылдык ооруканада жылуу суу чыкпайт

Терек-Суу айылынын ооруканасында көп жылдан бери жылуу суу маселеси чечилбей келет. Ал тургай муздак суу да кээ бир учурларда чыкпай калат. Бул учурда оорукананын тазалык кызматкери кыйналаарын айтат.

Терек-Суу айыл ѳкмѳтүнүн имаратындагы жылуулук системасы жаӊыланды

Терек-Суу айыл ѳкмѳтүнүн имаратындагы жылуулук системасы жаӊыланды. Кыш мезгилинде имараттын ичи суук болгону кызматкерлерге кыйынчылык жаратып келген.

Терек-Суу: Окуучулары олимпиадага даярданууда

Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек мектебинде учурда олимпиадага даярдык жүрүп жатат. Бул райондук денгээлдеги олимпиада 10-11-декабрда Токтогул районунда ѳтмөкчү.

Куу- Майдан айылындагы саяпкер

Кеңеш айыл аймагынын Куу-Майдан айылындагы аттарды таптаган саяпкер жаңы атканаларды куруп жатат. Жаңы курулган аткана жети жылкыга ылайыкташтырылган.

Куу-Майдан айылынын тургундары жылуу полдорду орнотууда

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургундары жылуу полдорду орнотуп жатышат. Муну менен тургундар кыштын суугунун алдын алууга камданууда.

Куу-Майдан: Мектепте сармерден болуп өттү

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Нышанов атындагы орто мектебинде 7-декабрда кыз-жигит сармерден оюну болуп өттү.

Бакай-Ата: «Мээрим» бала-бакчасына таза суу киргизилди

Талас облусунун  Бакай-Ата районундагы “Мээрим” бала-бакчасында көптөн бери көйгөй жаратып келген таза суу маселеси чечилди. Бул жергиликтүү бийликтин жана “Суу өмүр булагы» долбоорунун негизинде ишке ашты.

Куу-Майдан: Шаңкол айылынын жолу жаңыланды

Жакында Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылынын жолдору толугу менен оңдолуп, айыл элине кубаныч тартуулады. Эми айылдын негизги жолу менен район борборуна барчу жолдо айдоочулар кыйналбай калганын айтышат.

Куу-Майдан: Шаңколдо унаа оңдоочу жай ишке кирди

Буга чейин Шаңкол айылында унаа оңдоочу жайдын жоктугунан тургундарга район борборуна барууга туура келчү. Эми жаңы тейлөө борборунун ишке кириши менен жашоочулар шаарга барбай эле айылда унаасын оңдото алышат.

Куу-Майдан: Шаңкол айылындагы даары суу

Ноокат районунун Шаңкол айылындагы дары булак Совет доорунда изилденген. Ага ылайык адамдын организимине пайдалуу витаминдерге жана темирге бай экени аныкталган.

Куу-Майдан: Ноокат районундагы Көркөм сүрөт мектеп интернаты жаңы жатаканалуу болду

Ноокат районундагы Тургунбай Садыков атындагы академиянын алдында түзүлгөн Көркөм сүрөт мектеп интернатынын жатаканасы 18-ноябрда ишке берилди.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...