Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: kyrgyzmedia

Куу-Майдан айылын жылуулук менен камсыз кылган ишкер

Куу-Майдан айылынын тургуну Айбек Аширбеков беш жылдан бери айылдаштарын көмүр менен камсыз кылып келе жатат.

Куу-Майданда калкты селден коргоо иш чаралары жүрүп жатат

Ноокат районунун Куу-Майдан айылында элди жана имараттарды селден коргоо иш чаралары жүрүп жатат. Иш чаранын башталганына бир айдай убакыт болду.

Куу-Майдан: Дары-Суу айылында суу тартыштыгы жоюлду

Буга чейин Дары-Суу айылынын тургундарына суунун тартыштыгы бир топ  кыйынчылыктарды жаратып келген.

Терек-Сууда СПИД күнүнө карата айылдар арасында сынак болуп өттү

Терек-Суу айылында ВИЧ СПИДке каршы айылдар арасында конкурс болуп өттү. Бул конкурска Терек-Суу жана Чолпон-Ата айыл өкмөттөрүнөн беш айыл катышып, Чолпон-Ата айыл өкмөтү жеңишке жетти.

Кара-Суунун жаш таланттары

Бүгүнкү чыгарылышта таланттуу ырчы, бийчи, комузчу, гитарада ойногон айыл тургундары жөнүндө айтып бермекчибиз.

Ак-Талаада акыркы жылдары жугуштуу оорулар көбөйдү

Мындай маалымат кечээ айыл өкмөт башчылары жана мекеме жетекчилери катышкан жыйында белгилүү болду.

Куу-Майдан: Шанкол айылында Чардана мечити ишке кирди

Ноокат районуна караштуу Шанкол айылында Чардана мечити ачылып ишке кирди. Айыл эли беш убак намазын жамаатташып чогуу окуп жатышат.

Ак-Талаада мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү белгиленди

Ак-Талаа районунда 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү белгиленип, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.

Баетовдо «Кылмыштуулукту алдын алууда исламдын ролу» талкууланды

Мындай аталыштагы жолугушуу  Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде өтүп, ага дин өкүлдөрү жана жогорку класстын окуучулары катышты.

Баетов: Өспүрүм кыздардын жыныстык жашоого эрте аралашуусу ден-соолукка зыян

Мындай багыттагы  жолугушуу бүгүн  Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин жогорку классынын кыздары үчүн өттү. Жолугушуунун негизги максаты кыздар арасында ар кандай жугуштуу ооруларды алдын-алуу, гигиенасын сактоого   жана өзүнө-өзү кам …

Тасмада сармерден болуп өттү

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев  мектебинин 7-класстар арасында биринчи жолу сармерден өттү. Бул иш чара мамлекеттик кыргыз тилдин үч айлыгын жыйынтыктоо иретинде болуп өттү.

Сүрөт: Баткенде анделектин көлөмүндөй чоң картошка

Өткөн аптада Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы базарга соодагер алып келген чоң картошка тургундардын көңүлүн бурду. Картошканын таразага койгондо анын салмагы 1 килограм 300 граммды көрсөткөн. Сатуучунун айтымында, картошка Ош облусунун …

«Сумбула FM» жамаатык мультимедиа борбору эксперимент жүргүздү

Исфана шаарында 29-ноябрь күнү эки эксперимент жүргүзүп, ага адамдардын кандай реакция кылаарын байкап көрдүк. Биринчи экспериментте атайын акча капчыгын түшүрдүк. Ага бардык тургундар реакция кылып, капчыкты түшүрүп алганыбызды айтышты. Ал …

Баетовдо волейбол боюнча райондук мелдеш өткөрүлдү

Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата Ак-Талаа боюнча бир айлык жарыяланган. Ошонун негизинде Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде волейбол жана башка спорт оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Баетов: Ийилчээк кыз көрүүчүлөрдү таң калдырды

Баетов айылынын Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Алина Керимжанова өзүнүн ийилчээктиги менен көптөгөн адамдарды таң калтырды.

Баетовдо кыздар арасындагы сынакта узун чачтуу кыз аныкталды

Баетов айылындагы Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кыздар арасында «Алтын чач” конкурсу болуп өттү. Бул конкурска чачы узун кыздар катыша алышты. Жеңүүчү болуп 11-б классынын окуучусу Нурзат Замирбек кызы табылды.

Баетовдо СПИДке каршы күрөшү күнүнө карата конкурс болуп өттү

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде СПИДке каршы  күрөшүү күнүнө карата конкурс болуп өттү.

Ооган-Талаа: Билимге умтулган Курманжан

Ооган-Талаа айылынын тургуну Алишер кызынын полиартрит ооруcуна чалдыгып, кайра айыга баштаганын айтат. Кызы Курманжан ооруп калганда кыймылсыз эле жан болуп калган эле дейт ал.

Бакай-Ата: Төө буурчактын баасы айыл тургундарына нааразычылык жаратууда

Бакай-Ата районунда 1 килограмм төө буурчактын баасы күнүбүздө 33 сомдон сатылууда. Күнүмдүк керектөөлөрдүн айынан тургундар арзан баада сатууга мажбур болуп жатканын билдирүүдө.

Сүрөт: Тасмада мал ооруларына каршы эмдөө жүрдү

Түп районуна караштуу Тасма айылында мал ооруларына каршы кан алынып, ийне сайылды. Бул иш чара бодо малдын шарп, бруцеллез ооруларын алдын алуу катарында жүргүзүлдү. 

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...