Пандемиялык кырдаал өлкөдөгү бардык тармакка өз таасирин тийгизди. Анын ичинде маданият тармагы дагы бир топ кыйынчылыктарга дуушар болду. Тактап айтканда, маданият үйлөрүндө, айылдык клубдарда маданий-массалык иштер белгисиз мөөнөткө токтотулуп, театр, …
Психикалык саламаттык ден-соолуктун ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп саналат. Башкача айтканда, психикалык ден-соолук бул – ийгиликтин негизи жана адам өзүнүн ички дүйнөсү менен бирге гармонияда болуу.
21-март Нооруз майрамын утурлай Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин уюштуруусунда салттуу сплтанаттардын бири болгон кыз-жигиттердин «Сармерден» оюну уюштурулду.
Кош бойлуулук кезинде аялдардын кандай илдет болбосун кабылуу коркунучу жогору. Ал эми пандемия учурунда коркунучу андан да кооптуу. Ошол себептүү кош бойлуу аялдар өздөрүн этият кармоосу зарыл. Эгер зарыл болбосо …
Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде Улустун улуу күнү болгон Нооруз майрамын тосуу 18-март күнү сүмөлөк кайнатуу менен башталды. Сүмөлөктү мектеп мугалимдери эл-жерге тынчтык, молчулук, токчулук тилеп …
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык кароо-сынагынын райондук туру өткөрүлдү. Кароо-сынак райондук билим берүү бөлүмү жана балдардын билим берүү борбору тарабынан уюштурулуп, 15 …
Өткөн жумадан бери тынымсыз жаап жаткан кар жана жаан-чачындан улам Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин чатырынан суу агып, айрым окуу бөлмөлөрүнөн тамчы тамып жатат.
Кыргыз эли илгертен мал жандуу жана ар бир үйдө майда жандык менен бирге эле ири мүйүздүү мал багылат. Учурда мал короолордо туут башталып, төл маалы. Ал эми туут мезгилинде мал …
Ак-Талаада эки күн бою тынбай кар жаады. Толугу менен видеодон көрө аласыздар
Ак-Талаада «Ак Мөөр — 2022» сулуулар сынагынын финалдык туру болуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынактын алгачкы айлампасы 9-март күнү өткөрүлүп, ага жалпы жети кыз катышып, мунун ичинен беш кыз финалдык айлампага өтүшкөн.
Ак-Талаа районундагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде таланттуу окуучулардын сүрөттөрүнө уюшулган галерея бар.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанат өткөрүлүп, бир катар айымдар сыйланды. 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата райондук маданият үйүндө өткөрүлгөн майрамдык салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, …
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде мугалимдер арасында өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыгы чыгарылды. Майрамды утурлай өткөрүлгөн салтанатка ардагер жана башка билим берүү мекемелеринде эмгектенип жаткан мугалимдер чакырылган.
Учурда жаз мезгили келип, көпчүлүк малдардын төлдөп жаткан учуру. Бул учурда малдан бруцеллез оорусун жугузуп алуу коркунучу жогору. Бруцеллез оорусу менен ооруган мал-жандыктардан жугуучу зооантропоноздук (малдан адамга жугуучу) оорулардын катарына …
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде класс аралык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп, ага «Аян» (8-кл), «Сайып уруш» (9-кл) жана «Эрешен (10-кл) деген аталыш үч команда катышты.
Дүйнө жүзү COVID-19 илдети менен күрөшүп жатканына эки жылдын жүзү болду. Бул аралыкта аны дарылоо алгоритмдери бир канча ирет өзгөртүлдү. Дарыгерлер мезгил-мезгили менен ар кандай окутуулардан өткөрүлүп, чукул кырдаалда чечим …
Ата- Мекенди коргоо күнүнө карата Ак-Талаа райондук спорт бөлүмү бир катар спорттук иш-чараларды уюштурушту.
Ак-Талаа районунда пандемиялык кырдаалга карабай балдардын жалпы саламаттыгы жакшы. Дарыканаларда муктаждыкка жараша дары-дарымектер жетиштүү. Билим берүү мекемелеринде атайын медайымдар бөлүнүп, алар балдардын саламаттыгын текшерип, көзөмөлдөп турушат.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналив атындагы инновациялык орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата 11-класстардын окуучулары арасында «Зарница» аскердик-прикладдык оюну уюштурулду.
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында А.Абдраимов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Мектепти курууга мамлекет тарабынан 67млн.сом бөлүнүп, мектеп 257 орунга ылайыкталган.