Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кыргызча

№43-кесиптик лицейдин окуучулары Талас аэропортунун ачылышында кесипкөйлүүлүгүн көрсөтүштү

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан Байдалы Шаршенбаев атындагы №43-кесиптик лицейдин келечектеги жаш адистери, Талас аэропортунун ачылышында баалуу кесиптик иш тажрыйбасына ээ болушту. Талас аэропортунун ачылышында студенттер конокторду түрдүү тамак-аштар жана …

23 Май 2024 жыл 21:53

Ноокатта «Жаш сүрөтчү 2024» кароо сынагы болуп өттү

Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде «Жаш сүрөтчү 2024» кароо сынагы болуп өттү. Сынакты көркөм өнөр сабагынан берген Дарбишова Айлар өткөрдү. Сынакка 5-6-7-класстын окуучулары катышты.

22 Май 2024 жыл 22:14

“Быйыл Талас шаарынын өнүгүүсүнө 150 миллион сомго жакын каражат сарпталат”

“Ачык өкмөт” долбооору алкагында Талас шаарынын мэри Эрмат Джумаев шаарды өнүктүрүү боюнча маалыматтар менен бөлүшүп, калаа тургундарынын суроолоруна жооп берди. 

21 Май 2024 жыл 21:52

70 жаштагы апа «Мээрман эне» төш белгиси менен сыйланды

Бишкек шаарында “Сейтек” балдар борборунунда “Азем” продюсердик борбору Энелердин күнүнө карата «Апам жана Мен” деген концерт берип, энелерди “Мээрман эне” деген төш белги менен сыйлап энелердин ак батасын алып көптүн …

21 Май 2024 жыл 11:08

Матлюба Мусабаева — кыргыз менен өзбек элдеринин достугунун акыны

Матлюба Мусабаева — кыргыз элинин жүрөгүнө жакын ырларды жана аңгемелерди жаратып келген таланттуу акын, Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзу жана журналисттер союзунун мүчөсү. Өзбек улутунун кызы болсо да, ал кыргыз тилинде …

20 Май 2024 жыл 19:07

Тогуз-Торо районунун акими түз эфирде элдин суроолоруна жооп берди

“Ачык өкмөт” долбоорунун алкагында ай сайын жергиликтүү элден суроолорго Тогуз-Торо районунун акими Манас  Мураталиев Тогуз-Торо ФМ баракчасы аркылуу түз эфирде жооп берет. Түз эфир учурунда берилген суроолордун айрымдарын сунуштайбыз

20 Май 2024 жыл 17:53

Кыргызстандагы жергиликтүү деңгээлде чыр-чатактарды жана тынчтыкты талкуулоо: ЮНЕСКО менен БУУӨПтүн биргелешкен долбоорунун алкагындагы иш-чара

2023-жылдын 15-майынан 20-майына чейин Ош, Өзгөн, Жалал-Абад, Баткен жана Раззаков шаарларында Кыргызстандагы жергиликтүү деңгээлдеги чыр-чатактарды жана тынчтыкты талкуулоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Бул иш-чаралар ЮНЕСКО менен ПРООНдун биргелешкен долбоорунун бир бөлүгү …

20 Май 2024 жыл 15:43

Каргалык айыл аймагында «Энелер күнүнө» арналган майрамдык иш чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Зууракан Акунова, Райондук аялдар кеңешинин төрайымы Венера Эпээва, Каргалык айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Рада Мамбеталиевалар …

20 Май 2024 жыл 11:28

Бүгүн Жийде айыл аймагында сел жүрдү

Бүгүн 18-майда Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда саат 12:00 чамасында (Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылында) сел жүрүп, кум шагылга толтуруп салган.

18 Май 2024 жыл 11:41

Акталаалыктар «Жаш музыкант-2024» сынагынан байгелүү кайтышты

Ак -Талаа райондук Н.Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары «Жаш музыкант 2024» облустук кароо-сынагына катышып, байгелүү кайтышты. Тактап айтканда аталган сынак музыкалык мектептер арасында 15-май күнү Жумгал районунун Миң Куш …

17 Май 2024 жыл 12:49

Токтогул району боюнча 11-классты 1057 окуучу аяктап жатат

Токтогул районунда, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында жыйын өттү. Ички иштер кызматкерлер тарабынан, ата-энелерге, окуучуларга, мугалимдерге окуучулардын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте, көзөмөлгө алынары айтылып эскертилди.

16 Май 2024 жыл 13:21

Кочкор айылында мектептин күнөсканасы ачылды

Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин кореялык KOIKA уюму тарабынан айыл чарбанын келечеги үчүн күнөскана курулуп бүтүп, колдонууга берилди. 2024-жылдын 16-май күнү салтанаттуу ачылыш аземи болду. Иш-чарага келечектеги «Эл …

16 Май 2024 жыл 12:58

Тынчтыкты орнотууда коомдук консультативдик кеңештердин ролу

Көп этностуу 18 райондорунда жана 5 шаарларында райондук мамлекеттик администрациялардын/мэриялардын алдында түзүлүп, жалпы 319 адамдан турат. Коомдук кабылдамаларга жеринде жардам көрсөтүү максатында, коомчулуктун улуттук белгилери боюнча кемсинтүүгө, дискриминациялоого жана башка …

15 Май 2024 жыл 16:19

Токтогул: Чоң-Арык айылынын ички жолдору ондолуп жатат

Токтогул районунун Чоң-Арык айылында ички жолдор ондолууда. Айыл тургундарынын салымы менен ички жолдорго кум, шагыл төгүлүп, таштандыларды тазалап, бак-дарактар кыйылып, көчөлөр кеңейтилип, чакан көпүрөлөр салынып жатат.

13 Май 2024 жыл 18:01

Көк-Жар айыл аймагында акыл таймаш болуп өттү

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл аймагында «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу акыл таймашы өткөрүлдү.  Таймашка жалпысынан Көк-Жар айыл аймагынан 9 мектеп, ал эми Бел айыл аймагынан 4 мектеп катышты.

13 Май 2024 жыл 17:31

Ак-Талаадагы мектепке 2,5 млн сомго кичи спорт зал салынды

Бүгүн Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 1-4-класстын окуучулары үчүн атайын жаңы кичи спорт зал пайдаланууга берилди.

11 Май 2024 жыл 17:48

Ак-Талаа: Мектептеги жыйындар залына Маметшерип Жаңылышовдун ысымы берилди

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин жыйындар залына Нарын облусунун жана Ак-Талаа районунун Ардактуу атуулу Маметшерип Жаңылышовдун ысымы берилип, ачылыш салтанаты болду. Иш-чарага агайдын туугандары, үй-бүлөсү, замандаштары, кесиптештери, ардагерлер, …

11 Май 2024 жыл 17:18

Токтогулдагы Сары-Булак каналын тазалоо иштери жүрүп жатат

Токтогул районунун Чоң-Арык айылында Сары-Булак каналын тазалоо иштери жүрүп жатат. Сары-Булак каналын тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн “Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери, атайын бөлүнгөн техника менен иш алып барып жатышат.

10 Май 2024 жыл 16:39

“Progress cup” аталышындагы интеллектуалдык оюну болуп өттү

Бишкек шаарында “Прогресс” коомдук бирикмелеринин филиалдары арасында “Progress cup” интеллекттуалдык оюну уюштурулду. Жеңген командаларга каралган байге фонду 100 000 (жүз миң) сомду түздү.

10 Май 2024 жыл 16:06

Ноокат: STEM багытында райондук деңгээлде семинар уюштурулду

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде STEM жана Келечек үчүн билим берүү багытында райондук деңгээлде семинар өткөрүлдү. Семинарга мектеп мугалимдери жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси …

9 Май 2024 жыл 14:24

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...