Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургуну Максат Кубанчбеков Корчубек Акназаров орто мектебине келип балдарга тарбиялык мааниде 9-11-класстардын окуучуларына сабак өттү. Коомдук ишмер балдардын кийинки жашоосунда мамлекетке пайдасын тийгизген жаштардан болуп өсүүсүн …
«Соң-Көл» орто мектебининде 23-февраль «Ата Мекенди коргоочулар күнүнө» карата 7-10-класстар аралык мырзалар арасында оюн-зоок таймашы болуп өттү.
Кант шаарындагы Какиш Рыскулова атындагы №2 мектеп-гимназиясында 50 мугалим, анын ичинде 6 агай эмгектенет. Агайлардын арасында «Эл агартуунун мыктысы» жана жаш адистер бар. Агайлар жөнүндө кененирээк видеодон көрсөңүздөр болот.( видео …
Жал айылындагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында “Ооган согушу тарыхтагы өчпөс так” аттуу иш-чара болуп өттү. Ооган согушунун ардагерлери мектепке чакырылып, алардын катышуусунда класстык сааттар өткөрүлдү. “Жоокерлерге таазим!” аттуу концерттик программа …
21-февраль Бүткүл Дүйнөлүк Эне тилдин Эл аралык күнүнө карата Жал айылындагы мектеп-гимназиясында чоң иш-чара болуп өттү. Иш-чарага мугалимдер жана окуучулар активдүү катышышты. Өткөрүлгөн иш-чараларды сүрөттөр баяндайт.
21-февраль күнү Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде кезектеги «Ата-энелер мектеби» болуп өттү. Бул иш-чара Гапыр Мадаминов тарабынан 1997-жылдан бери өткөрүлүп келет. Эми бул иш-чара аталган мектепте да болуп келе …
Бугүн Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде 23-февралга карата салтанаттуу тизим болду. Тизим 9-11-класстар даярдаган иш-чара менен коштолду.
Кыргыз Республикасынын эл акыны Шайлообек Дүйшеев Ат-Башы районундагы мектептерге өзүнүн калемине таандык китептерин белекке берди.
«Соң-Көл» орто мектебинде «Табигый илимдер» декадасынын 10 күндүк иш чарасы мугалимдерге семинар өтүү менен жыйынтыкталды.
Кулатов айыл өкмөтүндө «Ыйык-Ата Журт» Кызыл-Кыя коомдук жаштар фонду тарабынан уюштурулган китеп жарманкеси өттү. Иш чарага айыл тургундары, жана ЖМП долбоору менен иш алып барып жаткан окуучулар катышты.
Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борборуна «Ыйык-Ата Журт» Кызыл-Кыя коомдук жаштар фондунун жетекчиси Алтынбек Атамбаев келип конок болуп, кеңсени жакындан таанып кетишти.
Мектеп менен ата-эненин байланышын күчөтүү максатында Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 7- классынын окуучулары жана ата — энелери менен тарбиялык ачык сабак өтүлдү. Бул сабакты класс жетекчи жана …
“Дил мүрөгү” коомдук кайрымдуулук фондунун мүдүрү, теле журналист, “Жаштар сүйлөсүн” теледолбоорунун алып баруучусу Темирлан Акматов Р.Мамыралиев мектеп-гимназиясында мейманда болду.
Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде Кочкор районунун 19 мектебин жаңы компьютер менен камсыздады. Анын ичинде «Соң-Көл»орто мектеби бар.
Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн 30-январь №16 буйругунун негизинде 21-февраль “Эл аралык эне тил күнүнө” карата сынак жарыяланган. Сынакка Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын 9-11-класстын окуучулары катышты.
Ооган согушун эскерип, окуучулардын патриоттук сезимдерин тарбиялоодо Ооган согушунун ардагерлеринин катышуусунда Орок айыл өкмөтүнүн Селекция айылындагы Орок орто мектебинде 10-февраль күнү салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Базар-Коргон районундагы Б.Осмонов атындагы гимназия орто мектебинде райондук жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын арасында республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы жана Манас айтуучулардын сынагынын райондук баскычы өттү.
8-февраль күнү Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин Aмерикалык математикалык олимпиадасынын экинчи туруна жолдомо алган окуучуларына сыйлыктар ыйгарылды. Сыйлыкты Кочкор районунун администрация башчысынын орун басары жана …
Сокулук районунун Жал айылындагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясы компьютерлер менен камсыз болду. Жалпы 21 компьютер, 6 проектор жана принтер берилди.
1975-жылы Болотбек Шамшиев тарткан «Ак кеме» киносунда баланын ролун ойногон актер Нургазы Сыдыгалиев Кант шаарындагы №3 мектеп-гимназиясынын окуучулары менен жолугушуу өткөрдү.