Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ишкердик

Пайдалуу кеңештер: Кургак чайдын пайдалары

Айыл тургундары, кургак чайды кайнатып ичип бүткөндөн кийинки калган  калдыктарын жөн гана ысырап кылбастан аларды пайдалуу жактарын билип, аны пайдалуу гана жакка колдонуп келишкен.

12 Январь 2017 жыл 14:29

Куу-Майдандын тургуну Адылжан Полотов тегирмен жасады

Ноокат районунуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Адылжан Полотов өз колу менен тегирмен жасады. Учурда өз тегирмени менен элге кызмат көрсөтүүдө.

12 Январь 2017 жыл 14:07

Асылкүл Өмүралиева: Түймө түйүү менин эрмегим

Нарын районуна караштуу Куланак айылында колунан көөрү төгүлгөн апалар көп. Алардын бири Асылкүл апа, үйүндө жөн гана олтурбастан түймө түйүүнү эрмек кылат.

11 Январь 2017 жыл 15:07

Талас жаштары 2016-жылдын жыйынтыктарын чыгарды

Талас облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы 2016-жылы ѳткѳрүлгѳн иш-чаралардын жүрүшү тууралу маалымат беришти.

11 Январь 2017 жыл 11:40

Сүрөт: Куланактын тиш дарыгери үч айылдын тургундарына кызмат көрсөтөт

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда эмгектенген тиш доктур Айзада Коңурбаева эл кызматында. Ага Куланактан тышкары Учкун жана Жылан Арык айылдарынын тургундары дарылануу үчүн келишет.

10 Январь 2017 жыл 20:18

Андарактын уз-чебери Махабат Самандарова

Лейлек районуна караштуу Искра айылынын тургуну Махабат Самандарова 15 жылдан бери чеберчилик менен алектенет. Ал элден түшкөн тапшырыктар аркылуу иштеп акча таап, үй-бүлөсүн багып келет.

10 Январь 2017 жыл 15:44

Терек-Сууда Компаньон банкынын сактык кассасы кызмат кылууда

Токтогул районунун Терек-Суу айылында Компаньон банкынын сактык кассасы он жылга жакын убакыттан бери иш алып барып келет. Компания банкка айлангандан бери айыл тургундарына толук кандуу банк кызматтарын көрсөтө баштады.

9 Январь 2017 жыл 19:24

Сүрѳткѳ толгон сүрѳтчүнүн үйү

Талас шаарынын тургуну Бактыбек Байдаралиевдин үйүнѳ конок болдук. Бактыбек мырза кѳп жылдан бери сүрѳт тартып келет. Сүрѳтчүнүн үйүнѳ конок болгонубуздун себеби, бул үй сүрѳт галереясына айланган. Сүрѳттѳр үйгѳ ѳзгѳчѳ атмосфера …

9 Январь 2017 жыл 16:59

Чоң-Арыкта биогаз чыгарган Шаршенбек

Токтогул районунун Чоң-Арык айылында 28 жаштагы Шаршенбек Жеңишбек уулу эки жылдан бери биогаз чыгаруу менен алектенет. Биогаз чыгаруучу жайды ал үч жылда жасап бүткөн.

9 Январь 2017 жыл 14:13

Чоң-Арыктагы бильярд клубу

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында бильярд клубу ачылып иштеп жатканына беш айдай убакыт болду. Клубду ачкан айыл тургунунун айтымында, оюндун бул түрүнө кызыкккандар көп болууда.

9 Январь 2017 жыл 13:23

Кеңеш айыл өкмөтүндө улак болуп өттү

Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө улак болуп өттү. Ага жалпы тогуз команда катышып, Арбын 1 курамасы баш байгени багынтты.

9 Январь 2017 жыл 11:21

Талгатбек Жусуповдун элесине арналган мелдеш болду

Нарын районунун Куланак айылында Талгатбек Жусуповдун жаркын элесине арналган шахмат мелдеши болуп өттү. Аны Жусуповдун балдары жана кыздары каржылап демөөрчү болуп беришти.

8 Январь 2017 жыл 1:35

Жаш спортчунун алгачкы кадамдары

Бүгүнкү каарманым спорттун бир түрү боюнча бир катар ийгиликтерди жаратып келет. Нарын районунун Куланак айылынын кичинекей тургуну жакында эле Иран мамлекетине барып келди.

7 Январь 2017 жыл 13:25

Сары-Дөбөнун 87 жаштагы айдоочусу Жусуп ата

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын 87 жаштагы тургану Жусуп чоң ата 62 жылдан бери айдоочулук менен алектенип келет.

7 Январь 2017 жыл 10:08

Сары-Дөбөдө алма сактоочу жай иштеп жатат

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында алма сактоочу жай иштеп жатат. Аны айыл тургуну Нургазы Исманов негиздеген.

5 Январь 2017 жыл 19:04

Чоң-Арык: «Тамашоу» шайыр тапкычтар клубунун мыктысы аныкталды

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Коргол орто мектебинде «Тамашоу» таймашы болуп өттү. Анда эки команда ат салышып, 1-орунду мектептин 8-классынан түзүлгөн «Универсал» командасы багындырды.

5 Январь 2017 жыл 13:39

Чоң-Арыкка маршрутка каттай баштады

Чоң-Арык айылынан Токтогулга жаңы №425-маршрутка каттай баштады. Эми айыл тургундары районго 50 сом менен барып калышты. Буга чейин айыл тургундары Токтогул шаарчасына 100 сом жол кире төлөп каттап келишкен. 

5 Январь 2017 жыл 11:25

Сүрөт баян: «Аяз ата келиниз, бизге белек бериңиз!»

Команда «Радиомост» провела предновогоднее шоу «Аяз Ата келиниз, бизге белек бериңиз».

4 Январь 2017 жыл 12:17

Аба ырайы кандай болоорун аныктаган Токтогул ата

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын 80 жашка таяп калган тургуну жылдыздардын жардамы менен кундун кандай болоорун билип келет. Күндүн кандай болоорун Ай жана жылдыздардын жайланышы боюнча аныктайт.

3 Январь 2017 жыл 15:38

Андарактык табып Бүүзия Умурзакова

Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Бүүзия Умурзакова он жылдан бери табыпчылык менен алектенип келет. Анын айтымында, бул касиет ага тай энесинен калган.

3 Январь 2017 жыл 14:03
Жекшемби
27 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...