Улахол айыл аймагына караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну Мырзалиев Бакы чакан мал ѳстүрүү фермасын ачты.
Токтоян айылынын тургуну Алымбек Байгашкайев Ашырбай Коёнкөзов атындагы №18 Токтоян орто мектебинин мугалими. Ал мугалимдик кесиптен тышкары ыр жазуу менен алектенет.
Тасмада жалпысынан 9-10 азык-түлүк сатуучу дүкөн бар. Алар негизинен күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү башка шаарлардан алып келип сатышат.
Бубузуура Мукараповна 45 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Ал эми узчулук, чеберчилик өнөрүн 12 жашынан баштап үйрөнүп, азыркы учурда көптөгөн сыйлык граммоталардын ээси. Аты аталган чебер айым узчулук өнөрдү …
Тасма айылында үрөн тазалоочу жай үч жылдан бери иштеп келет. Бул жайда талаага себилген арпа, буудайдын үрөнү тазаланат.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында жаз эрте келгенине байланыштуу жазгы себүү иштери да эрте аяктады.
Көптөгөн ырлардын обондорунун ээси Усупбаев Кыдыкбек Жал айылынын мектебинде “ вокал” ийримин жетектеп иштейт. Обончунун обондорун 90-жылдардан берки белгилуу ырчылардын көбү ырдашкан. Алардын эл оозунда ырдалып, белгилүү болуп калгандардын бири …
Нарын районуна караштуу Учкун айылында торт, коржик, кекс, булочкаларды айыл тургуну эч кандай жабдуусуз өз колу менен жасоодо.
Түп районуна караштуу Тасма айылында мышык чөптү (валерианка) кичи күнөсканаларда өстүрүүдө. Картошканын баасы арзан болуп, актабай, киреше түшпөй калгандыктан айрымдары дары чөптөрдү өстүрүп, күзүндө түшүм алып, кымбатыраак баада тейлөөчүлөр каналына, …
Жал айылында пенаблок чыгаруучу заводду ишкер Кожомгелдиев Нурлан башкарат. Ал заводун ачылганына болжол менен бир жыл болду.
Жаздын эрте келгендигине байланыштуу айыл өкмөтүнүн буйрутмасы менен айыл жергесинде иш кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн орун басары Сайпидин Омурзаковдон маалымат алдык.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылына Ринат Тулөбаев “Өз элимден бата аламын” аттуу концертин тартуулады. Концертти ырчылар коштоп, Ринат балбан өзүнүн өнөрүн ар кандай ыкмаларды жасап көрсөттү.
Ысык-Көл облусунун Тасма айылында айыл тургундары күнөсканада өсүмдүк ,дары чөптөрдү өстүрүү менен алек болууда.
Базар-Коргон районуна караштуу Көктонду айылындагы чебер айым Айчүрөк Исмайилова өзүнүн кол өнөрчүлүгүн көрсөттү. Бул өнөр менен ал 10 жашынан бери алектенип келе жатканын айтат.
Кыдырмыш Масылов Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинин мугалими болуп 41 жылдан бери эмгектенип келет. Ал эл агартуунун отличниги наамын алып, мектепте директордук милдетти да …
Ысык-Көл облусунун Тасма айылынын тургуну Жаңыл Чингиспаева айылдын кыз-келиндерине кышкы салаттарды, түрлүү кыям, компотторду даамдуу кылып жасоого үйрөтүү менен көп жылдан бери алектенет.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында жаңы мончо ачылды. Мончону айыл тургуну Занаш Молдожанов 2015-жылда кура баштаган эле.
Ысык-Көл облусунун Тасма айылында жашаган дыйкан Бейшенбай Сааданбаев үйүндөгү электр жарыгынын тез-тез өчүрүлүшү көйгөйүн чечүүнүн жолун тапты — ал үчүн дыйкан шамалдын энергиясын пайдалана баштаган. Сааданбаев шамал-генераторун 2015-жылдын жайында чогултуп …
Баетов айылдык кеңешинин депутаты А. Нурматов 8 жылдан бери өтүкчүлүк кесип менен каражат таап, үй-бүлөсүн багып келет. Өтүк ултаруу, тигүү, кайра жасоо каараманыбыздын сүйүп жасаган жумушу.
Бири камчы согуп бири тикмечилик менен алектенип, мырза өз үй-бүлөөсүн багып, айым болсо жолдошуна чоң жардамын тийгизип келет.