Күндүн суугуна жана спорт зал жоктугуна карабай Сокулук районундагы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “Кана эмесе балдар” деген эстафета өткөрдү. Бул эстафетага 6–7–8–9–10–11–класстардын окуучулары катышышты.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналив атындагы инновациялык орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата 11-класстардын окуучулары арасында «Зарница» аскердик-прикладдык оюну уюштурулду.
Ковидке каршы вакцина даяр болору менен биздин өлкөдө дагы эмдөө жүрүп баштаган. Коллективдүү иммунитет пайда кылыш үчүн калктын жок дегенде 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек эле. Ал эми Ача-Кайыңды айылынын …
KyWRAW тармагынын колдоосу менен «Элетайым» Коомдук Бирикмесинин төрайымы Мыскал Байгазиева «Харассментке каршымын! Жумуш үстүндөгү ыдык көрсөтүү-зомбулук!» аттуу семинар өткөрдү.
Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебине Билим Берүү Министрлигинен Кытай Эл Республикасынын элчилигинин колдоосу менен окуу эмеректер тапшырылды.
Кочкор районундагы Кара-Тоо айылынын №15 кесиптик лицейинде 23-февраль «Мекенди коргоо» күнүнө карата мугалим, устат жана окуучулар арасында футбол оюну боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Мелдеш окуучулар арасында достукту, ынтымакты чыңдоо максатында спорттун …
Тилебалды Айбашев атындагы орто мектепте орус тили жумалыгы жыйынтыкталып, масленица майрамы белгиленди. Окуучулар өз өнөрлөрүн тартуулап, ыр, бий , көркөм айтуу, сулуу жазуу, макал лакап программасында таймашты.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы «Баатыр эне- Шорукова Какен апа» атындагы балдар бакчасынын жаш тарбиялануучулардын ден соолугу канааттандырарлык. Бул тууралуу бала бакчасынын директору Жаркын Кенжебаева билдирди.
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында А.Абдраимов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Мектепти курууга мамлекет тарабынан 67млн.сом бөлүнүп, мектеп 257 орунга ылайыкталган.
Өлкөдө ковид-19 илдети катталганга чейин аралыктан билим алуу деген түшүнүк болгон эмес. Качан гана оору башталып, бардык билим берүү мекемелери жабылып аралыктан окуу режимине өтүштү. Мына ушул аралыктан окуу канчалык …
Ноокат районунда «Эр жигит эл четинде жоо бетинде» аттуу ооган согушунун ардагерлери менен окуучулардын жолугушуусу болду.
Пандемия күчөп жаткан 2020-жылы №6 Адиба Ильясова атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине ашкана курула баштаган. Жумуштун баары токтобой, заманбап ашкананын курулушу аяктап балдарга тамак ошол жерде жасалып жатат.
Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору болуп Гулнура Исмаилова дайындалды. Буга чейин жетектеп келген Бурул Мамытова үй-бүлөлүк абалына байланыштуу жумуш ордун өткөрүп берди.
Коллективдүү иммунитети адамдардын басымдуу көпчүлүгү ооруга каршы иммунитети болгондо гана иштейт. 10-15% эмделбеген адамдар түрүндөгү кичинекей ажырым эпидемиялардын үзгүлтүксүз кайра жанданышына же коомдун чакан чөйрөлөрүндө патогендин айлануусуна алып келиши мүмкүн. …
Нарын районундагы «Учкун» жамааттык мультимедиа борборунун онго чукул ыктыярчы-кабарчысы Куланак районунуда уюштурулган тажрыйба алмашуу иш-чарасына катышып келди. «Медиа Курултай» аталышындагы иш чараны «Учкун», «Куланак» жана «Усупбекстан» мультимедиалык борбору биргелешип уюштурду.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде кыз-келиндер арасында волейбол боюнча өтмө кубок жана аркан тартыш улуттук оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аны райондук жалпы дарыгерлер практикалык борбору уюштуруп, Баетов …
Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде Билим Берүү Министрлигинин жарлыгы боюнча англис тили жумалыгы болуп өттү.
Ак-Талаа районундагы Бакый Мусуралиева атындагы орто мектебинде 1-класстын жана 4-класстын жөндөмдүү окуучулары менен биргеликте «Жакшы окуп келечекке умтулабыз! » аталышында сынак сабак өткөрүлдү.
Кочкор районундагы Корчубек Акназаров орто мектебинин, спорт зал оюн аянтчасынын терезеси жаңыланды. Мектептин терезеси эски болгондуктан 200миң сомдун тегерегинде каражат жумшалган.
Кочкор районунун Корчубек Акназаров орто мектебине бекер УЗИ аппараты менен келип окуучулар менен мугалимдердин ден соолугун текшерүүдөн өткөрдү.