1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата Ак-Талаа райондук маданият бөлүмү тарабынан эмгек жолу, үй-бүлөлүк баалуулуктары жана коомдук турмуштагы активдүүлүгү менен жаштарга үлгү болгон 50 жаштан жогорку үй-бүлөлөрдү даңазалоо максатында …
Токтогул шаарындагы №4 Бримкулов атындагы мектепте окуучулар арасында шахмат боюнча райондук биринчилик өткөрүлдү. Мелдешке аймактан 6 жаштан 18 жашка чейинки окуучулар катышты.
Күнтүү айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында Табышалиева көчөсүнүн 1 чакырым 100 метр бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Аксы районунда майыптыгы бар жарандар арасында XV Жалал-Абад облустук спартакиадасы өткөрүлдү.Спорттук иш-чарага Жалал-Абад облусунун райондорунан спортчулар катышып, спорттун ар түрдүү түрлөрү боюнча күч сынашты.
Тогуз-Торо районунда жаштар арасында шахмат спортун өнүктүрүү жана популярдаштыруу максатында шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү.Мелдешке райондогу жалпы билим берүүчү мектептерден 6 жаштан 18 жашка чейинки окуучулары катышып, шахмат боюнча чеберчиликтерин жана …
ТТогуз-Торо районунда 5 жаштан 18 жашка чейинки таланттуу балдар арасында «Талантың болсо өргө чап, таанылып өсүп элге жак» аттуу кароо-сынак өткөрүлүп, анын алгачкы баскычы жыйынтыкталды.
Токтогул шаарында коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында «Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасы жаңыланды. Бул максатка Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 5 миллион 721 миң сом бөлүнгөн.
Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайын айылынын түштүк тарабындагы Шырдакбектин сайы участкасында жээк эрозиясынын алдын алуу жана турак жайларды коргоо максатында дамба куруу иштери жүргүзүлүүдө. Жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүүгө …
Токтогул районунун спортчулары майыптыгы бар жарандар арасында өткөн XV Жалал-Абад облустук спартакиадасында командалык эсепте II орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болушту.
Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында Күнтуу айыл өкмөтүндө коомдун ынтымагын бекемдөөгө салым кошкон аксакалдар сотунун кызматкерлери жана ардагерлери сыйланды.
Күнтуу айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата мектептерде жана бала бакчаларда майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаралардын негизги максаты — жаш муундарга эне тилинин кадыр-баркын жеткирүү жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо.
Токтогул районунда Суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Ишкерлер күнү белгиленди. Майрамдык иш-чарада райондун өнүгүүсүнө жана социалдык-экономикалык абалына салым кошкон бир катар адистер менен ишкерлерге сыйлыктар тапшырылды.
24-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кезектеги президенттик шайлоону дайындоо боюнча маанилүү токтом кабыл алынды. Эл өкүлдөрүнүн чечими менен өлкө башчысын шайлоо 2027-жылдын 27-январга белгиленди. Бул документти 86 депутат колдоп добуш берди.
Тогуз-Торо районунун акими Нурлан Эшмукамбет уулу түз эфир учурунда жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип, райондун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги ири долбоорлор тууралуу айтып берди.
Бүткүл дүйнөлүк Тазалык күнүнө карата Тогуз-Торо районунда «Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө» аталышындагы тазалык акциясы өткөрүлдү. Иш-чараны Тогуз-Торо жаштар кеңеши уюштуруп, район аймагында масштабдуу тазалык иштери жүргүзүлдү.
Күнтуу аймагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери жана тургундар биргеликте тазалык акциясын өткөрүштү. Иш-чаранын алкагында коомдук жайлар, мекемелердин айланасы, парктар, дүкөндөрдүн тегереги жана Маловодное айылынан Бишкек–Кара-Балта автожолуна чейинки жол боюндагы …
Токтогул районундагы Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын тургундары үчүн маанилүү болгон Бууракан–Үч-Терек жергиликтүү маанидеги автоунаа жолун калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Учурда жолдун 5 чакырымдык тилкесине жаңы асфальт-бетон төшөлүүдө.
Өлкөдө жүрүп жаткан экологиялык демилгелердин алкагында Токтогул районунда да масштабдуу тазалык иштери уюштурулду. Улуттук тазалык күнүнө карата стратегиялык маанидеги Токтогул суу сактагычынын жээгинде жалпы райондук ишембилик өткөрүлдү.
2026-жылдын 1-октябрынан тартып өлкө боюнча пенсиянын өлчөмү жогорулайт. Бул чечим пенсионерлердин социалдык абалын жакшыртуу максатында кабыл алынган.Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 20 пайызга, башкача айтканда 1,20 коэффициентине индексацияланат. Анын натыйжасында өлкөдө минималдуу …
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин лицей филиалдарында Мамлекеттик тил айлыгы башталды. Быйылкы айлык «Кыргыз тил — элдин жүрөгү, адабият — дилдин мүрөгү» деген аталышта өткөрүлүүдө. Иш-чара «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик …