Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Каржылык сабаттуулук жаш-карыга бирдей керек

Каржылык сабаттуулук – бул финансылык институттар жана алар тарабынан  сунушталган продуктылар жөнүндө, ошондой эле өз иш аракеттеринин натыйжасына туура баа берүү менен муктаждык келип чыккан учурда аларды пайдалана билүү болуп саналат.

6 Октябрь 2016 жыл 6:59

Окуучулар карыяларды куттукташты

Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу М. Кудайбердиев атындагы лицейинин 11-классынын окуучулары карыяларды куттукташты. Окуучулар ар бир үйгө киришип, чоң энелерге жоолук, чоң аталарга калпак кийгизишип, гүл сунуп ырдап тартуулашты.

6 Октябрь 2016 жыл 0:56

Ак-Чал айылындагы спорт аянтчасы колдонууга берилди

Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылында спорт аянтчасынын курулушу аяктап колдонууга берилди. Буга чейин каражаттын жетишсиздигинен спорт аянтчасынын курулушу токтоп турган.

5 Октябрь 2016 жыл 23:03

Сүлүктүдө Мугалимдер күнү белгиленди

Бугун 05.10.2016-жылы Кыргыз Республикасынын башка аймактарында, анын ичинен Баткен облусунун Сүлүктү шаарында да «Мугалимдердин кесиптик майрамы» белгиленди. Шаарынын Маданият сарайында өткөрүлгөн аземдин катышуучуларынан маек алдык.

5 Октябрь 2016 жыл 18:37

Куланакта түшүм жыйноо башталды

Нарын районунун Куланак айылында куздүн келиши менен түшүм жыйноо башталды. Жаздан бери эмгектенип келе жаткан дыйкандардын эмгеги кандай болгондугу тууралуу алар менен маек курдук.

5 Октябрь 2016 жыл 18:12

Учкун айыл өкмөтү карыларды майрамы менен куттуктады

Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн жалпы жамааты карыларды майрамы менен куттуктап, аш-чара уюштурушту. Иш-чарага келген карылар менен маек куруп келдик.

5 Октябрь 2016 жыл 17:58

Куланак айылында футбол аянтчасын куруу үчүн марафон болду

“Келечекке бирге барабыз” аттуу марафон 2-октябрь күнү болуп өттү. Марафондун максаты эмне болгондугун билүү үчүн биз катышуучулар менен маек курдук.

5 Октябрь 2016 жыл 17:55

Ич өткөк — коркунучтуу оору

Учурда ич өткөк оорусу — жаш балдар арасында көп кездешкен оорулардын бири. Бул оору боюнча Баетов айылынын райондук ооруканасынын терапия бөлүмүнүн балдар дарыгери Жыргал Алашова менен маек курдук.

5 Октябрь 2016 жыл 17:27

Теректеги спорт залдын курулушу токтоду

Ак-Талаа районунун Терек айылында жаңы спорт залдын курулушу каражат бөлүнбөгөндүктөн токтоп калды. Спорт зал 2015-жылы мамлекеттик бюджетке киргизилген болчу.

5 Октябрь 2016 жыл 16:44

Жусупказы ата Баетовдун ардактуу аксакалы

Жусупказы Ибраимканов Баетов айылынын тургуну. Жашы 90го чыгып калса да баскан турганы тың. Учурда уул-келинин колунда, неберелерине акыл-насаатын айтып, кеп-кеңеш берип турат.

5 Октябрь 2016 жыл 16:16

Коргоол мектебинин ашканасында оңдоп түзөө иштери жүргүзүлдү

Токтогул районунун Чоң Арык айылындагы  Коргол мектебинин ашканасына жаңы кол жуугучтар коюлуп, суу жылыткыч орнотулду.

5 Октябрь 2016 жыл 15:36

Шаардык кеңештин төрагасы көпүрө курдурду

Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Каныбек Арзибекович Исмаилов өзүнүн кичи мекени болгон Сүлүктү шаарынын Бакыбек айылына көпүрө куруп берди.

5 Октябрь 2016 жыл 13:36

Мугалимдер аттестациядан өтүшөт

Ак-Талаа районундагы орто мектептерде 922 мугалим эмгектенет. Үстүбүздөгү жылдын октярь айынан баштап билим берүү тармагында иштеген бардык кызматкерлер аттестациядан өтө башташат.

5 Октябрь 2016 жыл 12:59

Кызыл-Жылдыз айылында көчө аралык ыр кесе болуп өттү

Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында 5-октябрь күнү кезектеги көчө аралык ыр кесе салтанаты болуп өттү. Ыр кесе “Тарых жана маданият” жылына жана 1-октябрь карылар күнүнө карата өткөрүлдү.

5 Октябрь 2016 жыл 0:03

Ташчайнар учурда Бакай-Ата айылында

Дүйнөнү дүнгөрөткөн Ташчайнар учурда Бакай-Ата районундагы мектепти кыдырып, өнөрүн тарттуулап жүрөт. Муну менен ал окуучуларды жашоодогу терс көрүнүштөрдөн алыстаткысы келет.

4 Октябрь 2016 жыл 19:22

Кызыл-Туу айылынын тамырчысы Мавлян Асылбеков

Асылбеков Мавлян — элдик дарыгер. 1994-жылдан тартып тамырчылык кесипти баштаган.

4 Октябрь 2016 жыл 13:40

Куу-Майданда мугалимдер күнүнө карата концерт болуп өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде Мугалимдер күнүнө карата 4-октябрда концерт болуп өттү. Концертти «Ыр, бий» ийриминин катышуучулары коюп беришти.

4 Октябрь 2016 жыл 13:19

Терек-Суу айылында чач тарач иш алып барууда

Токтогул районунун Терек-Суу айылында май айынан бери чач тарач ачылып, иш алып барууда. Чач тарачты 25 жаштагы айыл тургуну Каныкей Ызакул кызы ачкан.

3 Октябрь 2016 жыл 21:22

Терек-Сууда мугалимдер күнүнө карата кече болуп өттү

Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде мугалимдердин күнүнө карата 5-Б классы тарабынан уюштурулган кече болуп өттү. Окуучулар өз колдору менен жасаган белектерин мугалимдерге тартуулашты.

3 Октябрь 2016 жыл 21:04

Терек-Сууда эгин жыйноо ишембилиги болуп өттү

Токтогул районунун Терек- Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинин окуучулары мектептин түшүмүн жыйнашты. Эгин жыйноо ишембилигине 8-9-10-11-класстардын окуучулары катышты.

3 Октябрь 2016 жыл 20:37

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...