Суусамыр айылы тоолуу аймакта жайгашкандыктан өндүрүш жокко эсе. Айыл тургундары керектүү курулуш материалдарын Карабалта шаарынан ташып келүүгө мажбур болушкан. Төө Ашуу ашуусунан жүк ташуучу унаа менен алып келүү кыйынчылыктарды жаратып …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев атындагы Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде мектепти тазалоо иштери болду. Бул иш-чаранын максаты мектептин айланасын таза кармоо ирээтинде өтүлгөндүгү туралуу айтып өтүштү.
“Кенч Строй” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси, жеке ишкер Кылыч Исамамбетов Баетов айылынын түндүк тарабындагы Түлкү-Сарай чөлкөмүнө атайын даярдалган көлмөгө 25 миң даана түстүү форелдин чабактарын коё берип, айыл чарбасына дагы …
Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 40 жаштагы тургуну Жылдызбек Сыдыков Түлкү-Сарай чөлкөмүндө 8 жылдан бери үй канаттууларын багып келет.
Финансистер каржылык жактан билими бар адамдын үйүндө ар дайым акча болорун эскертишет. Демек каржылык сабаттуулук биздин жашоодо чоң ролду ойнойт. Мисалы: жеке акча каражаттарын сактоо жана туура пайдалануу, билим алуу …
Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин терезелерин долбоордун алкагында пластик терезелерге алмаштырылды. Аны менен бирге текчелери жана сырткы эшиктери да жаңыланды. Оңдоп-түздөө иштери бир айга чейин созулду.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында жаан-чачындан улам беде уругу жакшы алынбай калды. Бул туурасында айыл тургундары билдиришти.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 «Кызгалдак» балдар бакчасы бир топ жылдан бери кышкысын иштебей келген. Себеби балдар бакчасында жылуулук системасы жок болгон.
“Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты: Концепция жана мыйзам негиздери” боюнча Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты, жергиликтүү дин кызматкерлери, айыл тургундары менен биргеликте жыйын өткөрүлдү.
Нарын районуна каршатуу Учкун айылында арпа күшөөчү станок ойлоп табылды. Бул станок жумушту жеңилдетүү максатында ойлоп табылган.
Учкун айылында 15-августан бери өтүп жаткан 15 үй кожейкелеринин сабагы бүгүн аяктады. Сабак айылдагы апалардын турмушун оңдоо максатында өтүлгөн.
Жайкы мезгилдеги ремонт иштеринин ар кандай себептеринен улам кечеңдеп, жаңы окуу жылына кирбей калуу коркунучунда турган Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектеби 1-сентябрда окуу процессин баштады.
Эгемендиктин 25 жылдыгын утурлай Ак-Талаанын Баетов айылында Соң-Көл периси Акмөордүн эстелиги ачылды. Ал Мурзалымбеков көчөсүндө жайгашкан Тарых музейинин кире бериш жерине коюлду.
Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата Баетов айылында парад болду. Ага бардык мекеме-ишканалар, билим берүү мекемелери ар кандай ураан, чакырыктар менен чыгышты.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Ак-Талаа районунда ар кыл тармакта өз салымдарын кошкон бир катар инсандарына райондун “Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.
Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы мелдештерге катышуу үчүн Ак-Талаа районунан төрт спортчу барат.
Канча кылым карытып жол басып өтсө дагы, кыргыз ала кийизинин жасалышы ошол бойдон муундан муунга өтүп келет. Жүнгө жан кийирип, ала кийиз жасаган уз айымдардан ала кийиздин жасалыш тартиби менен …
Акырындап мектеп окуучуларынын жайкы каникулу бүтүп бара жатат. Биз окуучулар жайкы эс алууну кандай өткөзгөндүгү тууралуу маек курдук.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинин жанына төрт бөлмөлүү мектеп курулууда.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Убайдилла Рустамов айылдагы комуз жасаган жыгач уста. Комуз жасоо ал үчүн кесип эмес, ата-бабасынан калган өнөр.