Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 8 миӊден ашык адам жашайт. Аларга бир тиш дарыгери жетишпегендиктен Кызыл-Суу айылынан тиш дарыгерлер тобу келип азыркы учурда иштөөдө.
Барскоон айылындагы жамааттык мультимедиа борбору жаңы ачылгандыктан көптөгөн окуутулар өтүлүүдө. 24-25-ноябрда ыктыярчылар үчүн 2 күндүк тренинг болуп өттү.
19-ноябрь күнү Кош-Булак айылында журналистика боюнча тренинг болуп өттү. Бишкектен келген тренер Каарманбек Кулуев окуучу-студенттерге интернет сайтка макала чыгарууну үйрөттү.
Нарын районунун Жерге-Тал айылында “Мейки” жамаатык мультимедиа борборунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул борбордун ачылышын айыл эли, өзгөчө жаштар кубануу менен кабыл алышууда.
Ысык-Кол облусунун Тасма айылында Асан Сопиев атындагы орто мектебинде 21-ноябрда “Ломоносов” таймашы откорулду. Таймашка 9-10-11 класстын окуучулары катышты.
Чуй областынын Кара-Суу орто мектебинде ушул жылдын 26 ноябрда кыз-жигит оюну откорулот. Оюнду Кара-Суу мектебинин окуу завучу Марафат Насранбекова жарыя кылды.
Нарын облусуна караштуу Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде 800дөн ашык окуучу билим алат. Бул мектеп төрт корпустан туруп, эки корпусу гана окууга жарактуу болгондуктан жаңы имараттын салынышына муктаж. …
Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан “Тайлак баатыр” атындагы спорт клубу көптөн бери ийгиликтерге жетишип келе жатышат. Алар Кыргыз Республикасын башка өлкөлөргө таанытууга жана желегин желбиретүүгө салымын кошуп келишет. Жакында эле …
Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Молдобаев Тойгонбай Бекташович өкмөттүн алгылыктуу иштери жөнүндө маалымат берди.
Тон районунда 14 ноябрь күнү күчү 7 баллдык жер титирөө катталды. Бул жаратылыш кырсыгынан Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 458 турак жай үй, короо жайлар ар кандай категориядагы жаракаларга ээ болгон.
24-октябрь күнү Лейлек районунун Искра айылында Совет доорунда башталган мектеп бүтүрүлүп, ишке киргизилди. Бул узак курулуштун аякташына жана мектептин ачылуу аземине атайын Президенттик Аппараттан И.Илмиянов, билим берүү жана илим министири …
Суусамыр айыл аймагында жаңы типтеги эки кабаттуу оорукананын ачылышы болуп, колдонууга берилди. Оорукананы салуу мамлекет тарабынан каржыланып, 3 жылдын ичинде салынып бүттү.
Баетов айылындагы Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебиндеги балдар тамактануучу ашкананын жабдыктары ата-энелердин жардамы менен жаңыртылды. 1-4-класска чейинки окуучулардын ата-энелери жалпысынан 10 200 сом чогултушуп, бул каражатка ашкана үчүн нан салгыч, тамак …
Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында калкты биометрикалык каттоо 12-ноябрда башталып, учурда 184 киши каттоодон өттү. Маанилүү бул кампаниянын жүрүшү жөнүндө Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Турусбеков маалымат берди.
Баткен Мамлекеттик Университетинде институттар жана колледждер арасында 17-ноябрь күнү достук фестивалы болуп өттү. Фестивалдын максаты жаштардын талантын өркүндөтүү менен улуттар аралык достукту чыңдоо.
2014-жылдын 18-19-ноябрь күндөрү Кара-Кол шаарында Ысык-Көл облусундагы айыл аймактардын кызматкерлери жана адистери үчүн “Жамааттык ЖМКлар – жарандык коомдун өнүгүшүнө өбөлгө” аталышындагы семинар уюштурулду. Окуу Бишкек шаарында жайгашкан Өнүктүрүү саясат институту …
Тогуз-Торо Жалал-Абад облусунун эң алыскы жолу катаал, тоолуу аймакта жайгашкан. Жылдын октябрь айынан тартып июнь айына чейин Тогуз-Торо аймагынан Жалал-Абад шаарына каттоочу жол толугу менен жабылат. Аталган кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабастан …
2013-жылы Улахол айыл аймагынын атынан Өнүктүрүү саясат институту жарыялаган жергиликтүү демилге кичи сынагына катышып, 1млн сомдук грант утуп алган. Грантка жергиликтүү бюджеттен 430000 сом накталай акча кошулуп тендер аркылуу МТЗ-82 …
Түп районунун Тогуз-Булак айылында 2006-жылдан бери жамааттар уюшулуп өз ишмердүүлүгүн алып барышууда. Азыркы учурда толук кандуу 14 жамаат иштейт. Ал жамааттардын бири “Чебер” жамааты жөнүндө аталган жамааттын мүчөсү Анара Жамакеева …
XX кылымдын Гомери аталган биздин улуу манасчыбыз Саякбай Каралаевдын 120 жылдыгына карата Талас облусунун Бакай-Ата айылында ар кандай иш-чаралар уюштурулууда. 1935-жылдан тарта Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосунун жазуу иши …