Абдылда Аралбаев мектеби 2030 долбоорунун алкагында атайын иш пландар түзүлүп, алар ишке аша баштады.
Ак-Талаа районундагы мектеп окуучулары күзгү каникулду учурдагы пандемиялык кырдаалга карабай пайдалуу жана кызыктуу өткөрүштү. Айрымдары ар кандай ийримдерге катышса, ЖРТга даярданып, билимин тереңдеткен окуучулар дагы жок эмес.
Мадина бул окуяга кезиккенден кийин турмушка болгон көз карашы өзгөрүп, максаттары да өзгөргөн.
Абанын сууктагандыгына байланыштуу сасык тумоо дагы күч алды. Окуучулардын саламаттыгы туруксуз болгондуктан, К.Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектеби аралыктан окутууга өткөн.
Баетов айылындагы «Алтын муун-Наристе» бала бакчасында балдардын ден соолугун чыңдоого кам көрүү, тазалыкка үйрөтүү менен ар тараптуу өнүктүрүп, адеп-ахлакка тарбиялоо максатында облустук семинар өткөрүлдү.
Чүй облусунун Сокулук районунун Новое айылындагы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинде «Көңүл бургула балдар» деген теманын негизинде жол эрежелерин билип алууга арналган атайын иш — чара болуп өттү. Иш- чара Сокулук …
Күз мезгилинин акырыкы айында адатка айлангандай бала бакча, мектептерде «Алтын күз», «Түшүм майрамы», «Күзгү кеч»-деген сыяктуу ар кандай аталыштагы майрам белгиленет. Адатта ар бир окуучу буга майрамдык концерттен сырткары колго …
Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун аймагында жашаган аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди.
Быйылкы жылда Covid-19 пандемиясынын оор кырдаалына карабастан, көптөгөн кызыктуу спорттук иш-чаралар болуп өтүүдө.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында жайгашкан Абдылда Аралбаев атындагы мектеп окуучулары арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке пандемиянын шарттарын эске алуу менен жогорку класстарын окуучулар арасында гана өткөрүлдү.
Кыргызстанда балдар арасындагы оорулардын эң жогорку тепкичинде аз кандуулук, андан кийин психикалык-неврологиялык оорулар турат.
Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы «Садык — Ата» балдар бакчасында жалпы 100 тарбиялануучулар билим алып, 28 адам жумуш орду менен камсыз болушкан. 2021-2022-окуу жылында балдарды бала бакчага кабыл алуу 15-сентябрдан …
2019-2020-окуу жылдарында «Соң-Көл» орто мектебинде алыскы Америкадан Коди Ариго аттуу ыктыярчы келип иштеген. КОВИД-19 илдети чыгып, тилекке каршы Коди Ариго мөөнөтүнөн мурда өз өлкөсүнө кайтууга муктаж болгон. Бирок быйыл жай …
Мээрим Осмоналиева Oasis фондунун директору. Ал иш алып барган уюм Бишкектеги аярлуу топтогу балдарды социалдаштыруу жана интеграциялоо менен алектенет. Ал дүйнөгө атагы чыккан Оксфорд университетине гана эмес, башка университеттерге дагы …
Кыргызстанда 2020-жылы 158 миң бала жарыкка келген. Алардын ар бир бешинчиси никеси расмий катталбаган үй-бүлөдө төрөлгөн жана алар атасыз чоңоюп жатышы мүмкүн экени айтылат. Ошондой эле өлкөдө ар бир бешинчи …
Коомдо агресивдүү, зордук-зомбулук көп орун албай бактылуу өзүнө ишенген, эмоционалдык жактан туруктуу балдарды өстүрүү үчүн алардын тарбиясына көңүл буруу керек. Учурдун талабына ылайык позитивдүү тарбиялоо маанилүү. Психолог Зейне Кубайбергенова бул …
«Энелер мектебинин» негиздөөчүсү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов Баткен облусунун Лейлек районунан Кочкор айылына жолугушуу өткөрүүгө келди.
Психолог-психаналитик Карлыгаш Акимкулова ымыркай балдар тили чыга элек болгону менен муктаждыктарын, сезимдерин денеси менен айтарын белгилейт. Башкача айтканда көп оорушу мүмкүн. Өзгөчө ата-эне баланы жакындарына таштап кеткен учурда. Алар баланын …
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы жаштар демилге көтөрүп, токойдогу таштандыларды тазалоо боюнча акция уюштурду.