Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебиндеги окуучулардын 30 пайызы сасык тумоонун айынан сабакка келбей жатышат.
Бакай-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жылгаяктын сезону ачылды. Ал жерде көбүнчө мектеп окуучулары эс алышат.
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында мектеп оокуучулары жана айыл тургундары үчүн табигый кырсык болгон учурда кантип биринчи жардам көрсөтүү керек экени боюнча атайын окуу болуп өттү.
Бакай-Ата райондук жалпы медициналык тейлөө борборуна Кыргызстандагы Жапон элчилигинин донордук долбоорунун алкагында медициналык жабдыктар берилди.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Э. Карасартов мектеби республикалык бюджеттен каржыланып, 2014-жылдын 2-ноябрында типтүү мектептин капсуласы салынган. Курулуштун бүтүшү 2016-жылдын октябрь айына пландаштырылган, бирок каражат бөлүнбөгөндүктөн токтоп турат.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде орус тилиде 3-класстар танапис коюшту. Аталаган танаписте окуучулар орусча сүйлөп өздөрүнун ар кандай таланттарын көрсөтүп жатышты.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Разъезд айылында АРИСтин долбоору менен мектеп курулууда. Бул туурасында аталган уюмдун Баткен облусу боюнча адиси Алтынбек Жакыпов билдирди.
Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы мектебинде 1-класстардын окуучуларына ачык сабак өтүлдү. Сабак кичине бөбөктөр менен өтүлгөндүктөн кызыктуу болгонун айтышты.
Түп районуна караштуу Тасма айылында балдар бакчасы ачылды. Учурда бакча ата-энелер тарабынан каржыланып жатат.
«Балакай» театры мультфильм каармандары менен өзгөчөлөнүп Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы балдардын көңүлүн бурду.
Сумбулада жөлөкпул алуучулардын саны жылдан жылга азаюуда. Бул тууралуу айыл өкмөттүн социалдык кызматкери Кутмат Убайдуллаев билдирди. Айтымында, жөлөкпул алуучулардын санынын азайганынын себеби элдин жашоо шарты жакшы нукка өзгөргөнү менен байланыштуу.
Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебиндеги Ак-тилек балдар уюмуна кирген окуучулар үчүн алтынчы күндөрү лагерче ачылды. Лагердин эң башкы артыкчылыгы — бекер болгондугу.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин окуучусу “Эң мыкты кат 2016” сыйлыгынын ээси болду. Ал сынакка «Үркүн» туурасында жазган каты менен катышкан.
Куланак айылындагы Жеңиш Султанова атындагы ооруканада сентябрь айынан бери уланып келген текшерүү толугу менен аяктады. Бул тууралуу аталган оорукананын клиникалык жетекчиси Сайрабүбү Асанова менен маектештик.
Кызыл-Жылдыз айылында таза суу жок болгондуктан айыл эли Он-Арча, Оттук агын сууларын ичүүгө мажбур.
М. Иманалиев атындагы орто мектебинде 350 окуучу билим алат. Аларга 9 класс кабинети туура келет. Класстык бөлмө жетишпегендиктен окууучулар үч убакка бөлүнүп окуп жатышат.
Кызыл-жылдыз айылындагы М .Иманалиев атындагы орто мектепке 110тонна көмүр келип биринчи түшкөн. Бирок көмурдун сапаты начар болгондугуна байланыштуу кышка жетпейт деген коркунуч болууда.
Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну М. Иманалиев атындагы орто мектебинин эмгекке үйрөтүү сабагынын мугалими Алмаз Садыков көптөгөн жетишкендиктерге жетишип келүүдө.
Лейлек районунун Андарак айылында сарык оорусу август-сентябрь айында көбөйүп кеткен болчу. Учурда оорунун алды алынып, сарык оорусу азайып жатканын айтат айылдык дарыгер.
«Учкунстан» жамааттык мультимедиа борбору ачылгандан тартып көптөгөн кичинекей окуучулардын журналистика тармагына кызыгуусу артты. Себеби Kloop.kgнин журналистика мектебинде окуп келген жаңы тренерлер окуучуларга сабак өтүп, аларга коом менен байланышып жаңылыктарды даярдоого шарт …